Жезекиел 8:1—18
8 Алтынчы жылдын* алтынчы айында, айдын бешинчи күнүндө мен үйүмдө отургам, алдымда жүйүт аксакалдары отурган. Ошондо мага Эгедер Теңир Жахабанын күчү таасир этти.
2 Мен от сыяктуу бирөөнү көрдүм. Анын белиндей көрүнгөн жеринен ылдый от күйүп,+ белинен өйдө алтын менен күмүштүн эритиндисиндей жаркырап жатты.+
3 Анан ал колго окшогон бир нерсени сунуп, мени чачыман алды. Ошондо аянда рух* мени асман менен жердин ортосу менен көтөрүп барып, Иерусалимдеги түндүктү караган ички дарбазанын алдына,+ Кудайдын каарын кайнаткан буркан* турган жерге, алып барды.+
4 Ал жерден Ысрайыл Кудайынын өрөөндөн көргөн даңкына окшош даңкын көрдүм.+
5 Ал мага: «Адам уулу, түндүккө көз чаптырчы»,— деди. Мен түндүккө көз чаптырып, курмандык жайына кире турган дарбазанын түндүк жагынан, кире бериштен каарды кайнаткан* бурканды көрдүм.
6 Анан ал мага: «Адам уулу, ысрайылдыктардын кандай жийиркеничтүү, төбө чачты тик тургузган нерселерди кылып жатканын көрдүңбү?+ Ушул иштеринен улам мен ыйык жайымдан алыстадым.+ Бирок мындан да жийиркеничтүү нерселерди көрөсүң»,— деди.
7 Андан соң ал мени короонун кире беришине алып барды. Дубалдан бир тешикти көрдүм.
8 Ошондо ал мага: «Адам уулу, дубалдагы тешикти чоңураак кылып ой»,— деди. Мен дубалды оюп, бир кире беришти көрдүм.
9 Анан ал: «Кирип, ал жерде кандай жаман, жийиркеничтүү нерселер жасалып жатканын көр»,— деди.
10 Мен кирип, бүт дубалга ар кандай сойлоочулардын, арам жаныбарлардын сөлөкөтүнүн,+ ысрайыл элинин бүт жийиркеничтүү буркандарынын*+ оюлуп түшүрүлгөнүн көрдүм.
11 Алардын алдында ысрайыл элинин 70 аксакалы туруптур, арасында Шапандын+ уулу Жазания да бар экен. Ар бири колуна жыпарзат түтөтүлчү идиш кармап туруптур. Жыпарзаттын коюу түтүнү жогору көтөрүлүп жатты.+
12 Анан ал мага: «Адам уулу, ысрайыл элинин аксакалдарынын караңгыда, ар бири өзүнүн буркандары оюлуп түшүрүлгөн ички бөлмөлөрдө эмне кылып жатканын көрдүңбү? Алар: „Жахаба бизди көрбөйт. Жахаба бул жерди таштап кетти“,— деп жатышат»,— деди.+
13 Андан кийин: «Булардыкынан да ашып түшкөн жийиркеничтүү нерселерди көрөсүң»,— деди.
14 Ал мени Жахабанын ибадатканасынын түндүк дарбазасынын кире беришине алып барды. Ал жерден Таммуз кудайын жоктоп ыйлап отурган аялдарды көрдүм.
15 Ошондо ал мага: «Адам уулу, муну көрдүңбү? Эми мындан да жийиркеничтүү нерселерди көрөсүң»,— деди.+
16 Анан мени Жахабанын ибадатканасынын ички короосуна алып барды.+ Жахабанын ибадатканасынын кире беришинде, мунара менен курмандык жайынын ортосунда 25тей киши Жахабанын ибадатканасына далысын салып, жүзүн чыгышка буруп, чыгыштагы күнгө таазим кылып жатышыптыр.+
17 Ал мага: «Адам уулу, көрдүңбү? Ушундай жийиркеничтүү нерселерди кылганы аз келгенсип, жүйүттөр жерди зордук-зомбулукка толтуруп,+ мени капалантып жатышат. Мурдума жийиркеничтүү нерсесин* сунуп жатышат.
18 Ошондуктан аларга каарымды төгөм. Аябайм, боорум оорубайт.+ Кулагыма катуу кыйкырышса да, укпайм»,+— деди.
Шилтемелер
^ Жаякин падыша, Жезекиел жана башка жүйүттөр туткундалып кеткенден кийинки алтынчы жыл. (Кара: Жезекиел 1:2.)
^ Бул жерде колдонулган еврей тилиндеги сөз Кудайдын ыйык рухун же периштени билдириши мүмкүн.
^ Сөзмө-сөз: «кызганычты ойготкон кызганыч бурканы».
^ Же: «кызганычты ойготкон».
^ Сыягы, бул жерде колдонулган еврей тилиндеги сөз «заң» деген сөз менен тектеш жана жийиркенүү сезимин билдириш үчүн колдонулат.
^ Сөзмө-сөз: «таягын». Сыягы, ал таяк бурканга табынганда колдонулган.