Жезекиел 9:1—11

  • Кыйрата турган куралы бар 6 киши, сыя куюлган челеги бар 1 киши (1—11)

    • Өкүм ыйык жайдан ишке ашырыла баштайт (6)

9  Андан соң анын үнүн бийик чыгарып: «Шаарды жазалаганы чыккандарды чакыргыла. Ар бири колуна кыйрата турган куралын алып келсин!» — дегенин уктум. 2  Ошондо түндүктү караган жогорку дарбаза+ жактан ар биринин колунда кыйрата турган куралы бар 6 киши келатканын көрдүм. Арасында зыгыр кийимчен, куруна катчынын* сыя куюлган челегин кыстарып алган бир киши бар экен. Алар ичкери кирип, жез курмандык жайынын жанына токтошту.+ 3  Анан Ысрайыл Кудайынын даңкы+ керуптардын* үстүнөн ибадаткананын босогосуна келди.+ Анан Кудай белине катчынын сыя челегин кыстарып алган зыгыр кийимчен кишини чакырды. 4  Жахаба ал кишиге: «Иерусалим шаарын аралап, андагы бардык жийиркеничтүү иштерден+ улам үшкүрүнүп, онтоп жаткан кишилердин+ маңдайына белги коюп чык»,— деди. 5  Анан калгандарына: «Мунун артынан баргыла да, шаарды аралап, элди кыргыла. Эч кимди аябагыла, бооруңар оорубасын.+ 6  Карыяларды, улан-кыздарды, кичинекей балдарды, аялдарды — баарын өлтүргүлө.+ Бирок маңдайында белгиси бар бир да кишиге тийбегиле.+ Менин ыйык жайыман баштагыла»,— дегенин уктум.+ Алар ибадаткананын алдында турган аксакалдардан баштады.+ 7  Анан Кудай аларга: «Ибадаткананы арамдагыла, короолорду өлүккө толтургула.+ Жөнөгүлө!» — деди. Алар барды да, шаардагыларды кыра баштады. 8  Элди кырып жатышканда, мени гана аман калтырышты. Ошондо жүзтөмөндөп жыгылып: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба! Иерусалимге каарыңды төгүп, ысрайыл элинин калдыгын биротоло кырып таштайсыңбы?» — деп кыйкырып жибердим.+ 9  Ошондо ал мага: «Ысрайыл менен Жүйүттүн элинин күнөөсү оор, өтө оор.+ Жер канга, шаар адилетсиздикке толду.+ Алар: „Жахаба бул жерди таштап кетти, Жахаба эч нерсе көрбөйт“,— деп жатышат.+ 10  Ошон үчүн аларды аябайм, боорум оорубайт.+ Аларга кылган иштеринин кесепетин тарттырам»,— деди. 11  Анан белине катчынын сыя челегин кыстарып алган зыгыр кийимчен кишинин кайтып келгенин көрдүм. Ал: «Мен бардыгын сен буйругандай кылдым»,— деди.

Шилтемелер

Же: «көчүрмөчүнүн».
Жогорку даражалуу периштелер.