Жеремия 1:1—19

  • Жеремия пайгамбар болуп дайындалат (1—10)

  • «Бадам дарагынын бутагын көрөт» (11, 12)

  • «Кайнап жаткан казан» (13—16)

  • Кудай Жеремияга дем-күч берет (17—19)

1  Бенжемин уруусунун жериндеги Анатотто+ жашаган дин кызматчылардын бири Хилкиянын уулу Жеремиянын* сөздөрү. 2  Мага Жүйүт падышасы Амон+ уулу Жошиянын+ күндөрүндө, анын падышалыгынын он үчүнчү жылында Жахаба* сүйлөдү. 3  Ал мага Жүйүт падышасы Жошия уулу Жаякимдин+ күндөрүндө, Жүйүт падышасы Жошия уулу Ситкиянын+ он биринчи жылынын акырына чейин, Иерусалимдин тургундары бешинчи айда туткунга кеткенге чейин,+ улам сүйлөп турду. 4  Жахаба мага:  5  «Мен сени энеңдин ичинде калыптай электе эле билчүмүн*.+ Сени төрөлө элегиңде эле тандап алгам*.+ Элдерге пайгамбар кылып койгом»,— деди.  6  Бирок мен: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба! Мен кантип сүйлөштү билбейм,+ өтө эле жашмын»,+— дедим.  7  Ошондо Жахаба мага: «„Өтө эле жашмын“,— дебе. Сени кимдерге жиберсем, ошолордун баарына барасың,Эмнени буйрук кылсам, ошонун баарын айтасың.+  8  Аларды көрүп коркпо,+Анткени сени куткарыш үчүн мен сени менен болом.+ Муну мен, Жахаба, айттым»,— деди. 9  Анан Жахаба колун сунуп, оозума тийгизди.+ Жахаба мага: «Мына, мен сөздөрүмдү оозуңа салдым.+ 10  Тамыры менен жулуш үчүн, талкалаш үчүн, жок кылыш үчүн, кыйратыш үчүн, куруш үчүн, тигиш үчүн бүгүн сени элдердин, падышалыктардын үстүнөн койдум»,— деди.+ 11  Жахаба мага дагы кайрылып: «Жеремия, эмнени көрүп жатасың?» — деп сурады. Мен: «Бадам дарагынын* бутагын көрүп жатам»,— дедим. 12  Жахаба: «Туура. Себеби мен сөзүмдү аткарыш үчүн ойгоо* турам»,— деди. 13  Жахаба менден экинчи ирет: «Эмнени көрүп турасың?» — деп сурады. Мен: «Кайнап жаткан казанды* көрүп турам. Анын түндүк жагы бир аз көтөрүлүп, түштүккө ооп турат»,— дедим. 14  Ошондо Жахаба мага мындай деди: «Бул жердин тургундарынын баарына түндүктөн алаамат келет.+ 15  Себеби: „Мен түндүктөгү падышалыктардын бүт урууларын чогултуп жатам,— дейт Жахаба.+ Алар келип, падышаларынын ар бири Иерусалимдин дарбазаларынын жанына тактыларын коюшат,+Аны курчаган бардык дубалдарга,Жүйүт жериндеги бардык шаарларга сокку урушат.+ 16  Мен элиме бардык жаман иштери үчүн чыгарган өкүмдөрүмдү жарыялайм,Анткени алар мени таштап кетишти,+Башка кудайларга курмандык чалып*,+Колу менен жасаган нерселерине таазим кылып келатышат“.+ 17  Сен болсо даярдан да,Аларга барып, сага буйруганымдын баарын айт. Алардан коркпо, үрөйүң учпасын,+Болбосо алардын алдында үрөйүңдү мен учурам. 18  Бүт өлкөгө, Жүйүттүн падышаларына,Төрөлөрүнө, дин кызматчыларына,+Бул жердин элине туруштук бере алышың үчүн,Бүгүн сени чептүү шаардай, темир мамыдай, жез дубалдай кылып койдум.+ 19  Алар сени менен күрөшөт,Бирок жеңе албайт. Анткени сени куткарыш үчүн мен сени менен болом.+ Муну мен, Жахаба, айттым».

Шилтемелер

Сыягы, «Жахаба жогорулатат» дегенди билдирет.
Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.
Же: «бөлүп койгом».
Же: «ыйыктагам».
Сөзмө-сөз: «ойгоо турган». Жазында биринчилерден болуп гүлдөгөн дарактардын бири.
Еврей тилиндеги «бадам дарагы» деген сөз айкашы менен «ойгоо туруу» деген сөз айкашы уңгулаш.
Же: «чоң казанды».
Же: «курмандык түтүнүн түтөтүп».