Жеремия 13:1—27

  • Чирип калган зыгыр кур (1—11)

  • Шарап куюлган кумаралар талкаланат (12—14)

  • Оңолгус Жүйүттүн эли туткунга кетет (15—27)

    • «Куштук киши терисинин өңүн... өзгөртө алабы?» (23)

13  Жахаба мага: «Бар да, зыгыр кур сатып алып, белиңе курча, бирок ага суу тийгизбе»,— деди. 2  Ошондо Жахабанын сөзү боюнча кур сатып алып, белиме курчадым. 3  Жахаба мага экинчи ирет кайрылып: 4  «Белиңдеги сатып алган куруңду ал да, Эфрат дарыясына бар, анан курду асканын жаракасына катып кой»,— деди. 5  Мен барып, Жахаба буйрук кылгандай, курду Эфраттын жээгине катып койдум. 6  Көп күндөн кийин Жахаба мага: «Тур, Эфратка бар да, ал жерден буйругум боюнча катып койгон куруңду кайра ал»,— деди. 7  Ошондо Эфратка барып, курду катылган жеринен казып алдым. Кур чирип, эчтекеге жарабай калыптыр. 8  Анан Жахаба мага мындай деди: 9  «„Жүйүттүн текебердиги менен Иерусалимдин ашынган текебердигин ушинтип чиритем,+— дейт Жахаба.— 10  Айткандарымды аткарбай,+ тоң моюндук кылып, жүрөгүнүн каалоосу боюнча иш кылган,+ башка кудайларга сыйынып, кызмат кылып, таазим этип жүргөн бул бузулган эл эчтекеге жарабай калган ушул курдай болот“. 11  „Киши курду бекем тартып, белине курчангандай эле, мен бүт Ысрайылдын эли менен бүт Жүйүттүн элин өзүмө тартып жакындаткам,— дейт Жахаба.— Алар менин элим,+ атагым,+ даңкым, көркүм болсун дегем, бирок алар тил алган жок“.+ 12  Аларга: „Ысрайылдын Кудайы Жахаба: “Чоң кумаралардын баарына шарап толтурулат”,— дейт“,— деп айт. Алар сага: „Биз, эмне, чоң кумаралардын баарына шарап толтуруларын билбейт бекенбиз?“ — дешет. 13  Ошондо аларга мындай де: „Жахаба: “Чоң кумараны шарапка толтургандай эле, мен бул жердин бардык тургундарын,+ Дөөтүнүн тактысында отурган падышаларды, дин кызматчылар менен пайгамбарларды, Иерусалимдин бардык тургундарын мас болгуча шарапка тойгузам”,— дейт“. 14  „Мен аларды бири-бирине кагыштырып талкалайм, аталарын да, уулдарын да кагыштырам,— дейт Жахаба.+— Боор оорубайм, аларды ойлоп кайгырбайм, эч аябайм; аларды жок кылам, мени эч нерсе токтото албайт“.+ 15  Уккула, кулак салгыла. Бой көтөрбөгүлө, себеби Жахаба сүйлөп жатат. 16  Жахаба Кудайыңар караңгылык каптата электе,Күүгүмдө тоолордон чалына элегиңерде,Аны даңктагыла. Силер жарыкты күтөсүңөр,Бирок ал чылк караңгылык каптатат;Жарыкты коюу караңгылыкка айлантат.+ 17  Эгер укпай турган болсоңор,Текебердигиңердин айынан жашыруун ыйлайм. Жахабанын отору+ туткундалып кеткенин көрүп,Көз жашым көл болуп, токтобой куюлат.+ 18  Падыша менен анын энесине*:+ „Төмөнүрөөк отургула,Анткени башыңардагы кооз таажы алынат“,— деп айт. 19  Түштүктөгү шаарлар жабылды*, аларды ача турган эч ким жок. Жүйүттүн бүт эли туткунга кетти, бүт бойдон туткундалып кетти.+ 20  Башыңды көтөрүп*, түндүктөн келаткандарды кара.+ Сага тапшырылган отор кайда, сонун-сонун койлоруң кайда?+ 21  Башынан жакын көргөн досторуң сени жазалаганда, эмне дээр экенсиң?+ Төрөп жаткан аялдай кыйналбай коёсуңбу?+ 22  Ошондо ичиңен: „Эмнеге ушунун баары башыма түштү?“ — дегениңде+Күнөөлөрүңдүн көптүгүнүн айынан этегиң ачылганын,+Согончогуң катуу ооруганын билип кой. 23  Куштук* киши терисинин өңүн же кабылан темгилдерин өзгөртө алабы?+ Өзгөртө алса, анда жамандык кылып көнгөн силер деле жакшылык кыла алмаксыңар. 24  Ошон үчүн мен силерди чөлдүн шамалы учурган самандай кылып туш тарапка чачыратып жиберем.+ 25  Мына ушуну көрөсүң, менден алган үлүшүң ушул болот,— дейт Жахаба,— Себеби мени унутуп койдуң,+ сен калпка таянасың.+ 26  Ошон үчүн этегиңди бетиңе жабам,Ошондо уяттуу жериң көрүнөт,+ 27  Ойноштук кылып жүргөнүң,+ күүлөгөн жылкыдай кишенегениң,Жийиркеничтүү* сойкулугуң билинет. Сенин жийиркеничтүү иштериңди көрдүм,+Адырлардан, талаалардан көрдүм. Оо, Иерусалим, башыңа каран түн түшөт! Качанга чейин ушинтип таза эмес бойдон жүрө бересиң?»+

Шилтемелер

Же: «айымга».
Же: «курчоого алынды».
Сыягы, Иерусалимге айтылып жатат.
Же: «Эфиопиялык».
Же: «Уятсыздык менен кылган».