Жеремия 14:1—22

  • Кургакчылык, ачарчылык, кылыч (1—12)

  • Кудай жалган пайгамбарларга өкүм чыгарат (13—18)

  • Жеремия элдин күнөөлөрүн мойнуна алат (19—22)

14  Жахабанын Жеремияга кургакчылык жөнүндө айткан сөзү:+  2  Жүйүт аза күтүп жатат,+ дарбазалары кыйрап калды. Алар кайгыга батып, жерге чөктү. Иерусалимден боздогон үн угулуп жатат.  3  Кожоюндары кызматчыларын* сууга жумшаса,Кызматчылары кудуктарга* барып, суу таппай,Бош идиштерин көтөрүп кайтып жатышат. Уят болуп, көңүлдөрү кайт болуп,Баштарын жаап алышкан.  4  Жерге жамгыр жаабай,Кыртышы жарылды,+Дыйкандар кайгырып, баштарын жаап алышкан.  5  Көк чөп жок болгондуктан,Атүгүл талаадагы марал да жаңы туулган чаарчыгын таштап кетип жатат.  6  Жапайы эшектер такыр адырларда турушат. Чөөлөргө окшоп, оор дем алып жатышат;Чөп жок болгондуктан, көздөрү тунарды.+  7  Күнөөлөрүбүз өзүбүзгө каршы күбөгө өтүп жатса да,Оо, Жахаба, өз ысмың үчүн бизге жардам бере көр.+ Биз көп жолу сага берилгендигибизди сактабай,+Өзүңө каршы күнөө кылып келдик.  8  Оо, Ысрайылдын үмүтү, кыйын кезеңде Куткаруучусу,+Сен эмнеге бул жерде келгиндей,Түнөш үчүн эле токтогон жолоочудай болуп калдың?  9  Эмнеге дал болуп туруп калган кишидей,Элин куткара албаган баатырдай болуп калдың? Жахаба, сен биздин арабыздасың,+Биз сенин ысмың менен аталабыз.+ Бизди таштай көрбө. 10  Жахаба бул эл жөнүндө: «Алар тентигенди жакшы көрүшөт,+ буттары тынбайт.+ Ошон үчүн мен, Жахаба, аларды жактырбайм.+ Эми алардын кылмышын эстейм, күнөөлөрү үчүн жоопко тартам»,— дейт.+ 11  Анан Жахаба мага: «Менден бул элге жакшылык тилебе.+ 12  Орозо тутушканда, мен алардын жалынычын укпайм.+ Бүтүндөй өрттөлчү курмандык чалып, дан азыктарынан тартуу алып келишкенде, жактырбайм.+ Аларды кылыч, ачарчылык, жугуштуу оору* менен кырам»,— деди.+ 13  Ошондо мен: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба! Пайгамбарлар аларга: „Силер кылычты да, ачарчылыкты да көрбөйсүңөр, Кудай силерди ушул жерде чыныгы тынчтыкка бөлөйт“,— деп жатышат»,+— дедим. 14  Жахаба болсо мага мындай деди: «Ал пайгамбарлар менин атыман жалган нерселерди айтып жүрүшөт.+ Мен аларды жиберген эмесмин, аларга эч кандай буйрук берген эмесмин, сүйлөгөн да эмесмин.+ Алардын силерге айткандары — жалган аян, калп төлгө, өз ойлорунан чыгарган калпы.+ 15  Ошондуктан Жахаба мындай дейт: „Мен жибербесем да, менин атыман сүйлөп: “Бул жерге кылыч да, ачарчылык да келбейт”,— деп жүргөн пайгамбарлар кылычтан, ачарчылыктан өлөт.+ 16  Алардын айткандарына кулак каккан эл да ачарчылыктан, кылычтан сулап, өлүктөрү Иерусалимдин көчөлөрүнө ташталат. Аларды да, алардын аялдарын да, уул-кыздарын да эч ким көмбөйт.+ Аларга иштерине жараша тиешесин берип, башына мүшкүл түшүрөм“.+ 17  Сен аларга: „Көзүмөн күнү-түнү жаш куюлуп, токтобосун,+Себеби элиме* катуу сокку урулуп, катуу кыйрады,+Өтө оор жаракат алды. 18  Талаага чыксам — кылычтан кырылгандар!+ Шаарга кирсем — ачарчылыктын азабын тарткандар!+ Пайгамбары да, дин кызматчысы да өздөрү билбеген бөтөн жерде темселеп жүрөт“,— деп айт».+ 19  Сен Жүйүттү биротоло четке кактыңбы? Сионду жек көрүп калдыңбы?+ Эмнеге бизге жараатыбыз айыкпагыдай кылып сокку урдуң?+ Тынчтыкты күткөн элек, бирок эч жакшылык көргөн жокпуз,Айыгар маалды күткөн элек, бирок коркунуч басты!+ 20  Оо, Жахаба, биз ыймансыз иштерди кылганыбызды,Ата-бабаларыбыздын да күнөөлөрүн мойнубузга алабыз. Себеби биз өзүңө каршы күнөө кылдык.+ 21  Өз ысмың үчүн бизди четке какпа;+Даңктуу тактыңды жек көрбө. Биз менен түзгөн келишимиңди эстей көр, аны буза көрбө.+ 22  Башка элдердин пайдасыз буркандары жаан жаадыра алабы? Же асман өзүнөн өзү нөшөр төгө алабы? Оо, Жахаба Кудайыбыз, муну кылган жалгыз сен эмессиңби?!+ Биз сага үмүт артабыз,Себеби мунун баарын сен гана кыласың.

Шилтемелер

Же: «карапайым кишилерин».
Же: «суу сакталчу чуңкурларга».
Же: «кылыч, ачарчылык, оору».
Сөзмө-сөз: «элимдин кызына».