Жеремия 16:1—21
16 Жахаба мага дагы кайрылып, мындай деди:
2 «Аял алба, бул жерде уулдуу да, кыздуу да болбо.
3 Себеби Жахаба бул жерде төрөлгөн уул-кыздар жөнүндө, алардын энелери менен аталары жөнүндө:
4 „Алар каргашалуу оорулардан өлөт.+ Бирок аларды эч ким жоктоп ыйлабайт, көмбөйт; алар жер үстүндөгү кыктай болот.+ Кылычтан, ачарчылыктан кырылып,+ өлүктөрү куштар менен айбанаттарга жем болот“,— дейт.
5 „Аза күтүп, тамак берип жаткан үйгө кирбе,Ал жакка ыйлап барба, көңүл айтпа“,— дейт Жахаба.+
„Себеби мен бул элди тынчтыктан ажыраттым,Эми аларды сүйүүмө* бөлөбөйм, аларга кайрымдуулук кылбайм,— дейт Жахаба.+—
6 Даражасы бийиктери да, карапайымдары да ушул жерде өлөт.
Алар көмүлбөйт,Эч ким аларды жоктоп ыйлабайт,Алар үчүн аза күтүп денесин кескилебейт, чачын кырбайт*.
7 Эч ким аза күткөндөргө тамак берип,Аларды сооротпойт;Атасын же энесин жоготкондор ичип сооронушу үчүн,Аларга эч ким шарап куюлган чөйчөк бербейт.
8 Той өткөрүлүп жаткан үйгө да кирбе,Ал жактагылар менен отуруп ичип-жебе“.
9 Анткени Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Мен силердин күндөрүңөрдө, силердин көз алдыңарда бул жерде кубаныч менен шаттыктын, күйөө менен колуктунун үнү угулбай калгыдай кылам“,— дейт.+
10 Сен бул элге ушулардын баарын айтканда, алар: „Жахаба эмнеге башыбызга ушунчалык чоң алаамат түшөрүн айтты? Биз Жахаба Кудайыбызга каршы кандай кылмыш, кандай күнөө кылыптырбыз?“ — дешет.+
11 Ошондо аларга мындай де: „Ата-бабаларыңар мени таштап кетишкен,+— дейт Жахаба.— Башка кудайларга сыйынып, кызмат кылып, аларга таазим кылып жүрүшкөн.+ Алар мени таштап кетишкен, мыйзамдарыма карманышкан эмес.+
12 Силер болсо ата-бабаларыңардан ашып түштүңөр.+ Мага баш ийбей, тоң моюндук кылып, ар бириңер бузулган жүрөгүңөрдүн каалоосу боюнча жүрөсүңөр.+
13 Ошон үчүн силерди бул жерден өзүңөр да, ата-бабаларыңар да билбеген жерге кууп жиберем.+ Ошол жакта башка кудайларга күнү-түнү кызмат кыласыңар,+ себеби силерге ырайым кылбайм“.
14 „Анткен менен алар: “Ысрайыл элин Мисир жеринен алып чыккан тирүү Кудай+ Жахабаны оозанып ант берем!” — деп айтпай кала турган күндөр келатат,— дейт Жахаба.—
15 Анын ордуна: “Ысрайыл элин түндүк жеринен, аларды чачыратып жиберген бардык жерлерден алып чыккан тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант берем!” — деп калышат. Мен аларды ата-бабаларына берген жерге кайра алып келем“.+
16 „Мен көптөгөн балыкчыларды чакыртып жатам,— дейт Жахаба.—
Балыкчылар аларды кармашат.
Андан кийин көптөгөн аңчыларды чакыртам,Аңчылар аларга бардык тоолордо, адырларда,Аскалардын жаракаларында аңчылык кылышат.
17 Себеби мен алардын кылгандарынын баарын көрүп турам.
Алар менден жашына алышпайт,Кылмыштары да менден жашыруун эмес.
18 Баарынан мурда, бүт кылмыштары, бүт күнөөлөрү үчүн аларга тиешесин толук берем.+
Себеби алар көңүл иренжиткен жансыз буркандары менен жеримди арамдашты,Менчигимди жийиркеничтүү нерселерине толтурушту“».+
19 Оо, Жахаба, менин күч-кубатым, чебим,Кырсык баскан күнү жашына турган жайым,+Сага жердин учу-кыйырынан элдер келип:
«Ата-бабаларыбыз жалган кудайларга сыйынууну* мурасташкан,Убаракерчиликти, эч кандай пайдасы жок нерселерди мурасташкан»,— дешет.+
20 Пенде өзүнө кудайларды жасай алабы?
Жасаса да, алар чыныгы кудайлар эмес.+
21 «Ошон үчүн аларга өзүмдү таанытам,Ошол убакта күчүмдү, кудуретимди көрсөтөм,Алар менин ысмым Жахаба экенин билишет».
Шилтемелер
^ Же: «туруктуу сүйүүмө».
^ Башка кудайларга сыйынгандар аза күткөндө карманган салттар жөнүндө сөз жүрүп жатат. Аларга, сыягы, Кудайдын жолунан четтеп кеткен ысрайылдыктар карманса керек.
^ Же: «жалгандыкты».