Жеремия 18:1—23
18 Жахаба Жеремияга:
2 «Тур да, карапачынын үйүнө бар.+ Айтар сөзүмдү ошол жактан угасың»,— деди.
3 Мен карапачынын үйүнө бардым, карапачы чыгырыгын иштетип жатыптыр.
4 Ал чоподон жасап жаткан идишин бузуп алды. Анан ошол чоподон өзү туура көргөн башка идиш жасады.
5 Ошондо Жахаба мага мындай деди:
6 «„Оо, ысрайыл эли, мен силерди ушул карапачы кылгандай кыла албайт бекем? — дейт Жахаба.— Ысрайыл эли, силер менин колумда карапачынын колундагы чоподойсуңар.+
7 Мен кайсы бир элди же падышалыкты тамыры менен жуларымды, талкалаарымды, жок кыларымды айтканымда,+
8 ал эл мен айткан жаман иштеринен баш тартса, алардын башына алаамат түшүрөм деген оюмдан кайтам.+
9 Ал эми кайсы бир элди же падышалыкты түптөй турганымды, бекем орноторумду айтканымда,
10 ал эл мени укпай, көз алдымда жаман иштерди кылса, аларга жакшылык кылам деген оюмдан кайтам“.
11 Эми сенден суранарым, Жүйүт жери менен Иерусалимдин тургундарына: „Жахаба мындай дейт: “Мен силерге алаамат жибергени жатам, силерди кантип жазалашты ойлонуп жатам. Суранам, ар бириңер жаман жолуңардан кайткыла, жүрүм-турумуңар менен иштериңерди оңдогула”,— деп айт“».+
12 Бирок алар: «Жок, убара болбой эле кой!+ Биз өз билгенибиздей кылабыз, ар бирибиз тоң моюндук кылып, бузулган жүрөгүбүздүн каалоосу боюнча иш кылабыз»,— дешти.+
13 Ошон үчүн Жахаба мындай дейт:
«Башка элдерден сураштырып көргүлөчү.
Мындайды ким угуптур?
Ысрайыл эли* төбө чачты тик тургузган иш кылды.+
14 Лебанондун* аска-зоосунан кар кетеби?
Анын алыстан агып келген муздак суулары соолуйбу?
15 Менин элим болсо мени унутуп койду.+
Пайда-батасы жок буркандарга курмандык чалып жатат*,+Туура жолдо, байыркы жолдо, жүргөндөрдү адаштырып, күнөөгө түртүп жатат,+Өңгүл-дөңгүл жолдорго буруп жатат.
16 Ошон үчүн алардын жери түбөлүккө үрөй учурарлык абалда калат.+
Аны көргөндөр таң кала ышкырышат.+
Ал жактан өткөндөрдүн бүт баары коркуп карап, башын чайкайт.+
17 Чыгыш шамалындай болуп, мен аларды душман алдында сапырам.
Баштарына мүшкүл түшкөн күнү аларга жүзүмдү бурбай, далымды салам».+
18 Алар болсо: «Келгиле, Жеремияга каршы амал ойлоп табалы.+ Себеби бизге мыйзамды дин кызматчыларыбыз окутат, кеңешти акылмандарыбыз айтып турат, Кудайдын сөзүн пайгамбарларыбыз жарыялап турат. Келгиле, аны айыпка жыгып, бир да сөзүнө көңүл бурбай коёбуз»,— дешти.
19 Оо, Жахаба, мага назарыңды сал,Мага каршы чыккандардын эмне деп жатышканын ук.
20 Жакшылыкка жамандык кылган туурабы?
Алар өлтүрөбүз деп мага ор казып жатышат.+
Алардан каарыңды кайт кылыш үчүн алдыңда туруп,Алар жөнүндө жакшы сөздөрдү айтканымды эстей көр.
21 Ошон үчүн уулдары ачарчылыктан өлсүн,Өздөрү кылычтын мизине алынсын.+
Аялдары балдарынан айрылсын, жесир калышсын.+
Эркектери айыккыс дарттан,Эр-азаматтары майданда кылычтан кырылсын.+
22 Капыстан аларга каракчыларды жибергениңде,Үйлөрүнөн кыйкырык угулсун.
Себеби алар мени колго түшүрүш үчүн ор казышты,Бутума тузак тартышты.+
23 Бирок сен, оо, Жахаба,Алардын мени өлтүрүш үчүн ойлонуштурган бүт айла-амалын жакшы билесиң.+
Алардын кылмышын кечирбе,Күнөөсүн унутпа.
Каарың кайнап, аларга каршы чара көргөнүңдө,+Сенин алдыңда кулашсын.+