Жеремия 21:1—14
21 Ситкия+ падыша Малкиянын уулу Пашкур+ менен дин кызматчы Маасея уулу Сепанияны+ Жеремияга жибергенде, Жахаба Жеремияга сүйлөдү.
2 Алар Ситкиянын атынан Жеремияга: «Суранабыз, эмне болорубузду Жахабадан сурап бер. Анткени Бабылдын падышасы Небухаданасар* биз менен согушуп жатат.+ Ал бизден чегиниши үчүн, Жахаба бизге кереметтүү иштеринин бирин көрсөтөр»,— дешти.+
3 Ошондо Жеремия аларга мындай деди: «Ситкияга мындай дегиле:
4 „Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: “Дубалдын сыртында курчап турган Бабыл+ падышасы менен, каздимдиктер* менен согушуш үчүн колуңарга алган куралдарыңарды өзүңөргө каршы бурам. Аларды* ушул шаардын ортосуна чогултам.
5 Силерге каршы өзүм кубаттуу колум, кудуреттүү күчүм менен, ачуум менен, жаалым менен, кайнаган каарым менен+ согушам.+
6 Бул шаардагы адамдарды да, жаныбарларды да кырам. Баары катуу жугуштуу оорудан* өлөт”“.+
7 „Ошондон кийин Жүйүт падышасы Ситкияны, анын кызматчыларын, элин — бул шаардын жугуштуу оорудан, кылычтан, ачарчылыктан аман калган тургундарын — Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна, душмандарынын колуна, алардын жанын алгысы келгендердин колуна салып берем.+ Ал аларды кылычтын мизине алат, аябайт, аларга боор оорубайт, ырайым кылбайт“,— дейт Жахаба.+
8 Бул элге мындай де: „Жахаба мындай дейт: “Мына, мен силерге өмүр жолу менен өлүм жолун сунуш кылып жатам.
9 Бул шаарда калгандар кылычтан, ачарчылыктан, жугуштуу оорудан өлөт. Ал эми сыртка чыгып, шаарды курчап турган каздимдиктерге багынып бергендер аман калат; аларга өз жаны олжо болот”“.+
10 „Мен бул шаардан жүзүмдү буруп, ага жакшылык кылууну эмес, алаамат жиберүүнү чечтим,+— дейт Жахаба.— Аны Бабыл падышасынын колуна салып берем.+ Ал болсо шаарды өрттөп жиберет“.+
11 „Жүйүт падышасынын үйүндөгүлөр, Жахабанын эмне дегенин уккула.
12 Дөөтү падышанын тукуму, Жахаба мындай дейт:
“Кыянат иштериңерден улам каарым оттой жалындап,+Эч ким өчүрө алгыс болбошу үчүн,+Күнүгө эртең менен адилеттүү өкүм чыгаргыла,Мүлкүн тарттырып жибергендерди митаамдардын колунан куткаргыла”“.+
13 „Оо, түздүктөгү аскада жайгашкан шаардын эли,Мен силерди жазалайм,— дейт Жахаба.—
“Бизге ким каршы чыкмак эле?
Жашаган жерибизге ким кирип келмек эле?” — дегендер,
14 Силерди жоопко тартам,Кылган иштериңерге жараша жазалайм,+— дейт Жахаба.—
Токоюңарга өрт коём,Ал тегерек-четиңердегилердин баарын жалмайт“».+