Жеремия 24:1—10
-
Жакшы жана начар анжирлер (1—10)
24 Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүттүн падышасы Жаяким+ уулу Жеконияны*,+ Жүйүттүн төрөлөрүн, жыгач усталарды, темир усталарды* туткундап, Иерусалимден Бабылга алып кеткенден кийин,+ Жахаба мага эки себет анжирди көрсөттү. Себеттер Жахабанын ибадатканасынын алдында туруптур.
2 Алардын бириндеги анжирлер эрте бышкан анжирлердей абдан жакшы экен, ал эми экинчисиндегилер өтө начар экен, жегенге жарабай калыптыр.
3 Анан Жахаба менден: «Жеремия, эмнени көрүп турасың?» — деп сурады. Мен: «Анжирлерди. Жакшылары абдан жакшы экен, начарлары өтө начар экен, жегенге жарабай калыптыр»,— дедим.+
4 Ошондо Жахаба мага мындай деди:
5 «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен бул жерден каздимдиктердин жерине туткунга жиберген жүйүттөр жакшы анжирлерге окшош, аларды жакшы деп эсептейм.
6 Аларга көз салып, жакшылык кылам, аларды бул жерге кайра алып келем.+ Аларды гүлдөтөм, бүлүндүрбөйм, отургузам, тамыры менен жулбайм.+
7 Жүрөктөрүндө мени жакшы билгенге, Жахаба экенимди билгенге каалоо ойготом.+ Мага чын жүрөктөн+ кайтып келгендиктен алар менин элим болот, мен алардын Кудайы болом.+
8 Ал эми жегенге жарабай калган анжирлер+ жөнүндө Жахаба мындай дейт: “Жүйүттүн падышасы Ситкияны,+ төрөлөрүн, Иерусалимдин ушул жерде калган тургундарын жана Мисир жеринде+ жашагандарын ошондой анжирлердей көрөм.
9 Аларга алаамат жиберип, жер жүзүндөгү бардык падышалыктар көргөндө үрөйү уча тургандай абалда калтырам.+ Аларды өзүм чачыратып жиберген бардык жерлерде+ уятка калтырып, ылакапка айлантам, маскара кылам, каргышка калтырам.+
10 Өздөрүнө жана ата-бабаларына мен берген жерден жок болушмайынча, аларга кылыч,+ ачарчылык, жугуштуу оору*+ жиберем”“».
Шилтемелер
^ Жаякин, Кония деген да аты бар.
^ Же балким: «коргон кургандарды».
^ Же: «кылыч, ачарчылык, оору».