Жеремия 25:1—38
25 Жүйүттүн падышасы Жошия уулу Жаякимдин+ башкаруусунун төртүнчү жылында, Бабыл падышасы Небухаданасардын башкаруусунун биринчи жылында Кудай Жүйүттүн бүт эли тууралуу Жеремияга өзүнүн сөзүн айтты.
2 Жеремия пайгамбар Жүйүт жери менен Иерусалимдин бардык тургундары жөнүндө* мындай деди:
3 «Жүйүттүн падышасы Амон уулу Жошиянын+ башкаруусунун он үчүнчү жылынан тартып ушул күнгө чейин, 23 жыл бою, Жахаба мага сөзүн айтып турду. Анын айткандарын силерге кайра-кайра* айтып жаттым, бирок силер кулак каккан жоксуңар.+
4 Жахаба өзүнө кызмат кылган бардык пайгамбарларды кайра-кайра жиберип жатты. Бирок силер уккан жоксуңар, кулак салган жоксуңар.+
5 Алар силерге: „Ар бириңер жаман жолуңардан кайткыла, суранабыз, кыянат иштериңерди таштагыла.+ Ошондо Жахаба байыркы убакта ата-бабаларыңарга, силерге берген жерде узак өмүр сүрөсүңөр.
6 Башка кудайларга сыйынбагыла, кызмат кылбагыла, таазим этпегиле, жасаган нерсеңер менен ага акарат кылбагыла, болбосо ал башыңарга алаамат түшүрөт“,— дешкен.
7 „Бирок силер мени укпай койдуңар,— дейт Жахаба.— Жасаган нерсеңер менен мага акарат кылып, өзүңөргө алаамат тилеп алдыңар“.+
8 Ошон үчүн асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Айткандарымды укпай койгонуңар үчүн,
9 түндүктөгү бардык элдерди чакыртам,+— дейт Жахаба.— Бабылдын падышасы кызматчым Небухаданасарды чакыртам.+ Аларды бул жерге,+ тургундарына, коңшу элдердин баарына каршы чыгарам.+ Баарын бүлгүнгө учуратып, үрөй учурарлык абалда калтырам. Муну көргөндөр таң калганынан ышкырышат. Ал жерлерди биротоло кыйратам.
10 Ал жакта шаттык менен кубанычтын,+ күйөө менен колуктунун үнү,+ жаргылчактын үнү угулбай калгыдай кылам, чырактын жарыгын өчүрөм.
11 Бул жердин баарынын таш-талканы чыгып, үрөй учурарлык абалда калат. Бул элдер Бабыл падышасына 70 жыл кызмат кылат“.+
12 „Бирок 70 жылдан кийин+ мен Бабыл падышасын да, анын элин да кылмышы үчүн жоопко тартам,+— дейт Жахаба.— Каздимдиктердин жерин түбөлүккө ээн калтырам.+
13 Ал жерге каршы айткан бүт сөздөрүмдү, бул китепте жазылгандардын — Жеремиянын бардык элдер жөнүндө алдын ала айткандарынын — баарын аткарам.
14 Аларды көптөгөн элдер менен улуу падышалар+ кул кылышат.+ Ошентип, аларга иштерине, кылган нерселерине жараша тиешесин берем“».+
15 Ысрайылдын Кудайы Жахаба мага: «Колумдан каарымдын шарабы толтурулган чөйчөктү алып, сени кайсы элдерге жиберсем, ошол элдердин баарына ичир.
16 Алар ичип, теңселишет, мен жиберген кылычтан улам акылынан айныган кишидей иш кылышат»,— деди.+
17 Мен Жахабанын колунан чөйчөктү алып, Жахаба мени жиберген элдердин баарына ичирдим:+
18 жакында аткарыла тургандай*, жерин кыйратып, көргөндөрдүн үрөйү уча тургандай, таң кала ышкыра тургандай абалда калтырыш үчүн, каргышка калтырыш үчүн+ эң алды Иерусалимге, Жүйүттүн шаарларына, анын падышалары менен төрөлөрүнө ичирдим.+
19 Анан Мисирдин падышасы фараонго, кызматчылары менен төрөлөрүнө, бүт элине,+
20 ар кошкон элине, Ус жеринин бардык падышаларына, Пелишти+ жеринин бардык падышаларына, Ашкелонго,+ Газага, Экронго, Азоттун* аман калгандарына,
21 эдомдуктарга,+ мааптыктарга,+ Амондун тукумдарына,+
22 Тирдин бүт падышаларына, Сидондун бүт падышаларына,+ деңиздеги аралдардын* падышаларына,
23 Деданга,+ Темага, Бузга, саамай чачын кырктыргандардын баарына,+
24 Арабиянын бүт падышаларына,+ чөлдүү жерде жашаган ар кошкон элдин бүт падышаларына,
25 Зимринин, Эйламдын,+ мадайлыктардын бардык падышаларына,+
26 түндүктүн жакынкы жана алыскы падышаларынын баарына, биринин артынан бирине, жер жүзүнүн калган бүт падышалыктарына ичирдим. Баарынан кийин Шешах*+ падышасы ичет.
27 «Аларга мындай де: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, Ысрайылдын Кудайы: “Ичкиле, мас болгула, кускула, анан мен жиберген кылычтан улам кайра тургус болуп кулагыла”,+— дейт“.
28 Алар колуңдагы чөйчөктү алгандан, андан ичкенден баш тартышса, мындай деп айт: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: “Ичесиңер!
29 Себеби мен өз ысмым менен аталган шаарга алаамат каптатып жатам.+ Анан силер жазасыз калмак белеңер?”+ — дейт“.
„Жазасыз калбайсыңар. Себеби мен бул жердин бардык тургундарына кылыч жиберип жатам“,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.
30 Сен пайгамбарлык кылып, аларга бул сөздөрдүн баарын айт:
„Жахаба бийиктен арстандай арылдайт,Анын үнү ыйык турагынан угулат.
Ал өзүнүн жердеги турак жайындагыларга арылдайт.
Жүзүм тебелеп жаткандарга окшоп шаттана үн салат,Жер жүзүнүн бардык тургундарынын үстүнөн жеңиш ырын ырдайт“.
31 „Согуш үнү жердин учу-кыйырына чейин жетет,Себеби Жахаба элдер менен соттошуп жатат.
Ал адамзаттын баарына өкүм чыгарат.+
Ыймансыздарды кылыч мизине алат“,— дейт Жахаба.
32 „Мына! Улам бир элге алаамат келатат,+— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.—
Жердин учу-кыйырынан катуу шамал көтөрүлөт.+
33 Ошол күнү Жахаба кырган кишилер жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин сулап жаткан болот. Аларды эч ким жоктоп ыйлабайт, чогултпайт, көмбөйт. Алар жер үстүндөгү кыктай болот“.
34 Боздогула, койчулар, кыйкыргыла!
Отордун башчылары, жерге оонагыла!
Себеби союла турган, туш-тушка чачырай турган убагыңар келип калды,Силер кулап, баалуу чопо идиштей талкаланасыңар!
35 Койчулардын качып барар жери жок,Отордун башчылары качып кутула алышпайт.
36 Уккула! Койчулар кыйкырып,Отордун башчылары боздоп жатат,Себеби Жахаба алардын жайытын кыйратып жатат.
37 Жахабанын каары оттой жалындагандыктан,Бейпил жерлерде кыбыр эткен жан калган жок.
38 Жаш арстан*+ жатагынан чыккандай,Ал турак жайынан чыкты.
Ошон үчүн алардын жери аёосуз кырган кылычтан,Анын кайнаган каарынан улам үрөй учурарлык абалда калды».
Шилтемелер
^ Же: «тургундарына».
^ Сөзмө-сөз: «эрте туруп».
^ Же: «азыр аткарылып жаткандай».
^ Ашдоддун.
^ Сөзмө-сөз: «аралдын». Же: «деңиз жээгиндеги жердин».
^ Сыягы, Бабылдын жашыруун аты.
^ Же: «Жалы бар жаш арстан».