Жеремия 26:1—24
26 Жүйүттүн падышасы Жошия уулу Жаякимдин+ башкаруусунун башталышында Жахаба Жеремияга:
2 «Жахаба мындай дейт: „Жахабанын үйүнүн короосунда туруп, Жүйүт жериндеги бардык шаарлардан Жахабага сыйыныш үчүн анын үйүнө келгендер тууралуу* айткандарымдын баарын айт. Бир да сөзүмдү кемитпе.
3 Балким, угуп, ар бири өзүнүн тескери жолунан бурулар. Ошондо мен алардын башына кыянат иштери үчүн алаамат түшүрөм деген оюмдан кайтам.+
4 Аларга айт: “Эгерде мени угуп, берген мыйзамымды* аткарбасаңар,— дейт Жахаба,—
5 силерге кайра-кайра* жиберген кызматчыларымдын — силер укпай келген пайгамбарлардын — сөздөрүнө кулак салбасаңар,+
6 мен бул үйдү Шилодогудай кылам,+ жердеги бардык элдер каргыш айтканда ушул шаарды айтып каргагыдай кылам”“»,— деди.+
7 Жеремия Жахабанын үйүндө ушул сөздөрдү айтып жатканда,+ аны дин кызматчылар, пайгамбарлар, бүт эл угуп турду.
8 Анан Жеремия Жахабанын бүт элге айт деп буйрук кылган сөздөрүн айтып бүткөндө, дин кызматчылар, пайгамбарлар, бүт эл аны кармап алып: «Сени өлтүрүш керек.
9 Эмнеге Жахабанын атынан пайгамбарлык кылып: „Бул үй Шилодогудай болот, бул шаар ээн калат, бир да тургуну калбайт“,— деп жатасың?» — дешти. Ошентип, бүт эл Жахабанын үйүндө турган Жеремиянын тегерегине чогулуп калды.
10 Бул тууралуу Жүйүттүн төрөлөрү угуп, падышанын ак сарайынан* Жахабанын үйүнө келишти да, Жахабанын үйүнүн жаңы дарбазасынын алдына отурушту.+
11 Дин кызматчылар менен пайгамбарлар төрөлөргө, бүт элге: «Бул киши өлүм жазасына тартылышы керек,+ анткени мунун бул шаар жөнүндө эмне дегенин өз кулагыңар менен уктуңар»,— дешти.+
12 Ошондо Жеремия бардык төрөлөргө, бүт элге: «Бул үй менен бул шаар жөнүндө алдын ала айтканга, силер уккан сөздөрдүн баарын айтканга мени Жахаба жиберди.+
13 Ошон үчүн жүрүм-турумуңар менен иштериңерди оңдогула, Жахаба Кудайыңардын тилин алгыла, ошондо Жахаба башыңарга алаамат түшүрөм деген оюнан кайтат.+
14 Мен болсо, мына, силердин колуңардамын. Эмнени туура, адилеттүү деп ойлосоңор, ошону кылгыла.
15 Бирок билип койгула, эгер мени өлтүрсөңөр, өзүңөр да, бул шаар да, шаардын тургундары да жазыксыз кишинин канын төккөн болосуңар. Анткени силерге ушул сөздөрдүн баарын айтканга мени, чындап эле, Жахаба жиберди»,— деди.
16 Ошондо төрөлөр менен бүт эл дин кызматчылар менен пайгамбарларга: «Бул кишини өлүм жазасына тартканга болбойт, анткени бул бизге Жахаба Кудайыбыздын атынан сүйлөдү»,— дешти.
17 Ошондой эле бул жердин айрым аксакалдары ордуларынан туруп, чогулган бүт элге мындай дешти:
18 «Морешеттик Микей+ Жүйүт падышасы Хискиянын+ күндөрүндө пайгамбарлык кылып, бүт Жүйүттүн элине: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт:
“Сион талаадай айдалып, таш-талканы чыгат,Иерусалим үйүлгөн урандыга айланат,+Ал эми ибадаткана турган тоону токой басып кетет”,— деген болчу.+
19 Ошондо Жүйүт падышасы Хиския менен Жүйүт жеринин бардык тургундары аны өлтүрдү беле? Кайра, падыша Жахабадан коркуп, Жахабадан ырайым кылышын жалбарып суранбады беле. Жахаба ошон үчүн алардын башына алаамат түшүрөм деген оюнан кайтпады беле?+ Биз болсо өз башыбызга өзүбүз чоң алаамат түшүргөнү турабыз.
20 Кириат-жеаримдик+ Шемая уулу Урия деген киши да Жахабанын атынан пайгамбарлык кылган. Ал бул шаар менен бул жер жөнүндө Жеремияныкындай сөздөрдү алдын ала айткан.
21 Анын сөздөрүн Жаяким+ падыша менен бардык күчтүү жоокерлери, төрөлөрү уккан. Ошондо падыша аны өлтүрүштүн жолун издей баштаган.+ Муну укканда Урия коркконунан Мисирге качып кеткен.
22 Бирок Жаяким падыша Мисирге Акбар уулу Элнатан+ менен дагы башка кишилерди жиберген.
23 Алар Урияны Мисирден кармап, Жаяким падышага алып келишкен. Падыша аны кылычтап өлтүрүп,+ сөөгүн карапайым элдин көрүстөнүнө ыргытып таштаган“».
24 Жеремияны Шапан+ уулу Ахикам+ да колдоду. Ошентип, Жеремия элдин колуна салынып берилген жок, өлүмгө кыйылган жок.+