Жеремия 27:1—22
27 Жүйүттүн падышасы Жошия уулу Жаякимдин* башкаруусунун башында Жахаба Жеремияга сүйлөдү.
2 Жахаба мындай деди: «Моюнтурук менен анын боолорун жасап, мойнуңа сал.
3 Аларды Иерусалимге, Жүйүт падышасы Ситкияга келген кабарчылардан Эдом+ падышасына, Маап+ падышасына, Амондун тукумдарынын+ падышасына, Тир+ падышасына, Сидон+ падышасына берип жибер.
4 Кожоюндарына айтып барышы үчүн, аларга мындай де:
„Кожоюндарыңарга айтып баргыла, Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт:
5 “Жерди, адамзатты, жер бетиндеги жан-жаныбарларды зор күчү, кубаттуу колу менен жараткан менмин. Мен жерди кимге кааласам, ошого берем.+
6 Ушул жерлердин баарын кызматчым Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна салып бердим.+ Ага талаадагы жапайы жаныбарларды да баш ийдирдим.
7 Өз өлкөсүнүн кезеги келмейинче, өзү көптөгөн элдерге, улуу падышаларга кул болмоюнча,+ ага, анын уулуна жана небересине бардык элдер кызмат кылышат”.+
8 “Бабыл падышасы Небухаданасарга кызмат кылбаган, Бабыл падышасынын моюнтуругуна мойнун сунбаган элди, падышалыкты жазалайм: ага кылыч,+ ачарчылык, жугуштуу оору* жиберем,— дейт Жахаба.— Аларды анын колу менен кырам”.
9 “Ошон үчүн: “Бабыл падышасына кызмат кылбайсыңар”,— деп жаткан пайгамбарларыңарды, төлгөчүлөрүңөрдү, түш көргүчтөрүңөрдү, сыйкырчыларыңарды, көз байлоочуларыңарды укпагыла.
10 Анткени өз жериңерден алыска айдалып кетишиңер үчүн, мен силерди чачыратып жиберишим үчүн, кырылып жок болушуңар үчүн, алар силерге жалган айтып жатышат.
11 Ал эми Бабыл падышасынын моюнтуругуна мойнун сунуп берип, ага кызмат кылган элди мен өз жеринде калтырам,— дейт Жахаба.— Ал эл өз жерин иштетип, өз жеринде жашайт”“».
12 Жүйүт падышасы Ситкияга+ да ушуларды айтып, мындай дедим: «Бабыл падышасынын моюнтуругуна мойнуңарды сунгула, ага да, анын элине да кызмат кылгыла, ошондо аман каласыңар.+
13 Өзүңө да, элиңе да кылычтан,+ ачарчылыктан,+ жугуштуу оорудан+ өлүштүн эмне кереги бар? Анткени Жахаба Бабыл падышасына кызмат кылгысы келбеген элдин ошондой болорун айтты.
14 „Бабыл падышасына кызмат кылбайсыңар“,+— деген пайгамбарлардын айткандарын укпагыла, себеби алар силерге жалган айтып жатышат.+
15 „Анткени аларды мен жиберген эмесмин,— дейт Жахаба.— Алар силерге менин атымдан жалган айтып жатышат. Эгер аларды уксаңар, силерди чачыратып жиберем да, өзүңөр да, силерге пайгамбарлык кылган ошол пайгамбарлар да кырылып жок болосуңар“».+
16 Дин кызматчыларга жана бул элдин баарына: «„Жахабанын үйүнө таандык буюмдар жакын арада Бабылдан кайра алынып келинет!“+ — деп жаткан пайгамбарларыңарды укпагыла,— дейт Жахаба.— Анткени алар силерге жалган айтып жатышат.+
17 Аларды укпагыла. Бабыл падышасына кызмат кылгыла, ошондо аман каласыңар.+ Болбосо бул шаар урандыга айланат. Мунун силерге эмне кереги бар?
18 Эгер алар пайгамбар болсо, чындап эле Жахабанын сөзүн айтып жатышкан болсо, анда Жахабанын үйүндө, Жүйүт падышасынын ак сарайында жана Иерусалимде калган буюмдар Бабылга ташылып кетпеши үчүн, асман аскерлеринин Кудайы Жахабага жалынып-жалбарышсын»,— дедим.
19 Асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын мамылар,+ чоң казан*,+ арабалар+ жана бул шаарда калган башка буюмдар жөнүндө,
20 тактап айтканда, Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүттүн падышасы Жаяким уулу Жеконияны жана Жүйүт жери менен Иерусалимдин аттуу-баштуу кишилерин Иерусалимден Бабылга туткундап кеткенде алып кетпеген буюмдар жөнүндө айткан сөзү.+
21 Жахабанын үйүндө, Жүйүт падышасынын ак сарайында жана Иерусалимде калган ошол буюмдар тууралуу Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт:
22 «Алар Бабылга ташылып кетет.+ Мен аларды эстей турган күнгө чейин ошол жакта болот,— дейт Жахаба.— Анан мен аларды кайра бул жакка алып келем».+
Шилтемелер
^ Байыркы убактагы айрым кол жазмаларга ылайык, «Ситкиянын».
^ Же: «кылыч, ачарчылык, оору».
^ Б. а. ибадатканадагы жез казан.