Жеремия 28:1—17
-
Жеремия менен Ханания деген жалган пайгамбар (1—17)
28 Ошол эле жылы, Жүйүт падышасы Ситкиянын+ башкаруусунун башында, төртүнчү жылынын бешинчи айында, гибондук+ пайгамбар Азур уулу Ханания Жахабанын үйүндө дин кызматчылар менен бүт элдин көзүнчө мага:
2 «Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Мен Бабыл падышасынын моюнтуругун сындырам.+
3 Эки жылдын ичинде Жахабанын үйүнө таандык буюмдардын баарын — Бабыл падышасы Небухаданасар бул жерден Бабылга алып кеткен буюмдарды — кайра ушул жерге алып келем“,— деп айтты.+
4 „Ошондой эле Жүйүт падышасы Жаяким+ уулу Жеконияны,+ Жүйүт жеринен Бабылга туткундалып кеткендердин баарын кайра ушул жерге алып келем,+ анткени мен Бабыл падышасынын моюнтуругун сындырам“,— дейт Жахаба»,— деди.
5 Ошондо Жеремия пайгамбар Жахабанын үйүндө турган дин кызматчылар менен бүт элдин көзүнчө Ханания пайгамбарга жооп берди.
6 Жеремия пайгамбар: «Оомийн! Жахаба ошондой кылсын! Жахабанын үйүнө таандык буюмдар менен туткундагы элдин баарын Бабылдан кайра бул жерге алып келип, сенин айткандарыңды Жахаба, ылайым, орундатсын!
7 Бирок, суранам, азыр сага жана бүт элге айта турган сөзүмө кулак сал.
8 Экөөбүздөн мурунку пайгамбарлар деле тээ байыртан бери көптөгөн жерлер, улуу падышалыктар тууралуу, согуш, алаамат, оору* тууралуу алдын ала айтып келишкен.
9 Эгер кайсы бир пайгамбар тынчтык болорун алдын ала айтса жана анын сөзү аткарылса, аны чындап эле Жахаба жибергени билинет»,— деди.
10 Ошондо Ханания пайгамбар Жеремия пайгамбардын мойнундагы моюнтурукту чечип алып, сындырып таштады.+
11 Анан Ханания бүт элдин алдында: «„Эки жылдын ичинде Бабыл падышасы Небухаданасардын бүт элдердин мойнуна салган моюнтуругун так ушинтип сындырам“,— дейт Жахаба“»,— деди.+ Жеремия пайгамбар болсо ал жерден кетип калды.
12 Ханания пайгамбар Жеремия пайгамбардын мойнундагы моюнтурукту сындырып таштагандан кийин, Жахаба Жеремияга мындай деди:
13 «Барып, Хананияга: „Жахаба сага: “Сен жыгач моюнтурукту сындырып таштадың,+ эми анын ордуна темир моюнтурук жасайсың”,— дейт.
14 Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: “Мен Бабыл падышасы Небухаданасарга кызмат кылдырыш үчүн ушул элдердин баарынын мойнуна темир моюнтурук салам; алар ага кызмат кылышат.+ Ага атүгүл талаадагы жапайы жаныбарларды да берем”,— деди“,— деп айт».+
15 Ошондо Жеремия пайгамбар Ханания+ пайгамбарга: «Ханания, суранам, укчу! Сени Жахаба жиберген жок, сен болсо бул элди жалган нерсеге ишендирип жатасың.+
16 Ошондуктан Жахаба: „Мен сени жер бетинен жок кылам. Сен ушул жылы өлөсүң, анткени элди Жахабага каршы чыкканга үгүттөдүң“,— деп айтты»,— деди.+
17 Ошентип, Ханания пайгамбар ошол жылдын жетинчи айында өлдү.
Шилтемелер
^ Же: «жугуштуу оору».