Жеремия 31:1—40
31 «Ошол кезде,— дейт Жахаба,— мен Ысрайылдын бардык урууларынын* Кудайы болом, алар болсо менин элим болот».+
2 «Ысрайыл бейпил жайына бараткан эле,Аларга ырайым кылынып, ээн талаада кылычтан аман калышкан»,— дейт Жахаба.
3 Жахаба мага алыстан келип, мындай деди:
«Мен сени түбөлүктүү сүйүү менен сүйөм.
Ошон үчүн сени өзүмө туруктуу сүйүүм менен тартып турам*.+
4 Сени кайра тургузам, сен мурунку калыбыңа келесиң.+
Оо, ысрайыл эли*, даптарыңды кагып,Кубанганыңдан бийлейсиң.+
5 Самариянын тоолоруна кайрадан жүзүм тигесиң.+
Жүзүмчүлөр жүзүм отургузуп, мөмөсүн жешет.+
6 Эпрайымдын тоолорундагы күзөтчүлөр:
„Тургула, Сионго чыгалы, Жахаба Кудайыбызга баралы!“ — деп кыйкыра турган күн келатат».+
7 Ошондуктан Жахаба мындай дейт:
«Жакыптын урпактарына кубана кыйкыргыла.
Шаттана үн салгыла, анткени силер элдердин башында турасыңар.+
Жар салгыла, Кудайды даңазалап:
„Оо, Жахаба, өз элиңди, Ысрайылдын аман калгандарын сактай көр“,+— дегиле.
8 Мен аларды түндүк жеринен алып келем,+Жердин тээ учу-кыйырынан чогултуп келем.+
Алардын арасында сокуру да, аксагы да,+Кош бойлуусу да, төрөп жатканы да болот.
Алар калың эл болуп, бул жерге кайтып келет.+
9 Алар ыйлап кайтышат.+
Аларды алып келатканымда, ырайым кылышымды өтүнүп жалбарышат.
Мен аларды агын сууларга алып барам,+Эч кимиси чалынбай турган тегиз жолдо жетектеп жүрөм.
Себеби мен Ысрайылдын атасымын, Эпрайым болсо туңгучум».+
10 Оо, элдер, Жахабанын сөзүн уккула,Алыскы аралдарга мындай деп жарыялагыла:+
«Ысрайыл элин чачыратып жибергендин өзү аны кайра чогултат.
Аны оторун кайтарган койчудай кайтарат.+
11 Себеби Жахаба Жакыптын урпактарын кун төлөп куткарып алат,+Алардан алда канча күчтүүнүн колунан сактап калат*.+
12 Алар келип, Сион тоосунда кубана кыйкырышат.+
Жахабанын жакшылыгын,Эгинди, жаңы шарапты,+ майды,Майда мал менен бодо малдын төлүн көрүп,+ жүздөрү нурданат.
Алар жакшы сугарылган бактай болот,+Экинчи алдан-күчтөн тайышпайт».+
13 «Ошондо кыздар сүйүнүп бийлешет,Аларга кошулуп улан-жигиттер менен карылар+ да бийлешет.
Мен алардын күйүтүн шаттыкка айлантам,+Аларды сооротуп, кайгысын кубанычка айландырам.+
14 Дин кызматчыларга тамакты мол берем,Жакшылыгыма элимдин моокуму канат»,+— дейт Жахаба.
15 «Жахаба мындай дейт:
„Рамадан+ зар какшаган, боздогон үн угулуп жатат.
Рахил уулдарын* жоктоп ыйлап жатат.+
Уулдарынан ажырагандыктан сооронгусу келбей жатат“».+
16 Жахаба мындай дейт:
«„Болду эми, ыйлаба, көз жашыңды төкпө.
Анткени кылган мээнетиңдин акыбети кайтат,— дейт Жахаба.—
Алар душмандын жеринен кайтып келишет“.+
17 „Сенин келечекке үмүтүң бар,+— дейт Жахаба.—
Уулдарың өз жерине кайтып келет“».+
18 «Мен Эпрайымдын ыйлап жатканын уктум.
Ал: „Мен моюнтурук салып үйрөтүлбөгөн тай торпоктой элем,Сен мени тартипке салдың, мен оңолдум.
Мени артка кайтар, ошондо сага жан деп кайтып барам,Анткени сен Жахаба Кудайымсың.
19 Себеби жаман жолуман кайткандан кийин өкүндүм,+Баарын түшүнгөндөн кийин санымды чаптым.
Уялып, басынып калдым,+Анткени жаш кезимде кылган күнөөлөрүмдөн улам маскара болдум“,— деп ыйлап жатыптыр».
20 «Эпрайым сүйүктүү уулум, алпештеген балам эмеспи?+
Канча жолу ага каршы сүйлөбөйүн, аны унутпайм.
Ошон үчүн аны ойлогонумда ичим ысыйт, боорум ооруйт.+
Аны сөзсүз аяйм»,— дейт Жахаба.+
21 «Өзүңө жол белгилерин кой,Жол көрсөткөн мамыларды орнот.+
Чоң жолго, өзүң түшө турган жолго көңүл бур.+
Оо, Ысрайыл кызы, кайтып кел, шаарларыңа кайтып кел.
22 Оо, ишенип болбой турган кыз, дагы качанга чейин олку-солку болуп жүрө бересиң?
Жахаба жер үстүндө жаңы нерсе жаратты:
Эми аял күйөөсүнө* жагууну көздөйт».
23 Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: «Мен туткундагыларды чогултканда, Жүйүт жеринде жана анын шаарларында кайрадан: „Оо, адилдиктин турагы,+ оо, ыйык тоо,+ Жахаба сага батасын берсин“,— дешет.
24 Жүйүт жеринде шаар тургундары, дыйкандар менен малчылар чогуу жашайт.+
25 Анткени мен чарчап-чаалыкканга кубат берем, алсыраганга дем-күч берем»,+— дейт.
26 Ошондо мен ойгонуп, көзүмдү ачтым, уйкум аябай таттуу болду.
27 «Мен Ысрайыл менен Жүйүттүн элин да, малын да көбөйтө турган күндөр келатат»,+— дейт Жахаба.
28 «Мурун аларды тамыры менен жулуш үчүн, талкалаш үчүн, кыйратыш үчүн, жок кылыш үчүн, бүлгүнгө учуратыш үчүн+ байкап турганымдай эле, эми куруш үчүн, тигиш үчүн байкап турам,+— дейт Жахаба.—
29 Ошол күндөрү алар: „Кычкыл жүзүмдү аталары жеди, бирок уулдарынын тиши камалып калды“,+— дебей калышат.
30 Себеби ар бир адам өз күнөөсү үчүн өлөт. Ким кычкыл жүзүм жесе, ошонун тиши камалат».
31 «Мына, мен Ысрайылдын эли жана Жүйүттүн эли менен жаңы келишим түзө турган күндөр келатат,+— дейт Жахаба.—
32 Бул келишим алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимдей эмес. Ал келишимди ата-бабаларын колунан алып, Мисир жеринен алып чыкканда түзгөм.+ „Мен алардын чыныгы кожоюну* болсом да, алар менин келишимимди бузушту“,+— дейт Жахаба».
33 «Ошол күндөрдөн кийин мен ысрайыл эли менен мындай келишим түзөм,— дейт Жахаба.— Мыйзамдарымды алардын ичине салып,+ жүрөгүнө жазам.+ Мен алардын Кудайы болом, алар менин элим болот».+
34 «Ошондон кийин эч ким башканы же бир тууганын: „Жахабаны таанып-бил!“+ — деп үйрөтпөй калат. Себеби кичигинен улугуна чейин баары мени таанып-билишет,+— дейт Жахаба.— Мен алардын кылмышын кечирем, күнөөсүн экинчи эстебейм».+
35 Күндүзү жарык чачсын деп, күндү берген,Түнкүсүн нурун төксүн деп, ай менен жылдыздарга мыйзамдарды* берген,Деңизди алай-дүлөй түшүрүп, толкундарын долуланткан Жахаба,Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+ деген ысымдын ээси мындай дейт:
36 «„Бул мыйзамдар бузулганда гана,Ысрайылдын урпактары менин алдымда эл болбой калат“,+— дейт Жахаба».
37 Жахаба мындай дейт: «„Эгер адам жогорудагы асманды ченей алса, төмөндөгү жердин пайдубалын изилдей алса, анда мен да Ысрайылдын бүт тукумун бардык кылган иштери үчүн четке какмакмын“,— дейт Жахаба».+
38 «Мына, Жахабага таандык болушу үчүн бул шаар Хананел мунарасынан+ Бурч дарбазасына+ чейин кайра курула турган+ күндөр келатат,— дейт Жахаба.—
39 Ченегич жип+ андан ары түз эле Гареп адырына чейин тартылат, анан Гоя тарапка бурулат.
40 Өлүктөр менен күл* жаткан өрөөн* бүт бойдон, Кидрон өрөөнүнө+ чейинки тектирлердин баары, күн чыгыш тараптагы Жылкы дарбазасынын+ бурчуна чейинки жердин баары Жахаба үчүн ыйык болот.+ Ал жер эч качан кыйратылбайт, талкаланбайт».
Шилтемелер
^ Же: «үй-бүлөлөрүнүн».
^ Же: «туруктуу сүйүүмө бөлөп келем».
^ Сөзмө-сөз: «кызы».
^ Же: «кайтарып алат».
^ Же: «балдарын».
^ Сөзмө-сөз: «эркекке».
^ Же балким: «күйөөсү».
^ Же: «эрежелерди».
^ Же: «май сиңген күл». Б. а. курмандыкка чалынган малдын майы сиңген күл.
^ Же: «түздүк».