Жеремия 35:1—19

  • Рехаптын урпактары баш ийүүнүн мыкты үлгүсүн көрсөтүшөт (1—19)

35  Жүйүттүн падышасы Жошия уулу Жаякимдин+ күндөрүндө Жахаба Жеремияга: 2  «Рехаптын урпактарына+ барып, алар менен сүйлөш да, аларды Жахабанын ибадатканасындагы ашканалардын бирине ээрчитип келип, ичкенге шарап бер»,— деди. 3  Мен Хабасиниянын небереси, Жеремиянын уулу Жазанияны жана анын бир туугандарын, бүт уулдарын, Рехаптын урпактарынын баарын ээрчитип, 4  Жахабанын үйүнө алып келдим. Анан чыныгы Кудайдын кишиси Игдалия уулу Ханандын уулдарынын ашканасына киргиздим. Ал ашкана төрөлөрдүн ашканасынын жанында, дарбазачы Шалум уулу Маасеянын ашканасынын үстү жагында жайгашкан эле. 5  Анан мен Рехаптын урпактарынын алдына шарап толтурулган чөйчөктөр менен кеселерди коюп: «Ичкиле»,— дедим. 6  Бирок алар мындай дешти: «Биз шарап ичпейбиз. Себеби бабабыз Рехап уулу Жонадап+ буйрук берип: „Эч качан шарап ичпегиле, уулдарыңар да ичпесин. 7  Үй салбагыла, үрөн сеппегиле, жүзүм тикпегиле, жүзүмзарыңар болбосун. Өмүр бою чатырларда жашагыла, ошондо келгин болуп жүргөн жериңерде узак жашайсыңар“,— деген. 8  Ошон үчүн биз бабабыз Рехаптын уулу Жонадаптын айткандарынын баарына карманып келатабыз. Ошондуктан такыр шарап ичпейбиз, аялдарыбыз менен уул-кыздарыбыз да ичпейт. 9  Биз үй салбайбыз, жүзүмзарыбыз да, айдоо жерибиз да, үрөнүбүз да жок. 10  Чатырларда жашап келатабыз, бабабыз Жонадаптын буйруктарынын баарын аткарып келатабыз. 11  Бирок Бабыл падышасы Небухаданасар бул жерге кол салганда,+ биз: „Жүргүлө, каздимдиктер менен сириялыктардын аскерлеринен качып, Иерусалимге баралы“,— дегенбиз. Ошентип, азыр Иерусалимде жашап жатабыз». 12  Ошондо Жахаба Жеремияга мындай деди: 13  «Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Жүйүттүн элине, Иерусалимдин тургундарына барып, мындай де: “Силерди менин сөзүмдү укканга кайра-кайра үндөшкөн эмес беле?+ — дейт Жахаба.— 14  Рехаптын уулу Жонадап урпактарына шарапты оозго албагыла деп буйрук кылган эле. Алар ушул күнгө чейин шарап ичпей, анын сөзүн эки кылбай келатышат. Ошентип, бабасынын айтканын аткарып жатышат.+ Мен да силерге кайра-кайра* айткам, силер болсо укпай койдуңар.+ 15  Мен силерге кызматчыларымды — пайгамбарларды — кайра-кайра жиберип:+ “Суранам, ар бириңер жаман жолуңардан кайткыла,+ туура иш кылгыла! Башка кудайларга сыйынбагыла, аларга кызмат кылбагыла. Ошондо мен силерге, ата-бабаларыңарга берген ушул жерде жашай бересиңер”,— дегем.+ Бирок силер кулак салбай койгонсуңар, мени укпай койгонсуңар. 16  Рехаптын уулу Жонадаптын урпактары бабасы берген осуятты аткарып келатышат.+ Булар болсо мени угушпайт”“». 17  «Ошон үчүн Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен Жүйүт жери менен Иерусалимдин бардык тургундарына өзүм алдын ала эскерткен алааматтын баарын каптатам.+ Анткени айтсам да, укпай коюшкан, канча чакырсам да, жооп бербей коюшкан“».+ 18  Анан Жеремия Рехаптын урпактарына мындай деди: «Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Силер бабаңар Жонадаптын осуятына баш ийип, анын осуяттарынын баарын сактап, кандай айтса, так ошондой аткарып келатасыңар. 19  Ошон үчүн Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: “Рехаптын уулу Жонадаптын урпактарынын арасында мага кызмат кыла тургандар дайыма болот”,— дейт“».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «эрте туруп».