Жеремия 36:1—32
36 Жүйүт падышасы Жошия уулу Жаякимдин+ башкаруусунун төртүнчү жылында Жахаба Жеремияга:
2 «Бир түрмөк* ал да, мен сага Жошиянын убагында сүйлөй баштаган күндөн тартып ушул күнгө чейин+ Ысрайыл менен Жүйүттүн эли жөнүндө,+ башка бардык элдер жөнүндө+ айткандарымдын баарын жаз.
3 Балким, Жүйүт жериндегилер алардын башына кандай алаамат түшүргөнү жатканымды угуп, жаман жолунан кайтар. Ошондо алардын кылмышы менен күнөөсүн кечирем»,— деди.+
4 Жеремия Нериянын уулу Барухту+ чакырды. Анан ага Жахабанын айткан сөздөрүнүн баарын айтып турду, Барух болсо аларды түрмөккө жазып алды.+
5 Андан соң ал Барухка буйрук берип: «Мага тыюу салынгандыктан Жахабанын ибадатканасына кире албайм.
6 Ошон үчүн сен барып, менин оозуман түрмөккө жазып алган Жахабанын сөздөрүн элге окуп бер. Аларды орозо күнү Жахабанын ибадатканасында өз шаарларынан келген Жүйүт жеринин бүт тургундарына угуза окуп бер.
7 Мүмкүн, алар Жахабадан ырайым кылышын суранып, ар бири жаман жолунан кайтар. Себеби Жахаба катуу ачууланып, каарданып, бул элди жазалайм деп жатат»,— деди.
8 Нерия уулу Барух Жеремия пайгамбардын айткандарынын баарын аткарып, Жахабанын түрмөктөгү сөздөрүн Жахабанын ибадатканасында элге угуза окуп берди.+
9 Жүйүт падышасы Жошия уулу Жаякимдин+ башкаруусунун бешинчи жылынын тогузунчу айында Иерусалимдин бүт эли менен Жүйүт жериндеги шаарлардан Иерусалимге келген бүт эл Жахабанын алдында орозо тута баштады.+
10 Ошондо Барух Жахабанын ибадатканасындагы көчүрмөчү Шапан+ уулу Гемариянын+ бөлмөсүндө* Жеремиянын түрмөккө жазылган сөздөрүн бүт элге угуза окуй баштады; ал бөлмө жогорураак жайгашкан короодо, Жахабанын ибадатканасынын жаңы дарбазасынын кире беришинде,+ болчу.
11 Шапандын небереси Гемария уулу Микая Жахабанын түрмөктөгү бардык сөздөрүн уккандан кийин
12 падышанын ак сарайындагы катчынын бөлмөсүнө барды. Ал жерде төрөлөрдүн* баары: катчы Элишама,+ Шемая уулу Делая, Акбар+ уулу Элнатан,+ Шапан уулу Гемария, Ханания уулу Ситкия жана башка төрөлөр отуруптур.
13 Микая аларга Барухтун түрмөктөн элге окуп берген бардык сөздөрүн айтып берди.
14 Ошондо төрөлөрдүн баары Кушинин уулу Шелемиянын небересин, Нетания уулу Жеудини, Барухка жөнөтүп: «Элге окуп берген түрмөгүңдү алып, бизге кел»,— деп айттырып жиберишти. Нерия уулу Барух түрмөктү алып, төрөлөргө келди.
15 Алар ага: «Отуруп, колуңдагыны бизге окуп берчи»,— дешти. Барух окуп берди.
16 Түрмөктө жазылгандардын баарын укканда алар үрөйлөрү уча бири-бирин карашты да, Барухка: «Мунун баарын падышага сөзсүз айтып беребиз»,— дешти.
17 Анан андан: «Айтчы, бул сөздөрдүн баарын кантип жазып алдың? Жеремия өзү айтып турдубу?» — деп сурашты.
18 Барух: «Ушул сөздөрдүн баарын ал өзү айтып турду, мен болсо түрмөккө сыя менен жазып алдым»,— деди.
19 Ошондо төрөлөр Барухка: «Баргыла да, Жеремия экөөңөр бир жерге жашынгыла, каякта экениңерди эч ким билбесин»,+— дешти.
20 Анан түрмөктү катчы Элишаманын бөлмөсүнө калтырышты да, ак сарайдын короосундагы падышага барып, уккан сөздөрүнүн баарын ага айтып беришти.
21 Ошондо падыша Жеудини+ түрмөктү алып келгени жиберди. Жеуди аны катчы Элишаманын бөлмөсүнөн алып келип, падыша менен анын жанында турган төрөлөрдүн баарына окуп бере баштады.
22 Тогузунчу ай* болгондуктан, падыша кышкы үйүндө күйүп жаткан мештин алдында отурган эле.
23 Жеуди үч-төрт тилке окуган сайын, падыша түрмөктүн ошол бөлүгүн катчынын бычагы менен кесип алып, мештеги отко таштай берди. Ошентип, бүт түрмөк мештеги отко ташталды.
24 Ошол сөздөрдүн баарын уккан падыша да, анын бүт кызматчылары да коркушкан жок, кийимдерин айрышкан жок.
25 Элнатан,+ Делая,+ Гемария+ падышадан түрмөктү өрттөбөшүн суранышса да, ал укпай койду.
26 Анысы аз келгенсип, падышанын уулу* Жерахмелге, Азриел уулу Сераяга, Абдел уулу Шелемияга катчы Барух менен Жеремия пайгамбарды кармап келгиле деп буйрук берди. Бирок Жахаба аларды жашырып койду.+
27 Барух Жеремиянын оозунан чыккан сөздөрдү жазып алган түрмөктү падыша өрттөп салгандан кийин, Жахаба Жеремияга дагы кайрылып,+ мындай деди:
28 «Кайра башка түрмөк ал да, ага Жүйүттүн падышасы Жаяким өрттөп таштаган+ биринчи түрмөктөгү сөздөрдүн баарын жаз.
29 Жүйүттүн падышасы Жаякимге болсо мындай деп айт: „Жахаба мындай дейт: “Сен: “Бабыл падышасы сөзсүз келип, бул жерди кыйратат, адамды да, айбанды да калтырбайт”,+— деп эмне үчүн жаздың*?” — деп тиги түрмөктү өрттөп таштадың.
30 Ошон үчүн Жахаба Жүйүттүн падышасы Жаяким тууралуу мындай дейт: “Анын тукумунан эч ким Дөөтүнүн тактысында отурбайт.+ Анын өлүгү күндүзгү аптапка, түнкү суукка калат.+
31 Мен аны да, урпактарын да, кызматчыларын да кылган күнөөлөрү үчүн жоопко тартам. Өзүм айткан алааматтын баарын алардын, Иерусалим тургундары менен Жүйүт жериндегилердин башына түшүрөм. Бул жөнүндө эскертсем да,+ алар укпай коюшкан”“».+
32 Ошондо Жеремия башка түрмөк алып, аны катчы Нерия уулу Барухка берди.+ Анан Жеремия Жүйүттүн падышасы Жаяким отко таштаган түрмөктөгү+ сөздөрдүн баарын кайтадан айтып берди, Барух болсо аларды жазып алды. Ал сөздөргө Кудайдын ошо сыяктуу дагы бир топ сөздөрүн кошту.
Шилтемелер
^ Же: «Түрмөк китепти».
^ Же: «ашканасында».
^ Же: «ак сарай кызматчыларынын».
^ Ноябрдын экинчи жарымы менен декабрдын биринчи жарымына туш келет. Б15 тиркемесин кара.
^ Сыягы, падышанын үйүндөгүлөрүнүн бири болгон.
^ Жеремияга карата айтылган.