Жеремия 37:1—21
37 Жошиянын уулу Ситкия+ Жаякимдин уулу Кониянын*+ ордуна падышалык кыла баштады. Анткени Бабыл падышасы Небухаданасар аны Жүйүт жерине падыша кылып койду.+
2 Бирок Ситкия падыша да, кызматчылары да, бул жердин эли да Жахабанын Жеремия пайгамбар аркылуу айткан сөздөрүн укпай койду.
3 Ситкия падыша Шелемиянын уулу Жеухал+ менен дин кызматчы Маасеянын уулу Сепания+ аркылуу Жеремия пайгамбарга: «Жахаба Кудайыбыздан биз үчүн тилене көр»,— деп айттырып жиберди.
4 Ал кезде Жеремия камакка алына элек болчу, ошондуктан элдин арасында ээн-эркин жүргөн.+
5 Ошол убакта Иерусалимди каздимдиктер курчап турган эле. Бирок алар Мисирден фараондун аскерлери келатканын+ угуп, артка чегиништи.+
6 Ошондо Жахаба Жеремия пайгамбарга:
7 «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Силерди менин эркимди билип келгени жиберген Жүйүттүн падышасына мындай деп баргыла: “Мына, жардамга келаткан фараондун аскерлери өз жерине, Мисирге, кайтат.+
8 Каздимдиктер болсо кайра келип, бул шаар менен салгылашат. Анан басып алып, өрттөп жиберишет”.+
9 “Каздимдиктер кайра келбейт”,— деп өзүңөрдү алдабагыла,— дейт Жахаба,— анткени алар сөзсүз кайтып келет.
10 Силер өзүңөр менен салгылашып жаткан каздимдиктердин бүт аскерин кырып таштап, оор жарадарлары гана калган күндө да, ошолор өз чатырларынан туруп келип, бул шаарды өрттөп жиберишмек“»,+— деди.
11 Каздимдиктер фараондун аскерлеринин келатканын угуп Иерусалимден чегинишкенде,+
12 Жеремия элинин арасынан өз үлүшүн алыш үчүн Иерусалимден Бенжемин уруусунун жерине+ жөнөдү.
13 Бирок Жеремия пайгамбар Бенжемин дарбазасына жеткенде, Хананиянын уулу Шелемиянын уулу Ирия — сакчылардын башчысы — аны кармап алып: «Сен каздимдиктерге өтүп кеткени жатасың!» — деди.
14 Жеремия болсо: «Андай эмес! Каздимдиктерге өтөйүн деген оюм жок»,— деди. Бирок Ирия Жеремияны укпай койду. Ал аны төрөлөргө алып барды.
15 Төрөлөрдүн Жеремияга каары кайнап,+ аны сабап, катчы Жонатандын үйүнө камап коюшту,+ себеби анын үйүн түрмө кылып алышкан эле.
16 Жеремияны ошол жактагы зындандагы бөлмөлөрдүн бирине камап коюшту, ал ошол жерде бир топ күн жатты.
17 Анан Ситкия падыша киши жиберип, аны алдырды да, ак сарайында жашыруун сүйлөшүп, суроолорду берди.+ Ал: «Жахаба бир нерсе дедиби?» — деп сурады. Жеремия: «Ооба»,— деп жооп берди. Анан: «Сиз Бабыл падышасынын колуна салынып берилесиз!»+ — деди.
18 Анан Жеремия Ситкия падышага: «Мени камагыдай, сиздин, кызматчыларыңыздын, бул элдин алдында кандай күнөөм бар?
19 „Бабыл падышасы бул жерге, силерге кол салбайт“,— деп айткан пайгамбарларыңар кайда?+
20 Эми, улуу урматтуу падышам, сизден бир нерсе суранайын. Мага ырайым кылыңыз, өлүп калбашым үчүн,+ катчы Жонатандын үйүнө+ кайра жибере көрбөңүз»,— деди.
21 Ошондо Ситкия падыша Жеремияны күзөтчүлөр короосуна+ камоону буйрук кылды. Шаарда нан калбай калгыча,+ ага наабайчылар көчөсүнөн күнүнө бир тегерек нан берип турушту.+ Ошентип, Жеремия күзөтчүлөр короосунда калды.
Шилтемелер
^ Жаякин, Жекония деген да аты бар.