Жеремия 38:1—28
38 Матан уулу Шепатия, Пашкур уулу Гедалия, Шелемия уулу Жукал+ жана Малкия уулу Пашкур+ Жеремиянын бүт элге айтып жүргөн бул сөздөрүн угушту:
2 «Жахаба мындай дейт: „Ким бул шаарда калса, кылычтан, ачарчылыктан, жугуштуу оорудан* өлөт.+ Ал эми ким каздимдиктерге багынып берсе, аман калат, жаны өзүнө олжо болуп, тирүү калат“.+
3 „Бул шаар Бабыл падышасынын аскерлеринин колуна сөзсүз салынып берилет, ал аны басып алат“,+— дейт Жахаба».
4 Ошондо төрөлөр Ситкия падышага: «Суранабыз, аны өлүм жазасына өкүм кылыңыз,+ анткени ушундай сөздөрдү айтып, бул шаарда калган жоокерлер менен бүт элдин ындынын өчүрүп жатат. Ал элге тынчтык эмес, алаамат тилеп жатат»,— дешти.
5 Буга падыша: «Аны эмне кылам десеңер, өзүңөр билгиле. Падыша силерге каршы чыга албайт»,— деди.
6 Ошондо алар Жеремияны кармап, күзөтчүлөр короосундагы+ падышанын уулу* Малкиянын кудугуна аркан менен түшүрүп салышты. Кудукта суу жок болчу, түбү баткак эле. Ошентип, Жеремия баткакка бата баштады.
7 Ак сарай кызматчысы* эфиопиялык Эбетмелек+ Жеремияны кудукка таштап салышканын укту. Падыша Бенжемин дарбазасынын+ жанында отурганда,
8 Эбетмелек падышанын ак сарайынан чыгып келип, ага:
9 «Оо, улуу урматтуу падышам, булар Жеремия пайгамбарды кудукка таштап, жаман иш кылышты! Эми ал кудукта жатып ачкадан өлөт, себеби шаарда нан калбай калды»,+— деди.
10 Ошондо падыша эфиопиялык Эбетмелекке: «Бул жактан жаныңа 30 киши алып, Жеремия пайгамбарды өлүп кала элегинде кудуктан чыгар»,— деп буйрук берди.
11 Эбетмелек жанына кишилерди алып, падышанын ак сарайына барды. Ал казынанын+ астындагы жайга түшүп, ал жерден эски-уску чүпүрөктөрдү, кесиндилерди алды да, барып, аларды аркан менен кудуктагы Жеремияга түшүрдү.
12 Анан Жеремияга: «Аркан өтүп кетпеши үчүн, бул эски чүпүрөктөр менен кесиндилерди колтугуңдун астына коюп ал»,— деди. Жеремия ошентти.
13 Алар аны кудуктан аркан менен тартып чыгарышты. Жеремия күзөтчүлөр короосунда калды.+
14 Ситкия падыша киши жиберип, Жеремия пайгамбарды Жахабанын ибадатканасындагы үчүнчү кире беришке чакыртып алды. Анан падыша Жеремияга: «Сенден бир нерсе сурайын, менден эч нерсе жашырба»,— деди.
15 Жеремия Ситкияга: «Эгер чындыкты айтсам, мени өлтүрүп коёсуз. Кеңеш айтсам, укпайсыз»,— деди.
16 Ошондо Ситкия падыша Жеремияга: «Бизге өмүр берген тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант берем, сени өлтүрбөйм, жаныңды алгысы келгендердин колуна салып бербейм»,— деп жашыруун ант берди.
17 Жеремия Ситкияга мындай деди: «Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Эгер Бабыл падышасынын төрөлөрүнө багынып берсең, аман каласың, бул шаар да өрттөлбөйт, өзүң да, үйүңдөгүлөр да аман калат.+
18 Ал эми Бабыл падышасынын төрөлөрүнө багынып бербесең, бул шаар каздимдиктердин колуна салынып берилет. Алар аны өрттөп салышат,+ өзүң да алардан качып кутула албайсың“,+— дейт».
19 Ошондо Ситкия падыша Жеремияга: «Мен каздимдиктерге өтүп кеткен жүйүттөрдөн корком. Себеби алардын колуна түшсөм, мага көрбөгөн кордукту көрсөтүшөт деп ойлойм»,— деди.
20 Жеремия болсо мындай деди: «Жок, алардын колуна түшпөйсүз. Суранам, Жахабанын мен аркылуу айткандарын угуп, баш ийиңиз. Ошондо өзүңүзгө эле жакшы болот, аман каласыз.
21 Эгер багынып бергенден баш тартсаңыз, анда Жахаба мага көрсөткөн аяндагыдай болот:
22 Жүйүттүн падышасынын ак сарайында* калган аялдардын баарын Бабыл падышасынын төрөлөрүнө+ алып барышат. Ал аялдар:
„Ишенген кишилериң сени алдап, сага үстөмдүк кылышты.+
Бутуңду баткакка батырышты.
Эми минтип сени таштап кетишти“,— дешет.
23 Аялдарыңыз менен уулдарыңыздын баарын каздимдиктерге алып барышат, өзүңүз да алардан качып кутула албайсыз, Бабыл падышасынын колуна түшөсүз,+ сиздин айыңыздан бул шаар өрттөлөт».+
24 Ошондо Ситкия Жеремияга: «Өлүп калбашың үчүн, бул жөнүндө эч ким билбесин.
25 Эгер төрөлөр сени менен сүйлөшкөнүмдү угуп калып, сага келип: „Айтчы бизге, падыша менен эмне жөнүндө сүйлөштүң? Бизден эч нерсе жашырба, ошондо сени өлтүрбөйбүз.+ Падыша сага эмне деди?“ — дешсе,
26 аларга: „Падышадан: “Мени кайра Жонатандын үйүнө жибербеңиз, ал жактан өлүп калбайын”,+— деп сурандым“,— деп айт»,— деди.
27 Бир нече убакыттан кийин бүт төрөлөр Жеремияга келип, суроо бере баштады. Жеремия болсо аларга падышанын айт деп буйруган сөздөрүн айтты. Ошондо андан эч нерсе сурабай калышты, себеби падыша экөөнүн эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн эч кимиси уккан эмес болчу.
28 Иерусалим басылып алынган күнгө чейин Жеремия күзөтчүлөр короосунда болду.+ Каздимдиктер Иерусалимди басып алышканда, ал дагы деле ошол жерде болчу.+
Шилтемелер
^ Же: «ачарчылыктан, оорудан».
^ Сыягы, падышанын үйүндөгүлөрүнүн бири болгон.
^ Же: «үйүндө».