Жеремия 4:1—31
4 «Оо, Ысрайыл, эгер кайрылып келсең,— дейт Жахаба,—
Мага кайрылып келсең,Көз алдымдан жийиркеничтүү буркандарыңды жок кылсаң,Анда качкын болуп жүрбөйсүң.+
2 Тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант бергендеЧынчыл, акыйкат, адил болсоң,Элдер андан* бата алат*,Аны менен мактанышат».+
3 Жахаба Жүйүт жери менен Иерусалимдин тургундарына:
«Жериңерди айдагыла,Үрөнүңөрдү мындан ары тикенектин арасына сеппегиле.+
4 Жүйүт эли менен Иерусалимдин тургундары,Мен үчүн, Жахаба үчүн, тазалангыла*,Жүрөгүңөрдү тазалагыла*,+Болбосо жаман иштериңерден улам каарым оттой жалындайт,Ошондо аны эч ким өчүрө албайт»,— дейт.+
5 Бул тууралуу Жүйүт жеринде жарыялагыла,Иерусалимде жар салгыла,Бүт жерде кыйкырып, жер жаңырта мүйүз сурнай тарткыла.+
Үнүңөрдү бийик чыгарып: «Чогулгула,Чептүү шаарларга качып баралы.+
6 Сионго барчу жолду көрсөткөн белги орноткула.
Баш маанек издегиле, карап турбагыла»,— дегиле.
Себеби мен түндүктөн алаамат алып келем,+ чоң бүлгүнгө учуратам.
7 Жыш бадалдын арасынан чыккан арстандай болуп,+Элдерди кыруучу чыкты.+
Жериңерди үрөй учурарлык абалда калтырыш үчүн өз жайынан чыкты.
Шаарларыңар урандыга айланып, аңгырап ээн калат.+
8 Ошон үчүн таар* жамынгыла,+Күйүт тартып*, боздогула,Себеби Жахабанын кайнаган каары бизден кайт болгон жок.
9 «Ошол күнү,— дейт Жахаба,—
Падышанын да, төрөлөрдүн да жүрөгү өлөт*;+Дин кызматчылардын үрөйү учат, пайгамбарлар аң-таң болушат».+
10 Ошондо мен: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба! Кылыч мизине алынганы турсак,+ сен: „Силер тынчтыкта жашайсыңар“,+— деп Жүйүттүн элин да, Иерусалимдин элин да алдаптырсың»,— дедим.
11 Ошол убакта Жүйүттүн элине да, Иерусалимдин элине да мындай деп айтылат:
«Чөлдөгү дөбөлөрдөн келген куйкалаган шамалЭлимдин кызын* көздөй согот;Ал эгинди сапырып, тазалаш үчүн соккон шамал болбойт.
12 Ал жактан келаткан ошол катуу шамал менин буйругум менен келатат.
Эми мен элиме чыгарылган өкүмдөрдү жарыялайм.
13 Мына, душман кара булуттай каптап келет,Анын арабалары катуу шамалдай.+
Аттары бүркүттөн учкул.+
Биз кыйрамай болдук, башыбызга каран күн түштү!
14 Оо, Иерусалим, аман калышың үчүн жүрөгүңдү жамандыктан тазала.+
Качанкыга чейин арам ойлорду багып жүрө бересиң?
15 Дандан суук кабар угулуп,+Эпрайымдын тоолорунан кырсык болору жарыяланып жатат.
16 Муну элдерге билдиргиле;Иерусалимге жар салгыла».
«Алыскы жерден тыңчылар* келатат,Жүйүт шаарларын көздөй ураан чакырып келатат.
17 Алар талааны кайтаргандарга окшоп,+Иерусалимди туш тараптан курчап жатышат, себеби анын эли мага каршы козголоң чыгарды,+— дейт Жахаба.—
18 Сен жүрүм-турумуң, кылган иштериң үчүн тиешеңди аласың.+
Жүрөгүңдө козголоңчулдук терең тамырлагандыктан,Ала турган жазаң кандай гана оор болот!»
19 Жаным жай таппай, кыйналып турам!
Жүрөгүм сыздап жатат.
Түрсүлдөп катуу согуп жатат.
Мен мүйүз сурнайдын үнүн,Согушка чакырган добушту* уктум,Ошон үчүн унчукпай тура албайм.+
20 Улам бир алаамат жөнүндө кабар келип жатат,Бүт жердин таш-талканы чыкты.
Капыстан чатырларым кыйратылып,Бир заматта жабуулары жыртылды.+
21 Сионго жол көрсөтүш үчүн орнотулган белгини качанга чейин көрүп турам,Мүйүз сурнайдын үнүн качанга чейин угам?+
22 Менин элим акылсыз;+Мени этибарга алышпайт.
Алар — акылы жок, түшүнүгү жок уулдар.
Жаман иш кылганга келгенде акылдуу,Ал эми жакшы иш кылганды билишпейт.
23 Мен алардын жерин карасам — аңгырап ээн калыптыр.+
Асманды карасам — капкараңгы экен.+
24 Тоолорду карасам — титиреп жатыптыр,Адырлар да солкулдап жатыптыр.+
25 Айлананы карасам — бир да адам жок экен,Асман канаттууларынын баары учуп кетиптир.+
26 Бакчадай болгон жер чөлгө айланып,Шаарларынын баары жер менен жексен болуптур.+
Мунун баары Жахабанын кайнаган каарынан улам болду.
27 Анткени Жахаба мындай деген:
«Бул жердин баары ээн калат.+
Бирок аны бүт бойдон талкалабайм.
28 Ошондон улам бул жер аза күтөт,+Асман түнөрөт.+
Себеби муну мен айттым, мен чечтим,Оюмду өзгөртпөйм*, айтканымдан кайтпайм.+
29 Атчандар менен жаа тарткандардын чуусун угуп,Шаардын бүт эли качты.+
Жыш токойго кире качты,Аскаларга чыгып жашынды.+
Шаарлардын баары ээн калды,Тургундарынын бири да калган жок».
30 Эми талкаланган соң эмне кыласың?
Сен* ачык кызыл кийим кийип,Алтын жасалгаларды тагынып,Көзүңдү кара боёк менен боёчу элең.
Ошентип сулууланганың куру бекер болду,+Себеби сага сугун арткандар сени жеришти;Жаныңды алууну көздөп жатышат.+
31 Мен жаны кыйналып жаткан аялдын үнүндөй болгон үндү,Тун баласын төрөп жаткан аялдыкындай онтогон үндү,Энтиге дем алып жаткан Сион кызынын үнүн уктум.
Ал колун жайып:+ «Башыма каран түн түштү!
Канкорлор мени азапка салышты!» — деп жатат.
Шилтемелер
^ Б. а. Жахабадан.
^ Еврей тилиндеги бул этиш бата алыш үчүн иш-аракет кылыш керектигин көрсөтүп турат.
^ Сөзмө-сөз: «сүннөткө отургузулгула».
^ Сөзмө-сөз: «сүннөттөгүлө».
^ Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда жана башка ушул сыяктуу учурларда кийишчү же колдонушчу.
^ Же: «Көкүрөгүңөрдү муштагылап».
^ Же: «кайраты качат».
^ «Элимдин кызы» деген сөз айкашы, сыягы, боор ооруу же аёо сезимин билдирген поэтикалык көркөм сөз каражаты.
^ Же: «күзөтчүлөр».
^ Же балким: «Согуш ураанын».
^ Же: «Өкүнбөйм».
^ Иерусалимге, башкача айтканда, Сионго карата айтылган.