Жеремия 40:1—16

  • Небузарадан Жеремияны бошотот (1—6)

  • Гедалия өлкөгө башчы болот (7—12)

  • Гедалияга каршы уюштурулган кутум (13—16)

40  Сакчылардын башчысы Небузарадан+ Жеремияны Рамадан+ бошоткондон кийин, Жахаба Жеремияга сүйлөдү. Небузарадан колу кишенделген Жеремияны ошол жакка алып барган болчу, ал Иерусалим менен Жүйүт жеринен Бабылга туткундалып бараткандардын арасында эле. 2  Сакчылардын башчысы Жеремияны бошотконго чейин аны четке алып чыгып: «Жахаба Кудайың бул жерге ушундай алаамат алып келерин алдын ала айткан эле. 3  Эми Жахаба ошол айтканын аткарды, анткени силер Жахабага каршы күнөө кылып, анын тилин албай койдуңар. Ошон үчүн ушундай күнгө кабылдыңар.+ 4  Мына, колуңдагы кишенди чечип, сени бошотуп жатам. Эгер мени менен Бабылга баргың келсе, жүр, сага ал жактан көз салып жүрөм. Эгер баргың келбесе, анда кала бер. Мына, бүт жер сенин алдыңда. Кайсы жакка баргың келсе, ошол жакка бар бер»,— деди.+ 5  Жеремия артка кайтар-кайтпасын чече электе, Небузарадан ага: «Бабыл падышасы Жүйүт жериндеги шаарларга башчы кылып койгон Шапандын+ небереси, Ахикамдын+ уулу Гедалияга+ кайтып барып, аны менен бирге элдин арасында жашай бер. Же кайсы жерге барышты туура көрсөң, ошол жерге бара бер»,— деди. Анан сакчылардын башчысы азык-түлүк, белек берип, аны коё берди. 6  Жеремия Миспадагы+ Ахикам уулу Гедалияга барып, аны менен бирге Жүйүт жеринде калган элдин арасында жашап калды. 7  Кийинчерээк ошол жерде жүргөн бүт аскер башчылары менен алардын жоокерлери Бабыл падышасынын Ахикамдын уулу Гедалияны өлкөгө башчы кылып койгонун, ага Бабылга туткундалып кетпеген кедей-кембагалдарды: эркектерди, аялдарды, балдарды тапшырганын угушту.+ 8  Анан Миспадагы Гедалияга барышты.+ Алар Нетаниянын уулу Ысмайыл,+ Кареахтын уулдары Жоханан+ менен Жонатан, Танхуметтин уулу Серая, нетопалык Эпайдын уулдары, маахаттык бир кишинин уулу Жезания+ жана алардын жоокерлери болчу. 9  Шапандын небереси, Ахикамдын уулу Гедалия алар менен жоокерлерине ант берип: «Каздимдиктерге кызмат кылгандан коркпогула. Ушул жерде жашап, Бабыл падышасына кызмат кылгыла, ошондо өзүңөргө эле жакшы болот.+ 10  Мен болсо Миспада жашап, бизге келген каздимдиктердин алдында өкүлүңөр болом. Силер болсо шарап, жайында бышчу жемиштерди, май камдап, идиштериңерди толтургула, ээлеген шаарларыңарда жашай бергиле»,— деди.+ 11  Ошондой эле Мааптагы, Амондун тукумдарынын арасындагы, Эдомдогу жана башка жерлердеги жүйүттөрдүн баары Бабыл падышасынын Жүйүт жерине элден калдык калтырганын, аларга Шапандын небереси, Ахикамдын уулу Гедалияны башчы кылып койгонун угушту. 12  Ошондо жүйүттөрдүн баары чачырап кеткен жерлеринен кайтып келе башташты. Алар Жүйүт жерине, Миспадагы Гедалияга келип, шараптан, жайында бышчу жемиштерден көп кылып камдашты. 13  Кареахтын уулу Жоханан менен ошол жердеги бүт аскер башчылары Миспага, Гедалияга келишти. 14  Алар ага: «Амондун тукумдарынын+ падышасы Баалистин Нетаниянын уулу Ысмайылды сизди өлтүрүш үчүн жибергенин билбейсизби?»+ — дешти. Бирок Ахикамдын уулу Гедалия аларга ишенген жок. 15  Кареахтын уулу Жоханан Миспада Гедалия менен жашыруун сүйлөшүп: «Мен барып, Нетаниянын уулу Ысмайылды өлтүрүп келейин, муну эч ким деле билбей калат. Болбосо ал сизди өлтүрүп коёт. Ошондо жаныңызга чогулган бардык жүйүттөр чачырап, жүйүт элинин калдыгы кырылып калат. Буга жол бербеш керек!» — деди. 16  Бирок Ахикамдын уулу Гедалия+ Кареахтын уулу Жохананга: «Кой, өлтүрбө! Ысмайыл жөнүндө айткандарың калп»,— деди.

Шилтемелер