Жеремия 41:1—18
41 Падыша тукумунан чыккан, падышанын башчыларынын бири болгон Элишаманын небереси, Нетания уулу Ысмайыл+ 10 киши менен жетинчи айда Миспадагы Ахикам уулу Гедалияга келди.+ Алар Миспада чогуу тамак ичип жатышканда,
2 Нетания уулу Ысмайыл менен 10 киши ордуларынан туруп, Шапандын небереси, Ахикам уулу Гедалияны кылыч менен өлтүрүштү. Ошентип, Ысмайыл Бабыл падышасы ошол жерге башчы кылып койгон кишини өлтүрүп салды.
3 Ал Миспада Гедалия менен бирге болгон жүйүттөрдүн баарын, ошол жердеги каздимдиктердин жоокерлерин да өлтүрүп салды.
4 Гедалия өлтүрүлгөн күндүн эртеси, ал жөнүндө эч ким биле электе,
5 Шекемден,+ Шилодон,+ Самариядан+ сакалдары алынган, кийимдери айрылган, денесин кескилеген+ 80 киши келди. Алар Жахабанын ибадатканасына алып барыш үчүн дан азыктарынан тартуу, ладан+ көтөрүп алышкан эле.
6 Нетания уулу Ысмайыл аларды тосуп алыш үчүн Миспадан чыгып, жолдо ыйлап баратты. Аларга жеткенде: «Жүргүлө, Ахикам уулу Гедалияга баралы»,— деди.
7 Бирок шаарга киришери менен, Нетания уулу Ысмайыл менен жанындагы кишилер аларды өлтүрүп, суу сакталчу чуңкурга ыргытып салышты.
8 Бирок алардын арасынан 10 киши чыгып, Ысмайылга: «Бизди өлтүрбө, анткени талаада буудай, арпа, май, бал сакталган жашыруун кампаларыбыз бар»,— дешти. Ошондо Ысмайыл аларды берки боордоштору менен кошо өлтүргөн жок.
9 Ал өзү өлтүргөн кишилердин баарын Аса падыша каздырган суу сакталчу чоң чуңкурга таштады. Аса падыша аны Ысрайыл падышасы Баашадан коркконунан каздырган болчу.+ Нетания уулу Ысмайыл ал чуңкурду өлүккө толтурду.
10 Анан Ысмайыл Миспада+ калган бүт элди, анын ичинде падышанын кыздарын, Миспадагы сакчылардын башчысы Небузарадан Ахикам уулу Гедалияга тапшырган+ калган элдин баарын туткунга алды. Нетания уулу Ысмайыл аларды туткундап, Амондун тукумдарына жөнөдү.+
11 Көп өтпөй Кареах уулу Жоханан+ менен анын жанындагы аскер башчыларынын баары Нетания уулу Ысмайылдын кыянат иштеринин баарын угушту.
12 Ошондо алар баарын чогултуп, Нетания уулу Ысмайыл менен салгылашканга жөнөштү. Аны Гибондогу чоң суунун* боюнан табышты.
13 Ысмайыл туткундап бараткан бүт эл Кареах уулу Жоханан менен анын жанындагы аскер башчыларын көргөндө сүйүнүп кетти.
14 Ошондо Ысмайыл Миспадан+ туткундап бараткан ошол элдин баары артка бурулуп, Кареах уулу Жохананды көздөй жөнөштү.
15 Нетания уулу Ысмайыл болсо 8 кишиси менен бирге Жоханандан качып, Амондун тукумдарына кетип калды.
16 Кареах уулу Жоханан менен анын жанындагы бүт аскер башчылары калган элдин баарын: Нетаниянын уулу Ысмайыл Ахикамдын уулу Гедалияны өлтүргөндөн кийин+ Миспадан алып кеткен эркектерди, жоокерлерди, аялдарды, балдарды, ак сарай кызматчыларын анын колунан куткарып, Гибондон кайра алып кетишти.
17 Алар андан ары Мисирге бармакчы болуп,+ Бетлехемдин+ жанындагы Кимам түнөк жайына келип токтошту.
18 Себеби Нетаниянын уулу Ысмайыл Бабыл падышасы ошол жерге башчы кылып койгон Ахикам уулу Гедалияны өлтүрүп койгондуктан,+ алар каздимдиктерден коркуп, качып баратышкан эле.
Шилтемелер
^ Же балким: «чоң көлмөнүн».