Жеремия 45:1—5
-
Жахабанын Барухка айткан сөзү (1—5)
45 Жүйүттүн падышасы Жошия уулу Жаякимдин+ башкаруусунун төртүнчү жылында Нерия уулу Барух+ Жеремия пайгамбар айткан сөздөрдү түрмөккө жазып алгандан кийин,+ Жеремия ага мындай деди:
2 «Барух, Ысрайылдын Кудайы Жахаба сен жөнүндө мындай дейт:
3 „Сен: “Шорум каткан турбайбы, себеби Жахаба кайгыма кайгы кошту! Үшкүрүнүп жатып эсим ооду, жаным жай таппай келет”,— дедиң“.
4 Кудай мындай деди: „Барухка мындай деп айт: “Жахаба: “Мен курганымды талкалайм, тиккенимди тамыры менен жулуп таштайм. Бул жердин баарын ушинтем.+
5 Сен болсо чоң нерсени көксөп* жатасың. Көксөбө”,— деди”.
“Себеби жакында бардык адамдардын башына алаамат түшүрөм.+ Сени болсо, кайда барба, сактап жүрөм, жаның өзүңө олжо болот”,+— дейт Жахаба“».
Шилтемелер
^ Же: «күтүп».