Жеремия 47:1—7
-
Жахабанын пелиштиликтер жөнүндө айткан сөзү (1—7)
47 Фараон Газаны талкалай электе Жахабанын Жеремия пайгамбарга пелиштиликтер+ жөнүндө айткан сөзү.
2 Жахаба мындай дейт:
«Мына, түндүктөн суу агып келатат.
Ал ташкындаган сууга айланат,Бул жер менен андагынын баарын,Бул шаар менен анын тургундарын каптайт.
Эл өкүрүк салат,Бул жерде жашагандардын баары боздойт.
3 Душман минген айгырлардын дүбүртүн,Согуш арабаларынын калдыраганын,Дөңгөлөктөрдүн жер дүңгүрөткөн дабышын угуп,Аталар кайратын жоготот,Атүгүл балдарын карабай качышат.
4 Анткени пелиштиликтердин баары кырыла турган,+Тир+ менен Сидондун+ аман калган шериктештери ойрон боло турган күн келатат.
Себеби Жахаба пелиштиликтерди,Каптор*+ аралынан жер которуп келгендердин калдыгын кырат.
5 Газа таз* болот.
Ашкелондун үнү басылат.+
Оо, алардын өрөөндөгү аман калган эли,Денеңерди качанга чейин кескилейсиңер?+
6 Оо, Жахабанын кылычы!+
Качанга чейин тыйылбайсың?
Кыныңа кир,Басыл, тыйыл.
7 Жахаба буйрук бергенде,Кылыч кантип тынч турсун?!
Ал аны Ашкелонго,Деңиз жээгине жиберди».+