Жеремия 48:1—47
-
Жахабанын Маап жөнүндө айткан сөзү (1—47)
48 Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба Маап+ тууралуу мындай дейт:
«Небонун+ башына каран түн түштү, анткени ал талкаланды!
Кириатайым+ уятка калды, басылып алынды.
Коопсуз чеп маскара болуп, кыйратылды.+
2 Мындан ары Маап даңазаланбайт.
Хешпондо+ душмандар:
„Жүргүлө, эл деген атын өчүрөлү“ — деп, аны кыйратууну ойлонушту.
Мадмен, сен да унчукпа,Себеби артыңдан кылыч келатат.
3 Хоронайымдан өкүрүк угулуп жатат,+Себеби ал талкаланып, жер менен жексен болду.
4 Мааптын таш-талканы чыгып,Кичинекей балдарынын чаңырыгы угулуп жатат.
5 Лухитке чыгып бараткандар токтобой ыйлап баратышат.
Хоронайымдан түшүп келаткандар алааматтан улам боздоп келатышат.+
6 Качкыла, жаныңарды сактап калгыла!
Силер ээн талаадагы арчадай болуп каласыңар.
7 Оо, Маап, жетишкендиктериңе*, байлыгыңа таянганың үчүн,Сени да басып алышат.
Кудайың Кемос+ дин кызматчылары,Төрөлөрү менен бирге туткунга кетет.
8 Кыйрата турган душман ар бир шаарга кирип келет,Бир да шаар соо калбайт.+
Жахаба айткандай, өрөөн жок болот,Түздүк ойрон болот.
9 Мааптын эли үчүн жол белгисин койгула,Себеби шаарлары урандыга айланганда, эли качып жөнөйт.
Шаарлары үрөй учурарлык абалда калат,Бир да тургуну калбайт.+
10 Жахабанын тапшырмасын көңүл коюп аткарбаган адамга каргыш тийсин!
Кылычы кан төкпөгөн адамга каргыш тийсин!
11 Мааптыктар жаш чагынан бейкапар жашайт,Тунуп турган шараптай эч козголбой тынч жашап келет.
Алар идиштен идишке куюлган жок,Эч качан туткундалышкан эмес.
Ошон үчүн даамы жакшырган жок,Жыты өзгөргөн жок.
12 „Мына, ошондуктан мен аларды көңтөрө турган кишилерди жибере турган күндөр келатат,— дейт Жахаба.— Ал кишилер аларды көңтөрүп, идиштерин бошотот, чоң кумараларын талкалап салышат.
13 Ысрайыл эли өзү таянган Бейтелде кылган иштеринен улам уят болгондой,+ мааптыктар да кудайы Кемостон улам уят болушат.
14 Силер: “Биз согушканга даяр турган күчтүү жоокерлербиз”,— деп айтканга кантип батынып жатасыңар?“+
15 „Маап талкаланды,Шаарлары басылып алынды,+Эң мыкты жигиттери өлтүрүлдү“,+— дейт Падыша,Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба деген ысымы бар Кудай.+
16 Жакында мааптыктардын башына мүшкүл түшөт,Алардын акыры тездик менен жакындап келатат.+
17 Тегерегиндегилердин баары,Алардын атын билгендердин баары аларга боор ооруйт.
„Бекем таяк, даңктуу бийлик таягы сынды!“ — дегиле.
18 Оо, Дибон+ кызы,Даңктуу ордуңдан түш да, сууга чаңкап отур*,Себеби сага каршы Маапты кыйраткандар келатат,Алар чептериңди талкалайт.+
19 Ароер+ тургуну, жолдун боюна тур да, карап тур.
Качып кутулуп бараткан эркек-аялдардан: „Эмне болду?“ — деп сура.
20 Маап уят болду, аны коркунуч басты.
Боздогула, өкүргүлө.
Мааптын ойрон болгонун Арнондо+ жар салгыла.
21 Түздүктөгү шаарлардын баары жазаланды:+ Холон, Жаас,+ Мепат,+
22 Дибон,+ Небо,+ Бет-Диблатайым,
23 Кириатайым,+ Бет-Гамул, Бет-Меон,+
24 Кериот,+ Бозра, Маап жериндеги жакынкы жана алыскы шаарлардын баары жазаланды.
25 „Маап күчүнөн* айрылды,Анын колу сынды,— дейт Жахаба.—
26 Аны мас болгуча ичиргиле,+ себеби ал Жахабага кыйынсынды.+
Маап өз кусундусуна оонап,Шылдың болуп жатат.
27 Мурун сен Ысрайылды шылдыңдабадың беле?+
Башыңды чайкап, ага каршы сүйлөгүдөй,Ал, эмне, уурулук кылып кармалды беле?
28 Мааптын тургундары, шаарларыңарды таштап, аскада жашагыла,Капчыгайлардагы тоо бооруна уя салган көгүчкөндөрдөй болгула“».
29 «Биз өтө менменсинген Мааптын текебердиги,Кекирейгендиги, текебердиги, менменсингендиги, бой көтөргөндүгү жөнүндө укканбыз».+
30 «„Мен анын ачуулуу экенин билем,— дейт Жахаба,—
Бирок анын курулай сөздөрүнөн майнап чыкпайт.
Колунан эч нерсе келбейт.
31 Ошон үчүн Маапты ойлоп боздойм,Бүт Маапты ойлоп өксөп ыйлайм.
Кир-Херестин+ тургундарын ойлоп онтоп кыйналам.
32 Оо, Сибма+ жүзүмү,Жазерге+ караганда сени көбүрөөк жоктоп ыйлайм.
Жайылып өскөн бутактарың деңиздин аркы өйүзүнө жетти,Деңизге чейин, Жазерге чейин жетти.
Жайында бышкан жемиштериңе,Жыйнаган жүзүмүңө душман кол салды.+
33 Бакчада кубангандардын,Маап жеринде шаттангандардын үнү угулбай калды.+
Мен жүзүм тебелеген жайдан шарап акпагыдай кылдым.
Жүзүмдү кубана тебелеген эч ким болбойт.
Кыйкырыктар угулат, бирок кубангандардын кыйкырыгы эмес“».+
34 «„Хешпондон+ Элалеге+ чейин кыйкырык угулат.
Алардын үнү Жааска+ чейин,Соардан Хоронайымга,+ Эглат-Шелишиага чейин жетет,Атүгүл Нимримдин суулары какшып калат.+
35 Сыйына турган бийик жерде тартуу алып келгендерди,Кудайына курмандык чалгандарды,— дейт Жахаба.—
Маап жеринен жок кылам.
36 Ошон үчүн Маапты ойлоп жүрөгүм чоордой* сыздайт*,+Кир-Херестин тургундарын ойлоп чоордой сыздайт.
Себеби анын байлыгы жок болот.
37 Ар биринин чачы,+Сакалы кырылган.
Ар биринин колу тилинген,+Ар бири белине таар курчанган!“»+
38 «„Мааптын бардык үйлөрүнүн үстүндө,Аянттарынын баарында,Бүт жерде эл боздоп жатат.
Себеби мен Маапты талкаладым,Керектен чыккан кумарадай кылып талкаладым,— дейт Жахаба.—
39 Анын үрөйү учту! Боздогула!
Маап кандай гана уят болду, артка чегинди!
Тегерегиндегилердин баарына шылдың болду,Аны көрүп баарынын үрөйү учту“».
40 «Жахаба мындай дейт:
„Душман бүркүткө окшоп ылдый шукшурулат,+Мааптын үстүнө канатын жаят.+
41 Шаарлар басылып алынат,Чептери каратылып алынат.
Ошол күнү Мааптын жоокерлери кыйналат,Төрөп жаткан аялдай азап тартат“».
42 «„Маап жок кылынат, эл болбой калат,+Себеби ал Жахабага кыйынсынды.+
43 Оо, Мааптын тургуну,— дейт Жахаба.—
Сени коркунуч, аң, тузак күтүп турат.
44 Коркунучтан качкан адам аңга түшөт,Аңдан чыккан адам тузакка түшөт“.
„Себеби өзүм белгилеген жылы Маапты жазалайм,— дейт Жахаба.—
45 Качып бараткандар токтоп, Хешпондун көлөкөсүндө алсырап турушат.
Бирок Хешпондон от,Сихондун ичинен жалын чыгып,+Мааптын бешенесин,Зөөкүр жоокерлердин баш сөөгүн күйгүзүп кетет“.+
46 „Маап, башыңа каран түн түштү!
Кемоско+ сыйынган эл кырылды.
Себеби уул-кыздарың туткундалып кетти.+
47 Бирок мен акыркы күндөрдө Мааптын туткундагы элин чогултам,— дейт Жахаба.—
Маапка чыгарылган өкүм ушуну менен аяктайт“».+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «кылган иштериңе».
^ Же балким: «кагыраган жерде отур».
^ Сөзмө-сөз: «мүйүзүнөн».
^ Же: «жүрөгүм уйгу-туйгу болот».
^ Б. а. сөөк койгондо тартылчу чоор.