Жеремия 49:1—39
49 Амондун урпактары+ жөнүндө Жахаба:
«Ысрайыл элинин уулдары жок бекен?
Же мурасчылары жок бекен?
Анда эмнеге Малкам*+ Гаттын жерин басып алды?+
Эмнеге ага сыйынгандар Ысрайылдын шаарларында жашап жатат?» — дейт.
2 «„Ошон үчүн,— дейт Жахаба,—
Амондун урпактарынын+ Раббасына+ каршы согушка чакырган добуш* угула турган күндөр келатат.
Ошондо ал үйүлгөн урандыга айланат,Ага караштуу* шаарлар өрттөлөт“.
„Ысрайыл эли болсо өзүнөн тартып алынган жерлерге кайрадан ээлик кылып калат“,+— дейт Жахаба.
3 „Оо, Хешпон, боздо, себеби Ай шаары талкаланды!
Раббага караштуу шаарлар, бакырып ыйлагыла.
Таар жамынгыла.
Боздогула, таш короолорду* аралап каңгыгыла,Анткени Малкам өзү да,Анын дин кызматчылары менен төрөлөрү да чогуу туткунга кетет.+
4 Оо, ишенип болбой турган кыз,“Мага кол салганга ким батынмак эле?” — деп байлыгына таянган кыз,Эмнеге өрөөндөрүңө,Суусу мол* түздүгүңө мактанып жатасың?“»
5 «Мен сага бүт тегерегиңдегилер тараптан коркунуч жиберем,— дейт Эгедер Теңир,Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.—
Ар бириңер туш-тушка тарап кетесиңер,Качкандарды чогултар эч ким болбойт».
6 «„Бирок кийин туткунда жүргөн Амондун урпактарын чогултам“,— дейт Жахаба».
7 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба Эдом жөнүндө мындай дейт:
«Теманда*+ эч кандай акылмандык калган жокпу?
Түшүнүгү барлар жакшы кеңеш айта албай калдыбы?
Акылынан эч кандай пайда жок болуп калдыбы?
8 Качкыла! Артка тарткыла!
Оо, Дедандын+ тургундары, ылдый түшүп, баш калкалагыла!
Анткени Эйсаптын урпактарын жазалай турган убак келгендеАларга алаамат жиберем.
9 Эгер силердикине жүзүм жыйнагандар келсе,Артынан аз болсо да мөмө калтырмак.
Же түн ичинде ууру кирсе,Канча кааласа, ошончо гана уурдамак.+
10 Мен болсо Эйсаптын урпактарын дырдай жылаңачтайм.
Жашырынган жерлерин ачыкка чыгарам,Ошондо алар жашына албай калат.
Тукум-уругу, тууган-туушкандары, жакындары — баары жок болот,+Өздөрү да жок болот.+
11 Жетимдериңди мага калтыр,Аларды аман алып калам.
Жесирлериң да мага таяна алат».
12 Жахаба: «Каарыма толгон чөйчөктөн өкүм чыгарылбагандар да ичиши керек болсо, анда сен жазасыз калмак белең? Жок, жазасыз калбайсың, андан сөзсүз ичесиң»,+— дейт.
13 «Өзүмдү оозанып ант берем,— дейт Жахаба.— Бозра үрөй учурарлык абалга туш болуп,+ уятка калат, ойрон болот, каргышка калат. Анын бүт шаарлары биротоло урандыга айланат».+
14 Мен Жахабадан кабар уктум.
Ал элдер арасында: «Баарыңар чогулуп, Эдомго каршы чыккыла,Согушка даярдангыла!» — деп жарыялаганы кабарчы жиберди.+
15 «Силерди элдердин арасында басынтам,Адамдардын арасында жек көрүндү кылам.+
16 Оо, асканын далдаасында,Эң бийик тоолордо жашагандар,Силер элдерди коркутуп-титиреткениңерге,Менменсинген жүрөгүңөргө алдандыңар.
Бирок бүркүткө окшоп бийикке уя салсаңар да,Силерди ал жактан кулатып түшүрөм,— дейт Жахаба.—
17 Эдом үрөй учурарлык абалда калат.+ Жанынан өткөн ар бир адам аны таң кала карап, кандай балээлерге кабылганын көрүп ышкырат.
18 Содом менен Амор жана алардын коңшу шаарлары кыйратылгандан кийин кандай болсо, ал жер да ошондой болот,+— дейт Жахаба.— Ал жакта эч ким жашабайт, бир да киши отурукташпайт.+
19 Мына, бирөө Иорданды бойлой өскөн жыш бадалдын арасынан чыккан арстандай болуп чыгып,+ Эдомдун коопсуз жайыттарына кол салат. Ошол замат аларды* өз жеринен кууп жиберем. Ал жерге өзүм тандаган башчыны дайындайм. Мага ким тең келе алат? Ким мени менен доолаша алат? Мага кайсы койчу каршы боло алат?+
20 Ошон үчүн Жахабанын Эдомго каршы чыгарган чечимин, Темандын тургундарына карата кандай ниети бар экенин уккула:+
Отордогу козуларды сүйрөп кетишет.
Элдин кылган иштеринин айынан алардын жайыты ээн калат.+
21 Эдом кулаганда чыккан дабыштан жер титиреди.
Кыйкырык угулду!
Ал Кызыл деңизге+ чейин угулду.
22 Душман бүркүткө окшоп көккө көтөрүлөт да, ылдый шукшурулат,+Бозранын үстүнө канатын жаят.+
Ошол күнү Эдомдун жоокерлери кыйналат,Төрөп жаткан аялдай азап тартат».
23 Дамаск жөнүндө айтылган кабар:+
«Хамат+ менен Арпаттын эли суук кабар угуп,Уят болушту,Коркконунан жүрөктөрү түштү.
Эл албууттанган деңиздей болуп тынчтана албай жатат.
24 Дамасктын элинин кайраты качты.
Алар качып кутулгусу келди,Бирок дүрбөлөңгө түшкөндүктөн кача алышкан жок.
Төрөп жаткан аялдай болуп,Кыйналып, азап тартып жатышат.
25 Шаңга толгон шаардын,Даңктуу шаардын эли эмнеге андан чыгып кеткен жок?
26 Себеби анын аянттарында жаш жигиттери сулайт.
Ал күнү бүт жоокерлер кырылат,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.—
27 Мен Дамасктын дубалына өрт коём,Ошондо Бенадаттын чептүү мунараларын от жалмайт».+
28 Бабылдын падышасы Небухаданасар талкалаган Кедар+ жөнүндө, Хазор падышалыктары жөнүндө Жахаба мындай дейт:
«Тургула, Кедарга баргыла,Чыгышта жашагандарды кыйраткыла.
29 Алардын чатырлары менен оторлорун,Чатырларынын жабуулары менен бүт мүлкүн тартып алгыла.
Төөлөрүн айдап кеткиле,Алар: „Бүт жак коркунучтуу болуп жатат!“ — деп кыйкырышат».
30 «Качкыла, алыска качкыла!
Оо, Хазордун эли, ылдый түшүп, баш калкалагыла,— дейт Жахаба.—
Анткени Бабыл падышасы Небухаданасар силерге каршы амал ойлоп тапты,Силерге жамандык кылууну ойлонуштуруп койду».
31 «Тургула,— дейт Жахаба,Бейкапар, коопсуз жашап жаткан бул элге каршы чыккыла!»
«Алардын эшиктери да, бекиткичтери да жок;Алар элден обочо жашашат.
32 Алардын төөлөрүн айдап кетишет,Жер жайнаган малы олжо болот.
Мен аларды, саамай чачын кырктыргандарды,+ туш тарапка чачыратып* жиберем.
Бүт жактан аларга алаамат каптатам,— дейт Жахаба.—
33 Хазор чөөлөр байырлаган жерге айланат,Түбөлүккө ээн калат.
Ал жакта эч ким жашабайт,Бир да киши отурукташпайт».
34 Жүйүттүн падышасы Ситкиянын+ башкаруусунун башында Жахаба Жеремия пайгамбарга Эйлам+ тууралуу мындай деди:
35 «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Мен Эйламдын+ негизги күчү* болгон жаасын сындырам.
36 Эйламга асмандын төрт тарабынан төрт шамал жиберем. Анын элин ошол шамалдардын арасына чачам, Эйламдын чачырап кеткен тургундары барбаган бир да эл калбайт“,— дейт».
37 «Душмандарынын көз алдында, алардын жанын алгысы келгендердин алдында эйламдыктардын кайратын качырам. Аларга алаамат жиберип, кайнаган каарымды төгөм,— дейт Жахаба.— Кырып жок кылмайынча алардын артынан кылыч жиберем».
38 «Мен Эйламга+ өз тактымды коём, анын падышасын да, төрөлөрүн да жок кылам»,— дейт Жахаба.
39 «Бирок акыркы күндөрдө Эйламдын туткундагы элин чогултам»,— дейт Жахаба.
Шилтемелер
^ Сыягы, Амондун тукумдарынын Молек же Милком деп да аталган жалган кудайы.
^ Же балким: «согуш урааны».
^ Же: «Тегерегиндеги».
^ Же: «кой короолорду».
^ Же: «Түшүмдүү».
^ Сыягы, Эдом жериндеги Темандын урпактары жашаган шаар же аймак.
^ Сыягы, Эдомдун тургундары жөнүндө сөз жүрүп жатат.
^ Сөзмө-сөз: «ар бир шамалга айдатып».
^ Же: «күчүнүн булагы».