Жеремия 5:1—31
5 Иерусалимдин көчөлөрүн аралагыла.
Айлананы көңүл коюп карагыла.
Аянттарынан жакшылап издегиле,Эгер адилеттүү иш кылган,+Ишеничтүү болгонго умтулган адамды тапсаңар,Мен бул шаарды кечирем.
2 Бул эл атүгүл тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант берген күндө да,Берген анты жалган болуп чыкмак.+
3 Оо, Жахаба, сен өзүңө берилгендерди издейт эмессиңби.+
Сен элиңди жазалагансың, бирок бул аларга таасир эткен эмес.
Алардын көптөрүн кыргансың, бирок алар тарбияга моюн сунган эмес.+
Алар кежирленип*,+Сага кайтып келгенден баш тартышкан.+
4 Ошондо өзүмчө мындай дедим: «Булар — түркөй эл.
Жахабанын эркин*,Өз Кудайынын мыйзамын билбей, акылсыздык кылып жатышат.
5 Аттуу-баштууларга барып, алар менен сүйлөшөйүн,Себеби алар Жахабанын эркин,Өз Кудайынын мыйзамын билиши керек эмеспи.+
Бирок алардын баары тең моюнтурукту* сындырышкан,Аларды чектеген нерселерди бузушкан*».
6 Мына ошон үчүн аларга токойдон чыккан арстан кол салып,Чөлдүү түздүктөн келген карышкыр тийип жатат,Шаарларынын жанында кабылан аңдып жатат.
Сыртка чыккандардын баары ага жем болот.
Себеби алардын кылмышы көп;Кудайга баш ийбей көп жолу ишенимсиздик кылышкан.+
7 Бул үчүн сени* кантип кечирем?
Уулдарың мени таштап кетишти,Жалган кудайды оозанып ант берип жатышат.+
Мен алардын муктаждыктарын канааттандырып келгем,Алар болсо ойноштук кылганын токтотпой,Топ-тобу менен сойкунун үйүнө барып жүрүштү.
8 Алар кумары ээ-жаа бербей, ээликкен айгырлардай,Ар бири башканын аялын кумарлана карайт.+
9 «Ушунун баары үчүн аларды жоопко тартпай коёмбу? — дейт Жахаба.—
Ушундай элден өч албай коёмбу?»+
10 «Анын тектирлердеги жүзүмзарына барып, бүлдүргүлө,Бирок биротоло жок кылбагыла.+
Жаңы бутактарын кыйып таштагыла,Анткени алар мага, Жахабага, таандык эмес.
11 Ысрайылдын эли менен Жүйүттүн элиМага барып турган чыккынчылык кылып келишти,— дейт Жахаба.+—
12 Алар менден, Жахабадан, баш тартып:
„Ал эч нерсе кылбайт*.+
Башыбызга эч кандай алаамат түшпөйт;Биз кылычты да, ачарчылыкты да көрбөйбүз“,— деп жатышат.+
13 Пайгамбарлар куру сөздөрдү сүйлөйт,Алардын жүрөгүндө менин сөзүм жок.
Куру сөздөрүндөй болуп, өздөрү да жок болуп кетишсин».
14 Ошондуктан асман аскерлеринин Кудайы Жахаба:
«Алар ошентип айтканы үчүн,Сенин* оозуңдагы сөздөрүмдү от кылам,+Ал эми эл отун болот,Аларды ошол от жалмайт»,— дейт.+
15 «Оо, ысрайыл эли, силерге алыстан бир элди алып келем,+— дейт Жахаба.—
Ал — түпкүлүктүү эл,Байыркы эл,Сен тилин билбеген,Сөзүн түшүнбөгөн эл.+
16 Алардын саадагы ачык көрдөй.
Алардын баары — жоокерлер.
17 Алар сенин түшүмүң менен наныңды жейт,+Уулдарың менен кыздарыңды,Майда малың менен бодо малыңды,Жүзүмүң менен анжир дарактарыңды жеп-жутат.
Аскерлери сен таянган чептүү шаарларыңды кыйратат».
18 «Бирок ошол күндөрдө да,— дейт Жахаба,— мен силерди таптакыр кырып салбайм.+
19 Алар: „Жахаба Кудайыбыз ушунун баарын башыбызга эмнеге түшүрдү?“ — деп сурашканда, аларга: „Мени таштап, өз жериңерде башка кудайга кызмат кылганыңар үчүн бөтөн жерде бөтөн элге кызмат кыласыңар“,— деп айт».+
20 Жакыптын урпактарына минтип айткыла,Жүйүт жеринде мындай деп жарыялагыла:
21 «Сезими жок, акылсыз эл, ук:+
Силер көзүңөр бар болуп туруп, көрбөйсүңөр;+Кулагыңар бар болуп туруп, укпайсыңар.+
22 „Менден коркпойсуңарбы? — дейт Жахаба.—
Менин алдымда калтырашыңар керек эмеспи?!
Деңизге кумду чек кылып койгон,Андан өтө албашы үчүн, түбөлүккө буйрук берген менмин.
Толкундары жээкке урунганы менен, чектен аша албайт,Буркан-шаркан түшкөнү менен, андан өтө албайт.+
23 Бирок бул эл — тоң моюн, козголоңчул эл;Алар мени таштап, өз жолу менен кетишти.+
24 Алар: “Өз маалында жаан жаадырган,Күзгү жамгыр менен жазгы жамгырды жаадырган,Түшүм жыйнай турган жумаларды биз үчүн белгилеп койгон Кудайыбыздан,+Жахаба Кудайыбыздан корколу”,— деп ойлонушпайт.
25 Силердин кылмыштарыңардын айынан азыр булардын бири да жок;Күнөөлөрүңөрдүн айынан ошол жакшылыктардын баарынан кол жууп калдыңар.+
26 Себеби элимдин арасында ыймансыздар бар.
Алар куш аңдыган аңчылардай жемин акмалап турушат,Адамдарды кармаш үчүн каргашалуу торун жайышат.
27 Чымчыкка толгон капастай,Алардын үйлөрү да алдамчылык менен табылган оокатка толгон.+
Мына ошон үчүн алардын күч-кубаты, байлыгы артып жатат.
28 Семиргендиктен, терилери жылтырайт;Алар жаман иштерге белчесинен батып жатышат.
Өздөрүнүн пайдасын көздөп,Жетимдин ишин карашпайт,+Жакырларга калыстык кылышпайт“».+
29 «Ушунун баары үчүн аларды жоопко тартпай коёмбу? — дейт Жахаба.—
Ушундай элден өч албай коёмбу?
30 Бул жерде төбө чачты тик тургузган, үрөй учурарлык мындай нерсе болуп жатат:
31 Пайгамбарлар жалган айтып пайгамбарлык кылып жатышат,+Дин кызматчылар элге үстөмдүк кылып жатышат.
Бул болсо элиме жагып жатат.+
Бирок мунун баарынын акыры келгенде эмне кыласыңар?»
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «жүзүн таштан катуу кылып».
^ Сөзмө-сөз: «жолун».
^ Сөзмө-сөз: «Жиптерди үзүшкөн».
^ Бул жердеги «моюнтурук» деген сөз Кудайга баш ийүүнү билдирет.
^ Иерусалимге карата айтылган.
^ Же балким: «Ал жок».
^ Б. а. Жеремиянын.