Жеремия 51:1—64
51 Жахаба мындай дейт:
«Мына, мен Бабылга,+Леб-Камайдын* тургундарына кыйратуучу шамал соктурам.
2 Бабылга сапыруучуларды жиберем,Алар аны сапырып, ээн калтырат;Алаамат күнү ага туш тараптан кол салышат.+
3 Бабылдын жаачылары жаасын тартпайт.
Жоокерлеринин бири да соот кийип ордунан турбайт.
Анын улан-жигиттерин аябагыла.+
Бүт аскерин кыргыла.
4 Алар Каздим жеринде кулайт,Оор жарадар болуп, Бабылдын көчөлөрүндө сулайт.+
5 Себеби Ысрайыл менен Жүйүттүн элин алардын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба таштаган жок*.+
Каздимдиктердин жери болсо Ысрайылдын Ыйыгынын көз алдында күнөөгө батты.
6 Бабылдан качкыла,Өз жаныңарды сактагыла.+
Анын күнөөсүнөн улам өлүп калбагыла.
Анткени Жахабанын өч алар убагы келди.
Ал ага иштерине жараша тиешесин берип жатат.+
7 Бабыл Жахабанын колундагы алтын чөйчөк болчу;Ал жер жүзүн мас кылган.
Элдер анын шарабын ичкен;+Ошон үчүн акылынан айнышкан.+
8 Бабыл капыстан кулап, талкаланды.+
Ал үчүн кайгырып ыйлагыла!+
Оорусун басыш үчүн бальзам алып келгиле, балким, айыгып кетер».
9 «Биз Бабылды айыктырганга аракет кылдык, бирок айыкпай койду.
Аны таштагыла, жүргүлө, ар бирибиз өз жерибизге баралы.+
Себеби анын айыбы асманга жетти,Булуттардай бийик көтөрүлдү.+
10 Жахаба биз үчүн адилеттик орнотту.+
Жүргүлө, Сиондо Жахаба Кудайыбыздын ишин жар салалы».+
11 «Жебелериңерди курчуткула;+ тегерек калкандарыңарды алгыла*.
Жахаба Бабылды талкалоону ниет кылып,Мадай падышаларын козгоду.+
Анткени Жахаба өч алат, ибадатканасы үчүн өч алат.
12 Чабуул коюш үчүн Бабылдын дубалдарынын тушуна белги орноткула.+
Күзөттү күчөткүлө, күзөтчүлөрдү койгула.
Буктурмада жаткандарды даярдагыла.
Себеби Жахаба кантип чабуул коюшту ойлонуштуруп койгон,Ал Бабылдын тургундары жөнүндө берген убадасын сөзсүз ишке ашырат».+
13 «Оо, аял, көп суулардын үстүндө жашаган,+Чоң байлыкты басып жаткан аял,+Көрөр күнүң, арам оокат жыйнаган күнүң бүттү.+
14 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба:
„Мен сени чегирткедей көп элге толтурам.
Алар сени жеңип, шаттана үн салышат“,— деп өзүн оозанып ант берди.+
15 Кудай жерди кудурети менен жараткан,Түшүмдүү жерди акылмандыгы менен бекем орноткон,+Даанышмандыгы* менен асманды кездемедей жайган.+
16 Анын үнү угулганда,Асмандагы суулар буркан-шаркан түшөт.
Ал жердин учу-кыйырынан булуттарды* көтөрөт,Жамгыр жаап жатканда, чагылган чартылдатат*,Кампаларынан шамал чыгарат.+
17 Адамдардын баары акылсыздык кылып жатышат, алардын билими жок.
Ар бир темир уста оюп жасаган бурканынын айынан уят болот;+Себеби куйма бурканы — жалган нерсе.
Андай буркандардын жаны жок.+
18 Алар — пайдасыз*,+ шылдыңдап күлө турган нерселер.
Жазаланар убагы келгенде жок болушат.
19 Ал эми Жакыптын Кудайы* алардай эмес.
Анткени ал — бардыгынын Жаратканы,Өз энчисинин таягы*.+
Анын ысмы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба».+
20 «Сен менин чокморумсуң, согуш куралымсың.
Сени колдонуп элдерди кыйратам,Падышалыктарды жок кылам.
21 Сени колдонуп атты да, чабандести да,Согуш арабасын да, аны айдаганды да жок кылам.
22 Сени колдонуп эркекти да, аялды да,Карыны да, баланы да,Жигитти да, кызды да жок кылам.
23 Сени колдонуп койчуну да, оторун да,Дыйканды да, жер айдаган малын да,Башкаруучуларды да, башчыларды да жок кылам.
24 Мен Бабыл менен Каздим жеринин тургундарынын баарын жоопко тартам,Сиондо көз алдыңарда кылган бардык жамандыгы үчүн тиешесин берем»,+— дейт Жахаба.
25 «Оо, кыйратуучу тоо, бүт жерди ойрон кылуучу,+Мен сага каршы чыгам,+— дейт Жахаба.—
Сага каршы күчүмдү колдонуп, сени аскадан тоголотом,Өрт жалмап кеткен тоого айлантам».
26 «Сенден бурчка койгонго да, пайдубал салганга да таш алышпайт,— дейт Жахаба.—
Анткени түбөлүккө ээн каласың».+
27 «Бул жерге белги орноткула.+
Элдер арасында мүйүз сурнай тарткыла.
Ага каршы чыга турган элдерди дайындагыла.
Арарат,+ Мини, Ашкеназ+ падышалыктарын чакыргыла.
Жоокерлерди топтогон аскер кызматкерин дайындагыла.
Аттарыңар жаш чегирткелердей каптасын.
28 Элдерди, Мадайдын+ падышалары менен башкаруучуларын, бүт башчыларын,Алардын кол астындагы жерлердин баарынАга каршы чыкканга дайындагыла.
29 Жер титирейт, солкулдайт,Себеби Жахаба Бабылды үрөй учурарлык абалга туш кылып,Аны элсиз калтырып, өз оюн ишке ашырат.+
30 Бабылдын жоокерлери согушпай калышты.
Чептеринде жашынып отурушат.
Алардын дарманы кетти.+
Аялдардай болуп калышты.+
Бабылдын үйлөрү өрттөлдү,Дарбаза бекиткичтери талкаланды.+
31 Бабыл падышасына шаарынын туш-туштан басылып алынып жатканын айтыш үчүн+Чабарман чабарманга,Кабарчы кабарчыга чуркап баратат.
32 Алар кечүүлөрүнүн басылып алынганын,+Папирус кайыктардын өрттөлгөнүн,Жоокерлердин дүрбөлөңгө түшкөнүн айтканы чуркап баратышат».
33 Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба:
«Бабыл кырманга окшош.
Анын тебеленер убактысы келип жетти,Орулуп-жыйылар маалына өтө аз калды»,— дейт.
34 «Бабыл падышасы Небухаданасар мени* жеп-жутту,+Дүрбөлөңгө салды,Идиштей кылып бопбош калтырды.
Чоң жыландай болуп жутуп алды,+Курсагын баалуу нерселериме тойгузду.
Чайкап туруп, мени төгүп таштады.
35 Сиондун тургуну: „Бабылдын мага кылган зордук-зомбулугу өзүнө кылынсын!“ — дейт.+
Иерусалим: „Төгүлгөн каным каздимдиктердин мойнунда болсун!“ — дейт».
36 Ошон үчүн Жахаба мындай дейт:
«Мен ишиңди карап, адилеттик орнотом,+Андан өчүңдү алам.+
Деңизин, кудуктарын какшытам.+
37 Бабыл таштардын үймөгүнө,+Чөөлөрдүн жатагына айланып,+Үрөй учурарлык абалда калат.
Аны көргөндөр таң кала ышкырышат.
Ал жерде эч ким жашабайт.+
38 Алардын* баары жаш арстандардай* арылдашат,Арстандын күчүктөрүндөй ырылдашат».
39 «Шатыра-шатман болуп жатышканда, той өткөрүп, аларды мас кылам,Алардын көңүлү көтөрүлөт;+Анан түбөлүк уйкуга кетишет,Ошол бойдон ойгонушпайт,+— дейт Жахаба.—
40 Аларды козулардай,Кочкорлор менен текелердей кылып сойгонго айдап барам».
41 «Шешах* басылып алынды,+Бүт жер жүзү даңктаган шаар багындырылды!+
Бабыл элдердин үрөйүн учурган абалга туш болду!
42 Бабылды деңиз басып калды.
Толкундары аны жаба каптады.
43 Анын шаарлары үрөй учурарлык абалда калды, суусуз жерге, чөлгө айланды.
Ал жакта бир да киши жашабайт, адам баласынын буту баспайт.+
44 Мен Бабылдын Бел+ деген кудайын жазалайм,Жутуп алганын кайра оозунан чыгарам.+
Ошондон кийин Бабылга элдер агылып келбей калат,Анын дубалы урайт.+
45 Оо, элим, ал жактан чык!+
Жаныңарды сактагыла,+ себеби мен, Жахаба, катуу каарданып жатам!+
46 Бул жерден уга турган кабардан кайратыңар качып, үрөйүңөр учпасын.
Ал кабар бир жылдын ичинде келет,Ал эми кийинки жылы дагы бир кабар келет,Бул жердеги зордук-зомбулук жөнүндө,Башкаруучу башкаруучуга каршы чыгары жөнүндө кабар келет.
47 Ошон үчүн мен Бабылдын оюлуп жасалган буркандарын жазалай турган күндөр келатат.
Ошондо анын бүт жери уятка калат,Өлтүрүлгөн эли ичинде сулап жатат.+
48 Бабыл кыйраганда, асман менен жер,Алардагынын баары кубанычтуу үн салышат.+
Себеби түндүктөн ага кыргын сала тургандар келишет,+— дейт Жахаба.—
49 Бабыл ысрайылдыктардын эле өлүшүнө себепкер болгон эмес,+Бабылда бүт жер жүзүнүн адамдары да өлгөн.
50 Кылычтан качып кутулгандар, токтобогула, кете бергиле!+
Алыста жүргөндөр, Жахабаны эстегиле,Иерусалим жөнүндө ойлонгула».+
51 «Биз шылдың сөз угуп, уят болдук.
Жүзүбүзгө маскаралык жабылды,Анткени бөтөн жерликтер* Жахабанын ибадатканасынын ыйык жайларына кол салышты».+
52 «Ошон үчүн,— дейт Жахаба.—
Мен анын оюлуп жасалган буркандарын кыйрата турган күндөр келатат,Анын бүт жеринде жарадарлар онтойт».+
53 «Бабыл атүгүл асманга чыкса да,+Бийик чептерин чыңдаса да,Мен ага кыргын сала тургандарды жиберем»,+— дейт Жахаба.
54 «Уккула! Бабылдан кыйкырык,+Каздимдиктердин жеринен чоң алааматтын үнү угулуп жатат.+
55 Анткени Жахаба Бабылды кыйратып жатат;Ал анын бийик үнүн басат.
Ошондо душмандар долуланган суулардай күркүрөйт,Кыйкырыгы угулат.
56 Бабылга кыргын салуучу келет;+Анын жоокерлери туткундалып кетет,+Жаалары сындырылат,Себеби Жахаба — тиешесин бере турган Кудай.+
Ал сөзсүз тиешесин берет.+
57 Мен анын төрөлөрүн, акылмандарын,Башкаруучуларын, башчыларын, жоокерлерин мас кылам.+
Алар түбөлүккө уйкуга кетишет,Ошол бойдон ойгонушпайт»,+— дейт Падыша, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба деген ысымы бар Кудай.
58 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба:
«Бабылдын дубалдары калың болсо да, жер менен жексен болот.+
Дарбазалары бийик болсо да, өрттөлөт.
Элдердин жан үрөп иштегени куру бекер болот,Улуттар суй жыгыла мээнеттенишет, бирок анысын от жалмайт»,+— дейт.
59 Жүйүт падышасы Ситкиянын башкаруусунун төртүнчү жылында падыша менен Бабылга кетип бараткан Махсеянын небереси, Нериянын+ уулу Сераяга Жеремия пайгамбар буйрук берди (Серая падышанын чарба башчысы болчу).
60 Жеремия Бабылды каптай турган алааматтардын баарын, Бабылга каршы айтылган ушул сөздөрдүн баарын бир китепке жазды.
61 Анан Жеремия Сераяга мындай деди: «Бабылды көрүп, ага жеткенде ушул сөздөрдүн баарын үн чыгара оку.
62 Анан: „Оо, Жахаба, сен бул жердин кыйратыларын, адам да, айбан да жашабай турганын, ал кылымдан кылымга ээн каларын айткансың“,— де.+
63 Бул китепти окуп бүткөндөн кийин, ага таш байлап туруп, Эфрат дарыясына ыргытып жибер.
64 Анан: „Бабыл мына ушинтип чөгүп кетет. Ал Кудай жибере турган алааматтан кийин кайра баш көтөрбөйт.+ Анын тургундары алдан таят“,— де».+
Жеремиянын сөзү ушуну менен аяктайт.
Шилтемелер
^ Сыягы, Каздимдин жашыруун аты.
^ Сөзмө-сөз: «жесир калтырган жок».
^ Же балким: «саадагыңарды толтургула».
^ Же: «Билгичтик».
^ Же: «буу».
^ Же балким: «Жамгыр үчүн эшик ачат».
^ Же: «жалган».
^ Сөзмө-сөз: «Үлүшү».
^ Же балким: «Атүгүл мурасынын таягын жараткан».
^ Бул жерде Жеремия пайгамбар Иерусалим менен Жүйүттүн атынан сүйлөгөндөй болуп сүйлөгөн.
^ Б. а. Бабылдын тургундарынын.
^ Же: «жалы бар жаш арстандардай».
^ Сыягы, Бабылдын жашыруун аты.
^ Же: «чоочундар».