Жеремия 7:1—34

  • Жахабанын ибадатканасына калп эле таянуу (1—11)

  • Ибадаткана Шилодой болот (12—15)

  • Жалган кудайларга сыйынгандарга Кудай өкүм чыгарат (16—34)

    • «Асман канышасына» сыйынуу (18)

    • Ином өрөөнүндө балдарын курмандыкка чалгандар (31)

7  Жахаба Жеремияга мындай деди: 2  «Жахабанын үйүнүн дарбазасынын жанына туруп, бул кабарды жарыяла: „Жахабага сыйыныш үчүн ушул дарбазалардан кирген Жүйүт жеринин тургундары, баарыңар Жахабанын сөзүн уккула. 3  Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Жүрүм-турумуңар менен иштериңерди оңдогула, ошондо ушул жерде жашашыңарга жол берем.+ 4  Жалган сөздөргө ишенип: “Бул* — Жахабанын ибадатканасы, Жахабанын ибадатканасы, Жахабанын ибадатканасы!” — дебегиле.+ 5  Эгер жүрүм-турумуңар менен иштериңерди чындап оңдосоңор, эки тараптын ортосунда адилеттүү сот жүргүзсөңөр,+ 6  араңарда жашаган бөтөн жерликтерге, жетим-жесирлерге кысым көрсөтпөсөңөр,+ бул жерде бейкүнөө адамдын канын төкпөсөңөр, башыңарга балээ үйбөш үчүн башка кудайларга сыйынбасаңар,+ 7  мен силерди ушул жерде, өзүм ата-бабаларыңарга түбөлүккө берген жерде калтырам”“». 8  «Бирок силер жалган сөздөргө ишенип жатасыңар.+ Мындан эч пайда таппайсыңар. 9  Уурдап,+ киши өлтүрүп, ойноштук кылып, жалган ант берип,+ Баалга курмандык чалып*,+ өзүңөр билбеген башка кудайларга сыйынып жүрөсүңөр да, 10  анан кантип менин ысмым менен аталган ушул үйгө келип, алдымда тура аласыңар? Ушундай жийиркеничтүү иштердин баарын кылгандан кийин кантип: „Биз куткарылабыз“,— деп айтасыңар? 11  Менин ысмым менен аталган бул үй силердин көз алдыңарда каракчылардын уюгундай эле болуп калган жокпу?+ Мен баарын көрүп турам»,— дейт Жахаба. 12  «„Азыр болсо Шилодогу+ ыйык жайыма, башында өз ысмым үчүн тандаган жайыма,+ баргыла да, аны ысрайыл элимдин кыянаттыгы үчүн эмне кылганымды көргүлө.+ 13  Бирок силер ушул иштердин баарын кыла бердиңер,— дейт Жахаба.— Силерге кайра-кайра кайрылсам да, уккан жоксуңар.+ Кайра-кайра чакырсам да, жооп берген жоксуңар.+ 14  Ошон үчүн өзүмдүн ысмым менен аталган,+ силер таянган үйдү,+ силерге жана ата-бабаларыңарга берген бул жерди Шилодой кылам.+ 15  Боордошторуңар болгон Эпрайымдын бүт урпактарын кууп жибергенимдей эле, силерди да көз алдыман кууп жиберем“.+ 16  Сен болсо, Жеремия, бул эл үчүн тиленбе. Алар үчүн ыйлаба, тиленбе, жалынып-жалбарба,+ себеби мен сени укпайм.+ 17  Алардын Жүйүт жериндеги шаарларда, Иерусалимдин көчөлөрүндө эмне кылып жатканын көрбөй турасыңбы? 18  Асман канышасына*+ тартуу кылганга нан жасаш үчүн балдары отун терип, аталары от жагып, аялдары камыр жууруп жатат. Алар мени капалантыш үчүн башка кудайларга арнап суюк тартууларды куюп жатышат.+ 19  „Алар, эмне, мага зыян келтирип* жатыптырбы? — дейт Жахаба.— Өздөрү эле зыян тартып, өздөрүн өздөрү маскара кылып жатышкан жокпу?“+ 20  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба: „Бул жерге, адам баласына да, малга да, талаадагы бак-даракка да, жердин түшүмүнө да каарым менен ачуум төгүлөт;+ каарым жалындап, өчпөйт“,+— дейт. 21  Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Баргыла да, бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарыңарды башка курмандыктарыңарга кошуп, этин жей бергиле.+ 22  Себеби мен ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан күнү аларга бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен башка курмандыктар жөнүндө айткан эмесмин, буйрук да берген эмесмин.+ 23  Аларга: “Мени уккула, ошондо силердин Кудайыңар болом, силер болсо менин элим болосуңар.+ Өзүңөргө жакшы болушу үчүн, кайсы жолдо жүргүлө деп буйрук кылсам, ошол жолдо жүргүлө”,— деп буйрук бергем“.+ 24  Бирок алар укпай, кулак салбай коюшкан,+ тескерисинче, өз оюна жетеленишкен*, тоң моюндук кылып, бузулган жүрөгүнүн каалоосу боюнча жүрүшкөн.+ Астыга эмес, артка кетишкен. 25  Ата-бабаларыңар Мисир жеринен чыккан күндөн тартып ушул күнгө чейин ошентишкен.+ Ошон үчүн силерге бардык кызматчыларымды, пайгамбарларды, күнүгө жиберип тургам, кайра-кайра жиберип тургам.+ 26  Бирок эл мени уккан эмес, мага кулак салган эмес.+ Кайра, тоң моюндук кылышкан, алардын жаман иштери ата-бабаларыныкынан да ашып түшкөн! 27  Сен аларга ушулардын баарын айтсаң да,+ алар угушпайт. Аларды чакырсаң да, жооп беришпейт. 28  Ошон үчүн аларга: „Силер Жахаба Кудайыңарды укпаган, тарбиясына моюн сунбаган элсиңер. Ишеничтүү эч ким жок, ишеничтүү болуу жөнүндө атүгүл эч ким сөз кылбай калды“,— деп айт.+ 29  Кыркыла элек чачыңды* кыркып, ыргытып жибер, такыр адырларда кошок айт, себеби Жахаба каарын кайнаткан бул муунду четке кагып, таштап кетет. 30  „Анткени Жүйүттүн эли көз алдымда жаман иштерди кылды,— дейт Жахаба.— Менин ысмым менен аталган үйдү арамдаш үчүн ичине жийиркеничтүү буркандарын коюп алышты.+ 31  Ином өрөөнүндөгү*+ Топетте* сыйына турган бийик жерлерди жасап, уул-кыздарын отко өрттөштү.+ Бирок мен аларга андай буйрук берген эмесмин, бул атүгүл оюма да келген эмес“.+ 32  „Ошондуктан ал жер Топет же Ином өрөөнү эмес, Кыргын өрөөнү деп атала турган күндөр келатат,— дейт Жахаба.— Топетте орун калбай калгыча, өлгөндөрдү ошол жакка көмүшөт.+ 33  Бул элдин өлүктөрү асмандагы куштарга, жер бетиндеги жаныбарларга жем болот, аларды эч ким үркүтпөйт.+ 34  Мен Жүйүт жериндеги шаарларда, Иерусалимдин көчөлөрүндө шаттык менен кубанычтын, күйөө менен колуктунун үнү угулбагыдай кылам.+ Себеби бул жердин таш-талканы чыгат“».+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Булар». Ибадаткана менен ага тиешелүү бардык имараттарды билдирет.
Же: «курмандык түтүнүн түтөтүп».
Кудайдын жолунан четтеп кеткен ысрайылдыктар сыйынган аял кудай; сыягы, тукумдуулуктун кудайы.
Же: «мени кордоп; кыжырдантып».
Же: «өз акылына таянып иш кылышкан».
Же: «Кудайга арналганыңды билдирген чачыңды».
Сөзмө-сөз: «Ином уулунун өрөөнүндөгү». Сөздүктү кара.
Иерусалимдин сыртындагы жер. Ал жерде Жахабанын жолунан чыгып кеткен ысрайылдыктар балдарын курмандыкка чалышчу.