Жеремия 8:1—22

  • Эл көптөр жүргөн жолду тандайт (1—7)

  • Жахабанын сөзү жок кантип акылмандык болсун? (8—17)

  • Жеремия Жүйүттүн алган жараатын ойлоп, ыйлайт (18—22)

    • «Гилатта бальзам жокпу?» (22)

8  «Ошол убакта,— дейт Жахаба,— Жүйүт падышаларынын, төрөлөрүнүн, дин кызматчылардын, пайгамбарлардын, Иерусалимдин тургундарынын сөөктөрүн мүрзөлөрүнөн алып чыгышат. 2  Аларды күндүн, айдын, асмандагы бардык жылдыздардын* — өзүлөрү жакшы көрүп, кызмат кылып, сыйынып, жетек издеп, таазим кылып жүргөн нерселердин+ — алдына ыргытып жиберишет. Алар чогултулбайт, көмүлбөйт, жер үстүндөгү кыктай болот».+ 3  «Бул бузуку элден калгандардын баары, мен аларды кайсы жерлерге чачыратып жиберсем, ошол жерлерде өмүрдөн өлүмдү артык көрүшөт»,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. 4  «Аларга мындай де: „Жахаба мындай дейт: “Кимдир бирөө жыгылса, кайра турбайбы? Бири жолунан кайтса, экинчиси да кайтпайбы?  5  Анда эмнеге бул эл, Иерусалимдин тургундары, мага чыккынчылык кылганын койбой жатат? Алар алдамчылыкка жармашып алышты;Өз жолунан кайтпай жатышат.+  6  Мен көңүл буруп, кулак төшөп турдум. Бирок алардын оозунан туура сөз чыккан жок. “Эмнеге ошенттим экен?” — деп, кылган жаман иши үчүн өкүнгөн эч ким болгон жок.+ Согушка жулунган аттай болуп, баары кайра эле көпчүлүк түшкөн жолго түшүп жатат.  7  Атүгүл асмандагы илегилек да башка жакка учуп кетер убагын* билет;Бактек, карлыгач, таркылдак* — баары тең мекенине өз маалында учуп келет. Менин элим болсо мен, Жахаба, аларды соттой турган убакты билбейт”“.+  8  „Көчүрмөчүлөрдүн* калеми+ калпты гана жазып жатса,Силер кантип: “Биз акылманбыз, бизде Жахабанын мыйзамы* бар”,— деп жатасыңар?  9  Акылмандар уят болду.+ Үрөйлөрү учту, алар торго түшүшөт. Жахабанын сөзүн четке каккан соң,Аларда кайдагы акылмандык? 10  Ошон үчүн мен алардын аялдарын башка эркектерге берем,Талааларына башкалар ээлик кылат;+Себеби кичинесинен чоңуна чейин арам жол менен пайда табат;+Пайгамбарынан дин кызматчысына чейин бири калбай алдамчылык кылышат.+ 11  Тынчтык жок болсо да:+ “Тынчтык! Тынчтык!” — деп,Элимдин* жараатын* айыктырымыш болушат. 12  Алар жийиркеничтүү иштери үчүн уялышабы? Түк да уялып коюшпайт! Атүгүл уялуу деген эмне экенин да билишпейт!+ Ошон үчүн алар кулагандар менен кулашат. Мен жазалаганда, чалынышат“,+— дейт Жахаба. 13  „Аларды чогултуп-жыйнап туруп, жок кылам,— дейт Жахаба.— Жүзүм сабагында жүзүм, анжир дарагында анжир калбай, жалбырактары куурап калат. Алар мен бергендин баарынан кол жуушат“». 14  «Бул жерде эмнеге отурабыз? Чогулгула, чептүү шаарларга кирип,+ ошол жактан өлөлү. Себеби Жахаба Кудайыбыз бизди жок кылат,Жахабага каршы күнөө кылганыбыз үчүн,Бизге уу кошулган суу ичирип жатат.+ 15  Тынчтык болот деп үмүттөнгөн элек, бирок эч жакшылык көргөн жокпуз,Айыгабыз деп үмүттөнгөн элек, бирок коркунуч басты!+ 16  Душмандын аттарынын кошкуругу Дандан бери угулуп жатат,Айгырлары азынап,Бүт жерди солкулдатып жатат. Душман бул жер менен андагынын баарын,Шаар менен анын тургундарын жеп-жутуп келатат». 17  «Мен силерге жыландарды,Арбалгыс уулуу жыландарды жиберип жатам,Алар силерди чагат»,— дейт Жахаба. 18  Жан дүйнөм айыккыс дартка чалдыгып,Жүрөгүм сыздап турат. 19  Элим жардам сурап,Алыскы өлкөдөн: «Жахаба, эмне, Сиондо эмеспи? Сиондун падышасы ал жакта эмеспи?» — деп кыйкырып жатат. «Алар оюп жасаган буркандары менен,Бөтөн жерликтердин пайда-батасы жок кудайлары менен эмнеге мага акарат кылышты?» 20  «Оруп-жыюу маалы да, жай да аяктады. Биз болсо куткарылган жокпуз!» 21  Элимдин жараатынан улам жан дүйнөм жабыркап,+Кайгыга баттым,Үрөйүм учту. 22  Гилатта бальзам* жокпу?+ Ал жакта дарыгер жокпу?+ Анда эмнеге элим айыкпай жатат?+

Шилтемелер

Же: «бүт асман кошуунунун».
Же: «өзүнө белгиленген убакты».
Же балким: «турна».
Же: «Катчылардын».
Же: «көрсөтмөсү».
Сөзмө-сөз: «Элимдин кызынын». Бул 19, 21 жана 22-аяттарга да тиешелүү.
Же: «сынган жерин».
Сөздүктү кара.