Жоел 1:1—20

  • Жер жайнаган чегиртке каптайт (1—14)

  • «Жахабанын күнү жакындап калды» (15—20)

    • Пайгамбар Жахабага жалынат (19, 20)

1  Жахабанын* Петуелдин уулу Жоел* аркылуу айткан сөзү:  2  «Аксакалдар, уккула. Бүт жер тургундары, көңүл бургула. Силердин убагыңарда же ата-бабаларыңардын убагында ушундай болду беле?+  3  Бул жөнүндө уулдарыңарга айткыла,Уулдарыңар өз уулдарына,Алар болсо кийинки муунга айтышсын.  4  Баарын мойсогон чегирткеден* калганын жер жайнаган чегиртке жеди,+Андан калганын канаты чыга элек чегиртке,Андан калганын болсо эч качан тойбогон чегиртке жеди.+  5  Аракечтер,+ ойгонгула, ыйлагыла! Шарапкорлордун баары, боздогула,Таттуу шарабыңар калбай калды.+  6  Себеби жериме күчтүү, сан жеткис бир эл келди.+ Анын тиштери менен жаагы арстандыкындай.+  7  Ал жүзүмүмдү талкалап, анжир дарагымдын дүмүрүн эле калтырды. Алардын кабыгын бүт сыйрып, ыргытып жиберди,Ошон үчүн бутактары агарып калды.  8  Таар* курчанып, болочок күйөөсүн жоктоп ыйлаган кыздай* боздоп ыйлагыла.  9  Жахабанын ибадатканасында дан азыктарынан алынып келген тартуу+ менен суюк тартуу+ калбай калды. Дин кызматчылар, Жахабанын кызматчылары, кайгырып жатышат. 10  Талаа ээн калып, жер аза күтүп жатат;+Анткени эгин жок калды, жаңы шарап какшып калды, май түгөндү.+ 11  Дыйкандар кайгыга батып, жүзүмчүлөр боздоп жатышат,Себеби буудай менен арпадан,Талаадагы түшүмдөн кол жууп калышты. 12  Жүзүм куурап,Анжир дарагы солуп калды. Анар, курма, алма,Талаадагы дарактардын баары куурап калды.+ Эл арасындагы шаттык уятка айланды. 13  Дин кызматчылар, таар жамынып, кайгыргыла*. Курмандык жайында кызмат кылгандар,+ боздогула. Кудайымдын кызматчылары, ичкери кирип, таар жамынып таң атыргыла,Себеби Кудайыңардын ибадатканасында дан азыктарынан алынып келген тартуу+ менен суюк тартуу+ түгөндү. 14  Орозо жарыялагыла, элди салтанаттуу жыйынга чакыргыла.+ Аксакалдар менен бул жердин бардык тургундарынЖахаба Кудайыңардын ибадатканасына чогултуп,+ Жахабадан жардам сурап жалынгыла. 15  Коркунуч баса турган күн келатат! Жахабанын күнү* жакындап калды,+Ошол күнү Кудурети Чексиз Кудай бүлгүнгө учуратат! 16  Көз алдыбызда тамак-ашыбыз жок болду,Кудайыбыздын ибадатканасынан кубаныч менен шаттык жоголду. 17  Күрөктүн астындагы үрөндөр* чүрүшүп калды. Эгин болбой калгандыктан,Кампалар бош калды,Эгин сакталчу жайлар талкаланды. 18  Жайыты жок болгондуктан, атүгүл мал онтоп жатат! Бодо мал тобу менен каңгып жүрөт! Койлор да отору менен кыйналып жатат. 19  Оо, Жахаба, сага жалынам;+Себеби талаадагы жайыттарды от куйкалады,Бактардын баарын жалын жалмады. 20  Жапайы жаныбарлар да сенден үмүттөнүп жатат,Анткени суулар соолуп,Талаадагы жайыттарды от жалмады.

Шилтемелер

Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.
Мааниси: «Жахаба — Кудай».
Еврей тилиндеги текстте чегирткелерди сүрөттөш үчүн бул аятта төрт башка сөз колдонулган.
Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда жана башка ушу сыяктуу учурларда кийишчү же колдонушчу.
Же: «Таар курчанып, күйөөсүн жоктоп ыйлаган келиндей».
Же: «көкүрөгүңөрдү муштагыла».
Бул Жахабанын душмандарын соттоп, өз ысымын даңктай турган убакытты билдирет.
Же балким: «кургатылган анжир».