Жоел 3:1—21
3 Мына, ошол күндөрү,Мен Жүйүт менен Иерусалимдин туткунда жүргөн элин кайрып келген убакта,+
2 Бардык элдерди чогултуп,Жошапат* өрөөнүнө алып келем да,Алар менен ошол жерде соттошом,Элим үчүн, өз энчим Ысрайыл үчүн, соттошом.+
Себеби алар элимди башка элдердин арасына чачыратып жиберип,Жеримди бөлүп алышкан.+
3 Элим үчүн өкчөмө таш ыргытышкан,+Сойку аялдын акысын бериш үчүн эркек бала сатышкан,Кыз сатып, шарап алып ичишкен.
4 Тир, Сидон жана Пелиштинин бардык аймактары,Мага каршы ушундай иш кылганга кантип даай алдыңар?
Бул, эмне, менден өч алып жатканыңарбы?
Эгер өч алып жатсаңар,Анда кылган жамандыгыңарды тез арада, дароо өз башыңарга түшүрөм.+
5 Силер алтын-күмүшүмдү алып,+Эң баалуу буюмдарымды ибадатканаларыңарга алып кеттиңер.
6 Ал эми Жүйүт менен Иерусалимдин элинМекенинен алыстатыш үчүнГректерге сатып жибердиңер.+
7 Ошон үчүн аларды силер сатып жиберген жерден кайра алып келем,+Кылган жамандыгыңарды өз башыңарга түшүрөм.
8 Уул-кыздарыңарды Жүйүттүн элине сатып жиберем,+Алар болсо шебалыктарга — алыс жактагы элге — сатышат,Анткени муну мен, Жахаба, айттым.
9 Элдер арасында мындай деп жар салгыла:+
„Согушка даярдангыла! Күчтүүлөрдү үндөгүлө!
Жоокерлердин баары чыгып, чабуул койсун!+
10 Соконун тишинен кылыч, багбандын бычагынан найза жасашсын.
Алсыз киши: “Мен күчтүүмүн!” — десин.
11 Тегеректеги бардык элдер, чогулгула.+ Келип, бири-бириңерге жардам бергиле!“»
Оо, Жахаба, ошол жерге жоокерлериңди* алып кел.
12 «Элдер туруп, Жошапат өрөөнүнө барышсын.
Себеби мен тегеректеги бардык элдерди соттош үчүн ошол жакта отурам.+
13 Орок салгыла, анткени түшүм бышып калды.
Түшүп, жүзүм тебелегиле, себеби жүзүм тебелеген жай жүзүмгө толуп чыкты.+
Идиштерден шарап ашып-ташыгандай, элдердин кыянат иштери ашып-ташып жатат.
14 Сот өрөөнүнө көп эл, калың эл чогулду,Жакында ал жерге Жахабанын элдерди соттой турган күнү келет.+
15 Күн менен ай караңгылап,Жылдыздардын жарыгы өчөт.
16 Жахаба Сиондон арстандай арылдайт,Иерусалимден үн салат.
Асман менен жер солкулдайт,Бирок Жахаба өз эли үчүн баш маанек болот,+Ысрайыл эли үчүн чеп болот.
17 Ошондо силер менин Сиондо, ыйык тоомдо,+ жашаган Жахаба Кудайыңар экенимди билесиңер.
Иерусалим болсо ыйык жерге айланат,+Ал жакка экинчи чоочундардын* буту баспайт.+
18 Ошол күнү тоолордон таттуу шарап тамат,+Адырлардан сүт,Жүйүттүн бүт сайларынан суу агат.
Жахабанын үйүнөн булак агып чыгып,+Шитим* өрөөнүн сугарат.
19 Жүйүт элине көрсөткөн зомбулугу үчүн,+Алардын жеринде жазыксыз кан төккөнү үчүн+Мисир* ээн талаага,+Эдом эрме чөлгө айланат.+
20 Жүйүт жеринде болсо дайыма эл жашайт,Иерусалим муундан муунга элдүү болот.+
21 Алардын кан төгүп кетирген күнөөсүн кечирем.+
Ошондо мен, Жахаба, Сиондо жашайм».+
Шилтемелер
^ Мааниси: «Жахаба — Сот».
^ Же: «күчтүүлөрүңдү».
^ Же: «бөтөн жерликтердин».
^ Мааниси: «акация».
^ Египет.