Жунус 4:1—11

  • Жунус аябай ачууланып, өлгүсү келет (1—3)

  • Жахаба Жунусту ырайымдуу болгонго үйрөтөт (4—11)

    • «Ушинтип ачууланганың туурабы?» (4)

    • Жахаба Жунуска сабак болсун деп ашкабак өстүрөт (6—10)

4  Буга Жунус катуу нааразы болуп, аябай ачууланды. 2  Ал Жахабага: «Оо, Жахаба, мен өз жеримде жүргөндө эле ушундай болот деп коркком. Ошон үчүн Таршышка+ качып кетейин дегем да. Сенин боорукер, кайрымдуу, сабырдуу*, сүйүүсү* чексиз Кудай экениңди,+ алаамат түшүрөм деген оюңдан кайтарыңды билгем. 3  Эми, Жахаба, суранам, жанымды алчы. Жашагандан көрө өлүп эле калганым жакшы»,— деди.+ 4  Ошондо Жахаба: «Ушинтип ачууланганың туурабы?» — деди. 5  Жунус шаардан чыкты да, чыгыш тарабына барып, шаардын эмне болорун көрүш үчүн алачык жасап, көлөкөсүндө күтүп отурду.+ 6  Жахаба Кудай Жунуска көлөкө болсун, көп кыйналбасын деп ашкабак* өстүрдү. Аны көрүп, Жунус аябай сүйүнүп кетти. 7  Бирок эртеси таң атары менен, чыныгы Кудай курт жиберди. Курт ашкабакты кемирип, ашкабак куурап калды. 8  Күн чыкканда, Кудай чыгыштан ысык шамал соктурду. Күн ушунчалык ачуу тийгендиктен, Жунус эс-учун жогото баштады. Ал: «Жашагандан көрө өлүп эле калганым жакшы»,— деп өзүнө өлүм тилей берди.+ 9  Кудай Жунуска: «Ашкабактын куурап калганына ушунча ачууланганың туурабы?» — деди.+ Ал: «Ооба, туура. Ушунчалык ачууланганымдан өлгүм келип жатат»,— деди. 10  Ошондо Жахаба ага: «Сен өзүң отургузбаган, мээнет кылып өстүрбөгөн, бир түндө өсүп чыгып, бир түндө куурап калган ашкабакка ушунча кайгырып жатасың. 11  Анан мен кантип жаман-жакшыны* ажырата албаган 120 000ден ашык кишиси, жер жайнаган малы бар улуу шаар Нинебини+ аябай коёюн?» — деди.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ачууланганга шашпаган».
Же: «туруктуу сүйүүсү».
Же балким: «кастор буурчагын».
Же: «оң колун сол колунан».