Жылнаама 1-китеп 10:1—14

  • Шабул уулдары менен кошо өлөт (1—14)

10  Пелиштиликтер ысрайылдыктар менен согушуп, ысрайылдыктар алардан качып жөнөштү. Алардын көбү Гилбоя тоосунда өлдү.+ 2  Пелиштиликтер Шабул менен уулдарынын артынан сая түшүп, анын уулдарын: Жонатанды, Абынадапты, Малкишуаны+ өлтүрүштү. 3  Анан Шабулду бутага алып, чабуулун ого бетер күчөтүштү. Ошентип, жаачылар аны жарадар кылышты.+ 4  Шабул куралын көтөргөн жигитине: «Кылычыңды сууруп, мени сайып сал. Болбосо бул сүннөткө отургузулбагандар келип, мени мыкаачылык менен өлтүрүшөт*»,+— деди. Бирок ал коркуп, болбой койду. Ошондо Шабул кылычына сайынып өлдү.+ 5  Анын өлгөнүн көрүп, курал көтөргөн жигити да кылычына сайынып өлдү. 6  Ошентип, Шабул менен анын 3 уулу, ошондой эле жанында үйүндөгүлөрүнөн кимдер болсо, ошолордун баары өлдү.+ 7  Өрөөндө жашаган ысрайылдыктар бүт жоокерлеринин душмандардан качканын, Шабул менен анын уулдарынын өлгөнүн билгенде шаарларын таштап, качып жөнөштү. Пелиштиликтер келип, ал шаарларды ээлеп алышты. 8  Кийинки күнү пелиштиликтер өлгөндөрдүн буюмдарын тоногону келип, Гилбоя тоосунан+ Шабул менен уулдарынын өлүгүн табышты. 9  Алар Шабулдун бүт нерсесин, курал-жарагын чечип, башын кесип алышты да, бул тууралуу буркандарынын+ ибадатканаларында жана элге жарыялаш үчүн бүт Пелишти жерине кабар жиберишти. 10  Анан Шабулдун курал-жарагын өздөрүнүн кудайынын ибадатканасына коюп, баш сөөгүн Дагон+ деген кудайынын ибадатканасына илип коюшту. 11  Гилаттагы Жабештин+ бүт тургундары пелиштиликтердин Шабулду эмне кылышканын укканда,+ 12  жоокерлеринин баары барып, Шабул менен уулдарынын сөөгүн Жабешке алып келишти.+ Анан чоң дарактын түбүнө көмүп, 7 күн орозо тутушту. 13  Ошентип, Шабул Жахабанын сөзүнө кулак салбай,+ Жахабага берилгендигин сактабаганы үчүн жана өлгөндөр менен сүйлөштүргөн+ аялга кайрылганы үчүн өлдү. 14  Ал Жахабадан акыл сурабай, ошол аялга кайрылган. Ошондуктан Кудай аны өлтүрүп, падышалык бийликти Жышайдын уулу Дөөтүгө берди.+

Шилтемелер

Же: «маскара кылышат».