Жылнаама 1-китеп 11:1—47
11 Бир канча убакыттан кийин ысрайылдыктардын баары Хебронго+ чогулуп, Дөөтүгө: «Биз сенин бир бооруңбуз.+
2 Мурун Шабул падыша болуп турган убакта эле ысрайыл элин согушка сен баштап барчусуң.+ Жахаба Кудайың сага: „Сен ысрайыл элимди койчудай кайтарып, аларга жол башчы болосуң“,+— деп айткан»,— дешти.
3 Ошентип, Ысрайылдын бүт аксакалдары Хебронго, Дөөтү падышага келишти. Дөөтү Жахабанын алдында алар менен келишим түздү. Анан алар, Жахабанын Шемуел аркылуу айткан сөзүнө ылайык,+ анын башына май куюп, Ысрайылга падыша кылып дайындашты.+
4 Кийинчерээк Дөөтү бүт ысрайылдыктар менен Иерусалимге, башкача айтканда, Жебуска+ каршы аттанды. Ал жерде жебустуктар+ жашачу.
5 Алар Дөөтүнү шылдыңдап: «Сен бул жакка эч качан кирбейсиң!» — дешти.+ Бирок Дөөтү чептүү Сион+ шаарын басып алды. Ал азыр Дөөтүнүн шаары+ деп аталат.
6 Дөөтү: «Ким биринчилерден болуп жебустуктарга чабуул жасаса, ошол башчы жана төрө болот»,— деди. Зеруянын уулу Жоап+ согушту биринчи баштагандыктан башчы болуп калды.
7 Дөөтү ошол чептүү шаарда жашап калгандыктан, ал Дөөтүнүн шаары деп аталып калды.
8 Дөөтү Милодон* тартып анын тегерек-четине чейин шаардын ар кайсы бөлүгүндө курулуш иштерин жүргүзө баштады. Жоап болсо шаардын калган бөлүгүн кайра курду.
9 Ошентип, Дөөтү барган сайын күчтөнө берди,+ асман аскерлеринин Кудайы Жахаба аны колдоп турду.
10 Дөөтүнүн мыкты жоокерлеринин башчылары бүт ысрайылдыктар менен бирге анын падыша болушун колдоп, Жахабанын Ысрайыл жөнүндө берген убадасына ылайык, аны падыша кылганга жардам беришкен.+
11 Дөөтүнүн мыкты жоокерлери булар: Ахмондун тукумдарынан болгон бир кишинин уулу, 3 баатырдын башчысы+ — Жашобам.+ Ал бир салгылашта найзасы менен 300 кишини өлтүргөн.+
12 Андан кийинкиси — Акокинин+ тукумдарынан болгон Додонун уулу Элазар.+ Ал 3 баатырдын бири болгон.
13 Пелиштиликтер согушуш үчүн Эфес-Дамимге+ чогулганда, ал ошол жерде Дөөтү менен бирге болгон. Ал жерде арпа айдалган талаа бар эле. Ысрайылдыктар пелиштиликтерден качып жөнөгөндө,
14 Элазар талаанын ортосуна туруп, пелиштиликтерди кырып, талааны сактап калган. Жахаба ошол күнү элин улуу жеңишке жеткирген.+
15 Отуз башчынын үчөө аскага, Адулам үңкүрүндө+ жүргөн Дөөтүгө келишкен. Ал учурда пелиштиликтердин аскери репаимдердин өрөөнүндө эле.+
16 Ошол убакта Дөөтү коопсуз жерде жашынып жүргөн болчу, пелиштиликтердин күзөт тобу болсо Бетлехемде жайгашкан эле.
17 Бир убакта Дөөтү суусап: «Бетлехемдин+ дарбазасынын жанындагы суу сакталчу чуңкурдан суу ичсем кана!» — деди.
18 Ошондо ошол үч жоокери пелиштиликтердин конушун аралап өтүп, Бетлехемдин дарбазасынын жанындагы суу сакталчу чуңкурдан Дөөтүгө суу алып келишкен. Бирок Дөөтү аны ичпей, Жахабанын алдында жерге төгүп салган.
19 Ал: «Булар өз өмүрүн тобокелге салып алып келген сууну кантип ичмек элем?! Бул алардын канын ичкенге барабар болуп калбайбы!+ Алар бул сууну алып келиш үчүн өз өмүрүн тобокелге салышпадыбы! Мен муну ичпейм, Кудай анын бетин ары кылсын!» — деп, ичпей койгон. Бул 3 баатыр мына ушундай иштерди кылган.
20 Жоаптын+ агасы Абышай+ булардан башка 3 баатырдын бири, башчы болгон. Ал найзасы менен 300 кишини өлтүрүп, тиги 3 баатырдай болуп атагы чыккан.+
21 Абышай берки экөөнөн атактуураак болсо да, аларга башчылык кылса да, тиги үчөөнө тең келген эмес.
22 Жояттын уулу Беная+ Капсеилде+ көп эрдик кылган эр жүрөк киши болгон. Ал мааптык Ариелдин эки уулун өлтүргөн. Ошондой эле кар жаап жаткан күнү суу сакталчу чуңкурга түшүп, арстанды өлтүргөн.+
23 Андан сырткары, бою 2 метр 20 сантиметрдей*+ болгон мисирлик алп кишини да өлтүргөн. Ал кишинин найзасы кездеме токугучтун баканындай чоң болсо да,+ Беная колуна таяк алып, ага каршы чыккан да, найзасын тартып алып, аны ошол найза менен сайып салган.+
24 Жояттын уулу Беная мына ушундай иштерди кылып, тиги 3 баатырдай болуп атагы чыккан.
25 Ал 30 кишинин ичинен атактуураак болсо да, тиги үчөөнө тең келген эмес.+ Анткен менен Дөөтү аны өзүнө жан сакчы кылып дайындаган.
26 Аскердеги мыкты жоокерлер булар болгон: Жоаптын бир тууганы Асаел,+ бетлехемдик Додонун уулу Элханан,+
27 харордук Шамот, пелолук Хелез,
28 текоялык Икештин уулу Ира,+ анатоттук Абиезер,+
29 хуштук Сипхай,+ Акокинин тукумдарынан болгон Илай,
30 нетопалык Махарай,+ нетопалык Баанактын уулу Хелет,+
31 Бенжемин уруусуна+ таандык Гибада жашаган Рибайдын уулу Итай, пиратондук Беная,
32 Гааштын+ жанындагы сайда жашаган Хурай, арабалык Абиел,
33 бакуримдик Азмабет, шаалбимдик Элиакпа,
34 гезондук Ашемдин уулдары, арариттик Шагинин уулу Жонатан,
35 арариттик Сакардын уулу Ахиям, Урдун уулу Элипал,
36 мехераттык Хепер, пелолук Ахия,
37 кармелдик Хесро, Эзбайдын уулу Наарай,
38 Натандын бир тууганы Жоел, Агрынын уулу Мибхар,
39 Амондун тукумдарынан болгон Зелек, Зеруянын уулу Жоаптын куралын көтөргөн жоокер бейроттук Нахарай,
40 итрлик Ира, итрлик Гареп,
41 Хеттин тукумдарынан болгон Урий,+ Аклайдын уулу Забат,
42 Рубейин уруусундагы Шизанын уулу Рубейин уруусунун башчысы Адина (анын кол алдында 30 киши болгон),
43 Мааханын уулу Ханан, митнилик Жошапат,
44 аштароттук Узиа, ароердик Хотамдын уулдары Шама менен Жиел,
45 Шимринин уулу Жедаел жана анын бир тууганы титсилик Жоха,
46 махаптык Элиел, Элнаамдын уулдары Жерибай менен Жошабия, мааптык Итма,
47 Элиел, Обейт жана мезобалык Жасиел.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Жасалма дөбөдөн». Сыягы, сепил сыяктуу курулуш.
^ Сөзмө-сөз: «5 чыканак». Б14 тиркемесин кара.