Жылнаама 1-китеп 12:1—40
-
Дөөтүнү колдогондор (1—40)
12 Дөөтү Киштин уулу Шабулдан качып+ Сыклакта+ жашынып жүргөндө, жанына мыкты жоокерлеринин айрымдары барышты. Алар согуштарда аны менен чогуу согушуп, жардам берип жүрүшкөн.+
2 Жаа менен куралданган ал жоокерлер оң колу менен да, сол колу+ менен да жаа атып, салмоор менен таш ыргытышчу.+ Алар Бенжемин+ уруусундагы Шабулдун туугандары* эле.
3 Алар: гибалык+ Шемайдын уулдары Ахиезер башчы менен Жоаш, Азмабеттин+ уулдары Жезиел менен Пелет, Беракак, анатоттук Жеху,
4 30 жоокердин+ бири болгон, 30 жоокерди башкарган гибондук+ мыкты жоокер Ишмая, Жеремия, Жахазиел, Жоханан, гедералык Жозабат,
5 Элузай, Жеримот, Беалия, Шемария, хариптик Шепатия,
6 Корактын+ тукумдарынан болгон Элкана, Ишия, Азарел, Жоезер, Жашобам,
7 гедордук Жерохамдын уулдары Жоела менен Зебадия.
8 Ошондой эле Дөөтү чөлдө, коопсуз жерде жашынып жүргөндө,+ анын тарабына айрым гаттыктар да өтүшкөн болчу. Алар чоң калкандары менен найзаларын камдап, согушканга даяр турган, жүздөрүндө арстандын сүрү бар, тоодогу жейрендей тез чуркаган, дасыккан мыкты жоокерлер эле.
9 Алардын башчысы — Эзер, экинчиси Обадия, үчүнчүсү Элиап,
10 төртүнчүсү Мишмана, бешинчиси Жеремия,
11 алтынчысы Атай, жетинчиси Элиел,
12 сегизинчиси Жоханан, тогузунчусу Элзабат,
13 онунчусу Жеремия, он биринчиси Махбанай.
14 Алар Гат+ уруусунан чыккан аскер башчылары эле. Алардын эң алсызы 100 кишиге, эң күчтүүсү 1 000 кишиге тете болчу.+
15 Алар Иордан дарыясын биринчи айда, ташкындап жээгинен ашып-ташып турган маалда кечип өтүп, өрөөндөрдө жашагандардын баарын чыгыш менен батышка кууп жиберишкен.
16 Дөөтү коопсуз жерде жашынып жүргөндө,+ ага Бенжемин менен Жүйүт уруусундагылардын айрымдары да барышты.
17 Дөөтү алардын алдынан чыгып: «Эгер ниетиңер түз болсо, мага жардам бергени келсеңер, анда дос болобуз. Эгер эч кандай жамандык кылбасам деле, мени душмандарымдын колуна салып бергени келсеңер, анда муну ата-бабаларыбыздын Кудайы көрүп, өзү сот болсун»,— деди.+
18 Ошондо 30 жоокердин башчысы Амасайга ыйык рух* таасир этип,+ ал:
«Дөөтү, биз сени колдойбуз! Жышайдын уулу, биз сен тараптабыз!+
Сенин да, сага жардам бергендердин да өркөнү өссүн!
Сени Кудайың колдоп жатат»,+— деди.
Дөөтү аларды кабыл алып, аскердик топторуна башчы кылып койду.
19 Менаше уруусунан да Дөөтү тарапка өткөндөр болду. Ал убакта Дөөтү пелиштиликтер менен бирге Шабул менен согушканы бараткан эле. Бирок ал пелиштиликтерге жардам берген эмес, анткени пелиштиликтердин башкаруучулары+ өз ара кеңешип: «Бул Шабул мырзасынын тарабына өтүп кетет, ошондо башыбыздан айрылабыз»+ — деп, аны кетирип жиберишкен болчу.
20 Ал Сыклакка+ келгенде, Менаше уруусунан миң сандаган кишилердин башчылары+ Аднак, Жозабат, Жедаел, Микеил, Жозабат, Элиху, Зилтайлар келип, анын тарабына өтүштү.
21 Алар күчтүү, эр жүрөк кишилер+ болушкандыктан Дөөтүгө талап-тоноочулар менен согушканга жардам берип жүрүштү. Кийин анын аскер башчылары болуп калышты.
22 Дөөтүгө жардам бергени келгендердин саны күндөн күнгө өсө бергендиктен,+ анын аскери Кудайдын аскериндей аябай көбөйдү.+
23 Шабулдун падышалыгын, Жахабанын буйругу боюнча,+ Дөөтүгө өткөрүп бериш үчүн Хебронго,+ Дөөтүгө барган куралчан жоокерлердин саны мынча болду:
24 Жүйүт уруусунан чоң калкан менен найза көтөргөн 6 800 киши,
25 Шымон уруусунан күчтүү, эр жүрөк 7 100 жоокер барды.
26 Леби уруусунан болсо 4 600 киши барды.
27 Арундун урпактарынын+ жол башчысы Жоят+ менен 3 700 киши барды.
28 Алардын арасында күчтүү, эр жүрөк жигит Садок+ жана аны менен бир тукумдан болгон 22 башчы бар эле.
29 Бенжемин уруусунан, Шабулдун туугандарынан,+ 3 000 киши барды. Бенжемин уруусундагылардын көбү ошого чейин Шабул менен анын үй-бүлөсүн берилгендик менен колдоп келишкен.
30 Эпрайым уруусунан 20 800 киши барды. Алар өз тукумунда атагы чыккан күчтүү, эр жүрөк жоокерлер эле.
31 Дөөтүнү падыша кылыш үчүн Менаше уруусунун жарымынан атайын тандалган 18 000 киши барды.
32 Исахар уруусунан 200 башчы барды. Алар ысрайыл эли кайсы учурда эмне кылышы керектигин жакшы билишчү. Уруулаштарынын баары алар берген буйруктарды аткарышчу.
33 Забулун уруусунан толук куралданган, аскер кызматына жарактуу 50 000 жоокер барды. Алардын баары Дөөтүнү бүт жүрөгү менен колдоп, ага кошулушту.
34 Напталы уруусунан 1 000 башчы, алар менен чогуу чоң калкан менен найза көтөргөн 37 000 киши барды.
35 Дан уруусунан 28 600 жоокер,
36 Ашыр уруусунан аскер кызматына жарактуу 40 000 киши барды.
37 Иордандын аркы өйүзүндөгү+ Рубейин уруусунан, Гат уруусунан жана Менаше уруусунун жарымынан бүт курал-жарактары бар 120 000 жоокер барды.
38 Алар аскердик тартипте тизилип, согушка даяр турган жоокерлер болчу. Алардын баары Дөөтүнү бүт ысрайыл элине падыша кылабыз деп бек чечип, Хебронго барышты. Калган ысрайылдыктар да Дөөтүнү падыша кылууну бир добуштан колдошту.+
39 Жүйүт боордоштору баарын даярдап койгондуктан, алар Дөөтүнүн жанында 3 күн болуп, ичип-жешти.
40 Алардын жанында жашагандар, атүгүл Исахар, Забулун жана Напталы урууларына таандык жерлерде жашагандар да эшектерге, төөлөргө, качырларга, өгүздөргө артып көп тамак-аш алып келип жатышты. Алар анжир менен жүзүмдүн ныкталган кагын, ун, шарап, май, ошондой эле бодо мал, кой алып келип жатышты, анткени бүтүндөй ысрайыл эли кубанып жаткан эле.