Жылнаама 1-китеп 15:1—29
15 Дөөтүнүн шаары деп аталган шаарга Дөөтү өзүнө үйлөрдү курду, ошондой эле чыныгы Кудайдын келишим сандыгы үчүн орун даярдап, чатыр тикти.+
2 Анан: «Лебилерден башка эч ким чыныгы Кудайдын келишим сандыгын көтөрбөшү керек, анткени Жахабанын келишим сандыгын көтөрүп жүргөнгө, өзүнө дайыма кызмат кылганга Жахаба лебилерди тандаган»,+— деди.
3 Андан кийин ал Жахабанын келишим сандыгын өзү даярдаган жерге алып келиш үчүн бүт ысрайыл элин Иерусалимге чогултту.+
4 Дөөтү Арундун урпактары+ менен лебилерди+ да чогултту.
5 Кааттын урпактарынан Уриел башчы менен анын туугандары, бардыгы биригип 120 киши,
6 Мераринин урпактарынан Асая+ башчы менен анын туугандары, бардыгы биригип 220 киши,
7 Гершомдун урпактарынан Жоел+ башчы менен анын туугандары, бардыгы биригип 130 киши,
8 Элисапандын+ урпактарынан Шемая башчы менен анын туугандары, бардыгы биригип 200 киши,
9 Хеброндун урпактарынан Элиел башчы менен анын туугандары, бардыгы биригип 80 киши,
10 Узиелдин+ урпактарынан Аминадап башчы менен анын туугандары, бардыгы биригип 112 киши келди.
11 Дөөтү дин кызматчылар Садок+ менен Абыятарды+ жана Уриел, Асая, Жоел, Шемая, Элиел, Аминадап деген лебилерди чакырып,
12 аларга: «Силер Леби уруусундагы үй-бүлөлөрдүн башчыларысыңар. Андыктан өзүңөр да, туугандарыңар* да тазалануу расмисин кылып, Ысрайылдын Кудайы Жахабанын келишим сандыгын мен даярдап койгон жерге алып келгиле.
13 Анткени биринчи жолкусунда аны көтөрүп келбегениңер үчүн,+ ошондо Жахаба Кудайыбыздын көрсөтмөсү боюнча иш кылбаганыбыз үчүн,+ ал бизге каарданган»,+— деди.
14 Ошондо дин кызматчылар менен лебилер Ысрайылдын Кудайы Жахабанын келишим сандыгын алып келиш үчүн тазалануу расмисин кылышты.
15 Лебилер чыныгы Кудайдын келишим сандыгын, Жахаба Мусага буйрук кылгандай, шыргыйларынан+ алып, ийиндерине коюп көтөрүп жөнөштү.
16 Дөөтү лебилердин башчыларына арфа+ менен башка кыл аспаптардын, жез табактардын коштоосунда шаттанып ырдап турушу үчүн ырчы лебилерди* дайындашы керектигин айтты.+
17 Ошентип, лебилер өздөрүнүн уруусунан буларды дайындашты: Жоелдин уулу Хеман,+ Берекиянын уулу Асап,+ Мераринин урпактарынан Кушаянын уулу Этан.+
18 Алардын экинчи топко кирген туугандары:+ Закарыя, Бен, Жазиел, Шемирамот, Жехиел, Уни, Элиап, Беная, Маасея, Матития, Элипелей, Микнея жана дарбазачылар Обет-Эдом менен Жиел.
19 Хеман,+ Асап,+ Этан деген ырчылар жез табак какканга дайындалган;+
20 Закарыя, Азиел, Шемирамот, Жехиел, Уни, Элиап, Маасея, Беная аламотко*+ күүлөнгөн кыл аспаптарды чертишкен.
21 Матития,+ Элипелей, Микнея, Обет-Эдом, Жиел, Азазиялар болсо шеминитке*+ күүлөнгөн арфаларда ойноп, жетектеп турушкан.
22 Лебилердин башчысы Кенания+ тажрыйбалуу болгондуктан келишим сандыгын көтөрүп жүргөндөрдү көзөмөлдөгөн.
23 Берекия менен Элкана келишим сандыгын кайтарган.
24 Дин кызматчылар Шебания, Жошапат, Нетанел, Амасай, Закарыя, Беная, Элиезер чыныгы Кудайдын келишим сандыгынын алдында сурнай тартышкан.+ Обет-Эдом менен Жехия да келишим сандыгын кайтарган.
25 Дөөтү менен Ысрайыл аксакалдары жана миң башылар кубанып,+ Жахабанын келишим сандыгын Обет-Эдомдун+ үйүнөн алып келгени баратышты.
26 Чыныгы Кудай Жахаба анын келишим сандыгын көтөрүп бараткан лебилерди колдогондуктан, алар 7 букачар менен 7 кочкорду курмандыкка чалышты.+
27 Дөөтү да, келишим сандыгын көтөрүп бараткан ырчы лебилер да, келишим сандыгын көтөргөндөр менен ырчылардын башчысы Кенания да өзгөчө чебердик менен токулган кездемеден жеңи жок көйнөк кийип алышкан эле. Дөөтү зыгыр эфод да кийип алган болчу.+
28 Ысрайылдыктардын баары ар кандай сурнайлардын,+ жез табактардын, арфа менен башка кыл аспаптардын,+ кубанычтуу кыйкырыктардын коштоосунда+ Жахабанын келишим сандыгын алып баратышты.
29 Жахабанын келишим сандыгын Дөөтүнүн шаарына алып киришкенде,+ Шабулдун кызы Михал+ терезеден карап турган эле. Ал Дөөтү падышанын секирип, кубанып-шаттанып келатканын көрүп, ичинен аны кемсинтти.+
Шилтемелер
^ Б. а. башка лебилер.
^ Же: «туугандарын».
^ Белгисиз музыкалык термин. Сыягы, улан-кыздардын эң бийик, ичке үнүн билдирет.
^ Сыягы, музыкалык аспапты жоон үн чыккыдай кылып күүлөөнү билдирет.