Жылнаама 1-китеп 16:1—43

  • Келишим сандыгын чатырга коюшат (1—6)

  • Дөөтүнүн ыраазычылык билдирген ыры (7—36)

    • «Жахаба падыша болду!» (31)

  • Келишим сандыгынын алдында аткарылган кызмат (37—43)

16  Ошентип, чыныгы Кудайдын келишим сандыгын алып келишип, Дөөтү атайын ал үчүн даярдаган чатырга коюшту.+ Анан чыныгы Кудайдын алдында бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалышты.+ 2  Курмандыктарды+ чалып бүткөндөн кийин Дөөтү Жахабанын атынан элге бата берди. 3  Анан ысрайылдыктардын баарына, эркектер менен аялдардын ар бирине тегерек нандан бирден, курма менен жүзүмдүн ныкталган кагынан да бирден берди. 4  Андан кийин Ысрайылдын Кудайы Жахабаны даңктап, ыраазычылык билдирип, ага алкыш айтып турушу үчүн, айрым лебилерди Жахабанын келишим сандыгынын алдында кызмат кылганга дайындады.+ 5  Асап+ алардын башчысы, Закарыя болсо анын жардамчысы болгон. Жиел, Шемирамот, Жехиел, Матития, Элиап, Беная, Обет-Эдом, Жиелдер+ арфа менен башка кыл аспаптарды чертишчү.+ Асап жез табак какчу.+ 6  Дин кызматчылар Беная менен Жахазиел чыныгы Кудайдын келишим сандыгынын алдында дайыма сурнай тартып турушчу. 7  Ошол күнү Дөөтү Жахабага ыраазычылык билдирип чыгарган ырын ырдоону биринчи жолу Асап+ менен башка лебилерге тапшырды. Ал мындай ыр болчу: 8  «Жахабага ыраазычылык билдиргиле,+ аны атынан чакыргыла,Иштерин элдер арасында жар салгыла!+ 9  Ага арнап, аны даңктап ыр ырдагыла*,+Бардык кереметтүү иштери тууралуу ой жүгүрткүлө*.+ 10  Анын ыйык ысмы менен мактангыла.+ Жахабага кайрылгандардын жүрөгү кубансын.+ 11  Жахабага кайрылгыла,+ андан күч-кубат сурагыла,Ар дайым андан жардам издегиле.+ 12  Жасап келген ажайып иштерин,Кереметтерин, чыгарган өкүмдөрүн унутпагыла,+ 13  Оо, Кудайдын кызматчысы Ысрайылдын тукумдары,+Жакыптын урпактары, Кудайдын тандалгандары.+ 14  Ал — биздин Кудайыбыз Жахаба,+Ал бүт жер жүзүнө өкүм чыгарат.+ 15  Анын келишимин түбөлүккө,Убадасын, миң муун өтсө да, унутпагыла.+ 16  Ыбрайым менен түзгөн ошол келишимин,+Ыскакка берген антын+ эстен чыгарбагыла. 17  Ал ошол антын Жакыпка+ мыйзам катары,Ысрайылга кылымдарга түзүлгөн келишим катары берген. 18  Ага: „Канаан жерин сага берем,+Аны энчиңе берем“,— деген.+ 19  Ошол кезде алардын саны аз эле,Ооба, өтө аз эле. Алар ал жерде келгин болуп жашашкан.+ 20  Бир элден бир элге,Бир падышалыктан бир падышалыкка көчүп-конуп жүрүшкөн.+ 21  Кудай аларды эч кимге кор кылган эмес,+Аларга болушуп, падышаларды ашкерелеген.+ 22  „Мен тандап алгандарга* тийбегиле,Пайгамбарларыма жамандык кылбагыла“,— деген.+ 23  Бүт жер жүзү, Жахабаны даңктап ырда! Анын кантип куткарарын күнүгө жарыяла!+ 24  Элдердин арасында даңкын,Бүт элдердин арасында кереметтүү иштерин жар салгыла. 25  Анткени Жахаба — улуу Кудай, даңкка баарынан да ал татыктуу. Башка кудайлардын баарынан сүрдүү.+ 26  Бардык элдердин кудайлары — пайда-батасы жок кудайлар,+Жахаба болсо асманды жараткан Кудай.+ 27  Ал улуулук менен көрккө бөлөнгөн,+Күч менен кубаныч анын турагында.+ 28  Уруулар, Жахабаны даңазалагыла,Даңкы менен күч-кубаты үчүн Жахабаны алкагыла.+ 29  Жахабага анын ысмы татыктуу болгон даңкты ыйгаргыла,+Белек алып, алдына баргыла.+ Жахабага ыйык кийимчен* сыйынгыла.+ 30  Бүт жер жүзү, анын алдында титире! Ал жерди бекем орноткон,Ал эч качан козголбойт.+ 31  Асман кубансын, жер шаттансын,+Элдер арасында: „Жахаба падыша болду!“— деп жар салынсын.+ 32  Деңиз менен андагынын баары күркүрөсүн. Талаа менен андагынын баары сүйүнсүн. 33  Токойдогу дарактар да Жахабанын алдында кубанычтуу үн салсын,Анткени ал жерди соттогону келатат*. 34  Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал — мээримдүү* Кудай,+Анын сүйүүсү түбөлүктүү.+ 35  „Ыйык ысмыңды даңктап,+Өзүңдү кубана алкап-макташ үчүн,+Куткаруучу Кудайыбыз, бизди куткар,+Бизди чогултуп, башка элдерден куткара көр. 36  Ысрайылдын Кудайы ЖахабаТүбөлүктөн түбөлүккө даңкталсын“»,— дегиле. Ошондо бүт эл: «Оомийн!*» — деди да, Жахабаны даңктап-мактады. 37  Андан кийин Дөөтү Асап+ менен башка лебилерди Жахабанын келишим сандыгынын+ алдындагы ордуна калтырды. Алар ошол жерде күн сайынкы ишин аткарып,+ дайыма келишим сандыгынын алдында кызмат кылышмак. 38  Обет-Эдом менен башка лебилер, баары биригип 68 киши дарбаза кайтарчу. Жедутундун уулу Обет-Эдом менен Хоса да дарбазачы болчу. 39  Дин кызматчы Садок+ менен башка дин кызматчылар Жахабанын Гибондогу бийик жерде+ турган ыйык чатырынын алдында кызмат кылышчу. 40  Алар бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар чалынчу курмандык жайында дайыма эртең менен жана кечинде Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды өрттөп, Жахабанын ысрайыл элине берген Мыйзамында жазылгандардын баарын аткарышчу.+ 41  Алардын жанында Хеман менен Жедутун,+ ошондой эле Жахабага «сүйүүсү түбөлүктүү»+ болгону үчүн ыраазычылык билдирип турганга атайын дайындалган, атынан аталып тандалган кишилер кызмат кылчу.+ 42  Хеман+ менен Жедутун сурнай тартып, жез табак кагып жана чыныгы Кудайды даңктаганда колдонулган башка аспаптарда ойношчу. Жедутундун уулдары+ болсо дарбазачы болушчу. 43  Ошондон кийин элдин баары үйлөрүнө тарады. Дөөтү да үйүндөгүлөрүнө бата бериш үчүн үйүнө кайтты.

Шилтемелер

Же: «музыканын коштоосунда ырдагыла».
Же балким: «айткыла».
Сөзмө-сөз: «Майлангандарыма». Сөздүктү кара.
Же балким: «улуу ыйыктыгы үчүн».
Же: «келди».
Сөзмө-сөз: «жакшы».