Жылнаама 1-китеп 18:1—17
18 Бир нече убактан кийин Дөөтү пелиштиликтерди талкалап, аларды багындырып, Гат+ менен ага караштуу шаарларды тартып алды.+
2 Андан кийин маап элин жеңип алды. Мааптыктар+ ошондон тартып Дөөтүгө кул болуп, салык төлөй башташты.+
3 Соба+ падышасы Ададезер+ Эфрат дарыясынын+ аймагына бийлигин орнотуш үчүн барганда, Дөөтү ага Хаматтын+ жанынан катуу сокку урду.
4 Ал анын 1 000 арабасын, 7 000 атчан аскерин, 20 000 жөө аскерин колго түшүрүп,+ арабага чегилген аттарынын бут тарамыштарын кесип салды, 100 атына гана тийген жок.+
5 Соба падышасы Ададезерге жардам бериш үчүн Дамасктан сириялыктар келишти. Дөөтү алардын 22 000 кишисин өлтүрүп,+
6 Сириядагы Дамаскка күзөтчүлөрдүн бир нече тобун койду. Сириялыктар Дөөтүгө кул болуп, салык төлөй башташты. Ошентип, Дөөтү кайда барбасын, Жахаба аны жеңишке жеткирип жатты*.+
7 Дөөтү Ададезердин кишилеринин алтындан жасалган тегерек калкандарын тартып алып, Иерусалимге алып барды.
8 Андан сырткары, Ададезерге таандык Тибхат жана Кун шаарларынан аябай көп жез алып кетти. Кийин Сулайман ал жезден чоң казанды,+ мамыларды жана башка буюмдарды жасады.+
9 Хамат падышасы Той Дөөтүнүн Собанын падышасы Ададезердин+ бүт аскерин талкалаганын угары менен+
10 анын ал-жайын сураганы жана Ададезерге катуу сокку уруп, жеңишке жеткени үчүн куттуктаганы өзүнүн уулу Хадорамды* жиберди. (Анткени Ададезер Той менен көп согушчу.) Хадорам ага алтындан, күмүштөн, жезден жасалган ар кандай буюмдарды алып барды.
11 Дөөтү аларды Жахабага арнады*.+ Ал башка элдерден: эдомдуктардан, мааптыктардан, Амондун тукумдарынан,+ пелиштиликтерден,+ Амалыктын тукумдарынан+ олжолоп алган алтын-күмүштү да Кудайга арнаган болчу.
12 Зеруянын+ уулу Абышай+ Туздуу өрөөндө эдомдуктардын 18 000 кишисин өлтүрдү.+
13 Ал Эдомдун ар кайсы жерине күзөтчүлөрдүн тобун койду. Эдомдуктардын баары Дөөтүгө кул болуп калышты.+ Ошентип, Дөөтү кайда барбасын, Жахаба аны жеңишке жеткирип жатты.+
14 Дөөтү бүт Ысрайылга падышалык кылып,+ элин адилеттик, калыстык менен башкарып жатты.+
15 Зеруянын уулу Жоап аскер башчы,+ Акилуттун уулу Жошапат+ жылнаамачы,
16 Акитуптун уулу Садок менен Абыятардын уулу Акимелек дин кызматчы, Шапша катчы болуп кызмат кылды.
17 Жояттын уулу Беная керейтиликтер+ менен пелеликтерге+ башчылык кылды, ал эми Дөөтүнүн уулдары падышадан кийинки эле орундарды ээлешти.