Жылнаама 1-китеп 2:1—55

  • Ысрайылдын 12 уулу (1, 2)

  • Жүйүттүн урпактары (3—55)

2  Ысрайылдын уулдары:+ Рубейин,+ Шымон,+ Леби,+ Жүйүт,+ Исахар,+ Забулун,+ 2  Дан,+ Жусуп,+ Бенжемин,+ Напталы,+ Гат,+ Ашыр.+ 3  Жүйүттүн уулдары: Эр, Онан, Шелах. Бул үчөөнү ага канаандык+ Шуанын кызы төрөп берген. Бирок Жүйүттүн тун уулу Эр Жахабага* жакпаган иш кылгандыктан, ал аны өлтүрүп салган.+ 4  Жүйүткө келини Тамар+ Перес+ менен Зеракты төрөп берген. Бардыгын кошкондо, Жүйүттүн 5 уулу болгон. 5  Перестин уулдары: Кесрон менен Хамул.+ 6  Зерактын уулдары: Зимри, Этан, Хеман, Калкол, Дара. Бардыгы болуп анын 5 уулу болгон. 7  Ахар* Карминин уулу болгон. Ал жок кылынышы керек болгон нерселерден алып алып, Кудайга каршы иш кылган.+ Ошентип, ысрайыл элинин башына мүшкүл түшүргөн.+ 8  Азария Этандын уулу болгон. 9  Кесрондун уулдары: Жерахмел,+ Рам,+ Келубай*. 10  Рамдан Аминадап+ төрөлгөн. Аминадаптан Жүйүттүн урпактарынын башчысы Нахшон+ төрөлгөн. 11  Нахшондон Салма,+ Салмадан Бууз+ төрөлгөн. 12  Бууздан Обейт, Обейттен Жышай+ төрөлгөн. 13  Жышайдын уулдары: тун уулу — Элиап, экинчиси Абынадап,+ үчүнчүсү Шима,+ 14  төртүнчүсү Нетанел, бешинчиси Радай, 15  алтынчысы Осем, жетинчиси Дөөтү.+ 16  Жышайдын кыздары: Зеруя менен Абигейил.+ Зеруянын Абышай,+ Жоап,+ Асаел+ деген үч уулу болгон. 17  Абигейил Амасаны+ төрөгөн. Амасанын атасы Ысмайылдын тукумдарынан болгон Жетер болгон. 18  Кесрондун уулу Калепке* аялдары Азуба менен Жериот бир нече уул төрөп беришкен. Азуба төрөп берген уулдары: Жешер, Шобап, Ардон. 19  Азуба өлгөндөн кийин, Калеп Эфратаны+ аялдыкка алган. Ал ага Хурду+ төрөп берген. 20  Хурдан Ури, Уриден Безелел+ төрөлгөн. 21  Кесрон 60 жашында Гилаттын+ атасы Махирдин+ кызын аялдыкка алган. Ал ага Сегупту төрөп берген. 22  Сегуптан Жайыр+ төрөлгөн. Анын Гилат жеринде 23 шаары болгон.+ 23  (Кийинчерээк гешурлуктар+ менен сириялыктар+ алардан Хабот-Жайырды,+ Кенатты+ жана ага караштуу шаарларды, бардыгы болуп 60 шаарды тартып алышкан.) Булардын баары Гилаттын атасы Махирдин уулдары болгон. 24  Кесрон+ Калеп-Эфратада өлгөндөн кийин, аялы Абия Ашкурду+ төрөгөн. Ашкур Текоянын+ атасы* болгон. 25  Кесрондун тун уулу Жерахмелдин уулдары: тун уулу — Рам, андан кийинкилери — Буна, Орен, Осем, Ахия. 26  Жерахмелдин Атара деген дагы бир аялы болгон. Ал Онамды төрөгөн. 27  Жерахмелдин тун уулу Рамдын уулдары: Маас, Жамин, Экер. 28  Онамдын уулдары: Шамая менен Жада. Шамаянын уулдары: Надап менен Абышур. 29  Абышурдун аялынын аты Абикейил болгон. Ал ага Ахбан менен Молитти төрөп берген. 30  Надаптын уулдары: Селет менен Апайым. Селет бала көрбөй өткөн. 31  Апайымдын уулу Иши, Ишинин уулу Шешан, Шешандын уулу Аклай болгон. 32  Шамаянын бир тууганы Жаданын уулдары: Жетер менен Жонатан. Жетер бала көрбөй өткөн. 33  Жонатандын уулдары: Пелеф менен Заза. Булар Жерахмелдин урпактары болгон. 34  Шешандын эркек балдары болгон эмес, кыздары эле болгон. Анын Жарха деген мисирлик* кызматчысы бар болчу. 35  Шешан ага бир кызын аялдыкка берген. Ал Жархага Атайды төрөп берген. 36  Атайдан Натан, Натандан Забат төрөлгөн. 37  Забаттан Эплал, Эплалдан Обейт төрөлгөн. 38  Обейттен Жеху, Жехудан Азария төрөлгөн. 39  Азариядан Хелез, Хелезден Элеас төрөлгөн. 40  Элеастан Сисмай, Сисмайдан Шалум төрөлгөн. 41  Шалумдан Жекамия, Жекамиядан Элишама төрөлгөн. 42  Жерахмелдин бир тууганы Калептин+ уулдары: тун уулу Меша жана Хеброндун атасы Марешанын уулдары. Мешадан Зип төрөлгөн. 43  Хеброндун уулдары: Корак, Тапуах, Рекем, Шема. 44  Шемадан Жоркеямдын атасы Рахам төрөлгөн. Рекемден Шамая төрөлгөн. 45  Шамаядан Маон төрөлгөн. Маондон Бет-Сур+ төрөлгөн. 46  Калептин токолу Эпа Харанды, Мозаны, Газести төрөгөн. Харандан Газес төрөлгөн. 47  Жактайдын уулдары: Регем, Жотам, Гешан, Пелет, Эпа, Шаап. 48  Калептин Мааха деген токолу Шебер менен Тирханды төрөгөн. 49  Ошондой эле ал Мадмананын+ атасы Шаапты жана Махбена менен Гибанын+ атасы Шебаны төрөгөн. Калептин+ кызынын аты Акса+ болгон. 50  Булар Калептин урпактары болгон. Эфратанын+ тун уулу Хурдун+ уулдары: Кириат-Жеаримдин+ негиздөөчүсү* Шобал, 51  Бетлехемдин+ негиздөөчүсү* Салма, Бет-Гадердин атасы Хареп. 52  Кириат-Жеаримдин негиздөөчүсү Шобалдын Арое деген уулу болгон. Менухоттун жарым эли Шобалдын урпактары болгон. 53  Кириат-Жеаримде жашагандар булар: итрликтер,+ путтуктар, шуматтыктар, мишралыктар. Булардан соралыктар+ менен эштаолдуктар+ тараган. 54  Бетлехемде,+ Нетопада, Атрот-Бет-Жоапта жашагандар, манахаттыктардын жарымы жана соралыктар Салманын тукумдары болгон. 55  Тиратимдиктер, шималыктар, сукаттыктар Жабесте жашаган көчүрмөчүлөрдүн тукумдары болгон. Булар — Хаматтан тараган кейниликтер.+ Хамат Рехаптын+ тукумдарынын атасы болгон.

Шилтемелер

Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.
Мааниси: «башка мүшкүл түшүрүүчү». Жашыя 7:1, 18де «Ахан».
18, 19, 42-аяттарда «Калеп» делет.
9-аятта «Келубай» делет.
Бул бөлүмдөгү айрым аттар адамдарга эмес, жерлерге тиешелүү болушу мүмкүн. Андай учурларда «ата» деген сөз «негиздөөчү» дегенди билдириши ыктымал.
египеттик.
Сөзмө-сөз: «атасы».
Сөзмө-сөз: «атасы».