Жылнаама 1-китеп 20:1—8
20 Жылдын башында*, падышалар согушка барчу убакта, Жоап+ аскерлери менен Амондун тукумдарынын жерине барып, аны кыйратып, Раббаны+ курчап алды. Дөөтү болсо Иерусалимде калган болчу.+ Жоап Раббаны басып алып, аны талкалады.+
2 Дөөтү Малкамдын* башынан 34 килограммдай* алтындан жасалып, баалуу таштар менен кооздолгон таажысын чечип алды. Аны Дөөтүнүн башына кийгизишти. Дөөтү ал шаардан абдан көп олжо алып чыкты.+
3 Андан сырткары, шаардын тургундарын туткундап, аларга таш кестиртип, курч темир шаймандар менен, темир балта менен иштетип койду.+ Ал Амондун тукумдарынын бардык шаарларын ушундай кылды. Акыры, Дөөтү бүт аскери менен бирге Иерусалимге кайтып келди.
4 Андан кийин Гезерде пелиштиликтер менен согуш болду. Ошондо хуштук Сипхай+ репаимдердин+ тукумдарынан болгон Сипайды өлтүрдү. Ошентип, пелиштиликтер багынып беришти.
5 Пелиштиликтер менен дагы согуш болуп, Жайырдын уулу Элханан гаттык Голиаттын+ бир тууганы Лахмини өлтүрдү. Анын найзасынын сабы кездеме токугучтун баканындай чоң эле.+
6 Андан кийин Гатта+ согуш болду. Ал жерде колу-бутунда алтыдан манжасы, баары биригип 24 манжасы бар, бою абдан узун бир киши+ бар эле. Ал да репаимдердин тукумдарынан болчу.+
7 Ал ысрайылдыктарды мазактай бергендиктен,+ Дөөтүнүн агасы Шиманын*+ уулу Жонатан аны өлтүрүп койду.
8 Булар репаимдердин+ Гатта+ жашаган тукумдары эле. Алар Дөөтү менен анын кишилеринин колунан өлүштү.
Шилтемелер
^ Б. а. жазында.
^ Сыягы, Амондун тукумдарынын Молек же Милком деп да аталган жалган кудайы.
^ Сөзмө-сөз: «1 талант». Б14 тиркемесин кара.
^ Шемуелдин 1-китеби 16:9да «Шамай»; Шемуелдин 2-китеби 21:21де «Шимей».