Жылнаама 1-китеп 23:1—32

  • Дөөтү лебилердин кызматын уюштурат (1—32)

    • Арун менен уулдары өзгөчө кызмат үчүн тандалат (13)

23  Дөөтү карылыгы жетип, көз жумарына аз калганда уулу Сулайманды Ысрайылга падыша кылып койду.+ 2  Анан Ысрайылдын бардык төрөлөрүн, дин кызматчыларды,+ лебилерди+ чогултту. 3  Отуз жаштан өйдөкү лебилердин баарын бир-бирден санаганда,+ 38 000 киши болду. 4  Алардын 24 000и Жахабанын үйүндөгү ишке көзөмөл кылышчу. 6 000и башчы жана бий болчу,+ 5  ал эми 4 000и дарбаза кайтарчу,+ дагы 4 000и Жахабаны даңктап+ күү аспаптарда ойночу. Дөөтү ал аспаптар жөнүндө: «Буларды Кудайды даңкташ үчүн жасадым»,— деп айткан эле. 6  Андан кийин Дөөтү чогулгандарды, Лебинин кайсы уулунан тараса, ошого жараша топторго бөлдү.+ Лебинин Гершон, Каат, Мерари+ деген 3 уулу болгон. 7  Гершондун уулдары: Ладан менен Шимей. 8  Ладандын Жехиел, Зетам, Жоел+ деген 3 уулу болгон. Жехиел башчы болгон. 9  Шимейдин* Шеломот, Хазиел, Харан деген 3 уулу болгон. Алар Ладандан тарагандардын урук башчылары болушкан. 10  Шимейдин* уулдары: Жахат, Зина*, Жеуш, Берия. Бул төртөө Шимейдин уулдары болгон. 11  Башчысы Жахат, андан кийинкиси Зизах болгон. Жеуш менен Бериянын уулдары аз болгондуктан, экөө биригип бир тукумду түзүшкөн жана бир милдетти аткарышкан. 12  Кааттын Амрам, Итсар,+ Хеброн, Узиел+ деген 4 уулу болгон. 13  Амрамдын уулдары: Арун+ менен Муса.+ Арун менен уулдары дайыма Ыйыктын ыйыгында кызмат кылып, Жахабанын алдында курмандык түтүнүн түтөтүп, ага кызмат кылыш үчүн, анын атынан элге бата бериш үчүн+ тандалган.+ 14  Чыныгы Кудайдын кишиси Мусанын уулдары менен урпактары Леби уруусундагылар менен бирге саналды. 15  Мусанын уулдары: Гершом+ менен Элиезер.+ 16  Шебуел+ башчы Гершомдун уулу болгон. 17  Элиезердин тукумдарынын ичинен Рехабия+ башчы болгон. Элиезердин андан башка уулу болгон эмес, ал эми Рехабиянын уулдары көп болгон. 18  Итсардын+ уулу Шеломит+ башчы болгон. 19  Хеброндун уулдары: башчысы — Жерия, андан кийинкиси — Амария, үчүнчүсү — Жахазиел, төртүнчүсү — Жекамам.+ 20  Узиелдин уулдары:+ башчысы — Микей, андан кийинкиси — Ишия. 21  Мераринин уулдары: Махли менен Муши.+ Махлинин уулдары: Элазар менен Киш. 22  Элазар эркек бала көрбөй өтүп кеткен. Анын кыздары эле болгон. Аларды туугандары, Киштин уулдары, аялдыкка алышкан. 23  Мушинин Махли, Эдер, Жеремот деген 3 уулу болгон. 24  Булар — Лебинин 20 жаштан өйдөкү, аттары аталып, өздөрүнө тапшырылган милдеттери, тукуму боюнча бир-бирден саналган урпактары, урук башчылары. Алар Жахабанын үйүндөгү кызматка байланышкан иштерди аткарышкан. 25  Дөөтү: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба өз элине тынчтык берди.+ Эми ал түбөлүккө Иерусалимде жашайт.+ 26  Ошондуктан лебилер мындан ары ыйык чатырды жана андагы кызматта колдонулган нерселерди көтөрүп жүрүшпөйт»,— деди.+ 27  Ошентип, Дөөтүнүн акыркы буйругу боюнча Лебинин 20 жаштан өйдөкү урпактары саналды. 28  Алар Арундун урпактарына Жахабанын үйүндөгү кызматты аткарганга жардам беришчү+ жана короолорго,+ ашканаларга, ыйык нерселерди тазалаганга*, чыныгы Кудайдын үйүндөгү кызматка байланышкан башка иштерди аткарганга жооптуу болушчу. 29  Үстү-үстүнө коюла турган нандарга*,+ дан азыктарынан тартуу катары алынып келчү эң жакшы унга, ачыткы кошулбай жасалган нандарга,+ көмөч казанга бышырылган нандарга, майга жуурулган камырга+ жана ар кандай чен-өлчөмдөргө да жооптуу болушчу. 30  Андан сырткары, күндө эртең менен+ жана кечинде ордуларына туруп, Жахабага ыраазычылык билдирип, аны даңкташчу.+ 31  Ошондой эле алар дайыма Жахабанын алдында дем алыш күндөрү*,+ ай жаңырганда+ жана майрамдарда,+ Мыйзамда белгиленген өлчөмдө Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды чалганга жардам беришчү. 32  Алар жолугушуу чатырына, ыйык жайга байланышкан милдеттерди да аткарчу. Жахабанын үйүндөгү кызматты аткарып, туугандары болгон Арундун урпактарына жардам беришчү.

Шилтемелер

Сыягы, бул 7-аяттагы Шимей эмес.
Сыягы, 7-аяттагы Шимей.
11-аятта «Зизах» делет.
Б. а. тазалоо расмисин кылганга.
Б. а. Кудайдын алдында дайыма турушу керек болгон нандар.