Жылнаама 1-китеп 24:1—31

  • Дөөтү дин кызматчыларды 24 топко бөлөт (1—19)

  • Калган лебилер бөлүштүрүлөт (20—31)

24  Дөөтү Арундун урпактарын топторго бөлдү. Анын уулдары: Надап, Абый,+ Элазар, Итамар.+ 2  Надап менен Абый атасынан мурун каза болгон.+ Алардын уулдары болгон эмес. Элазар+ менен Итамар болсо дин кызматчы болуп кызмат кыла беришкен. 3  Дөөтү Элазардын урпактарынан болгон Садок+ жана Итамардын урпактарынан болгон Акимелек менен чогуу Арундун тукумдарын аткара турган кызматына жараша топторго бөлдү. 4  Итамардын урпактарына караганда Элазардын урпактарынын арасында башчылар көп эле. Ошондуктан аларды бөлгөндө Элазардын урпактарынан 16 урук башчы, Итамардын урпактарынан 8 урук башчы болду. 5  Андан кийин Элазардын да, Итамардын да урпактарынын арасынан ыйык жайга жооптуу башчылар менен чыныгы Кудайга кызмат кыла турган башчыларды бөлүштүрүш үчүн өкчөмө таш ыргытышты+. 6  Анан Нетанелдин уулу лебилердин катчысы Шемая Дөөтү падышанын, төрөлөрдүн, дин кызматчы Садоктун,+ Абыятардын+ уулу дин кызматчы Акимелектин,+ ошондой эле дин кызматчылар менен лебилердин урук башчыларынын алдында алардын атын жазып койду. Бир урук Элазардын урпактарынын арасынан, бир урук Итамардын урпактарынын арасынан тандалып жатты. 7  Өкчөмө таш ыргытканда биринчиси Жеарипке, экинчиси Жедаяга, 8  үчүнчүсү Харимге, төртүнчүсү Сеоримге, 9  бешинчиси Малкияга, алтынчысы Мияминге, 10  жетинчиси Акоско, сегизинчиси Абияга,+ 11  тогузунчусу Жешуяга, онунчусу Шеханияга, 12  он биринчиси Элиашипке, он экинчиси Жакимге, 13  он үчүнчүсү Хупага, он төртүнчүсү Жешебапка, 14  он бешинчиси Билгага, он алтынчысы Имерге, 15  он жетинчиси Хезирге, он сегизинчиси Аписеске, 16  он тогузунчусу Петахияга, жыйырманчысы Жехескелге, 17  жыйырма биринчиси Жахинге, жыйырма экинчиси Гамулга, 18  жыйырма үчүнчүсү Делаяга, жыйырма төртүнчүсү Мазияга түштү. 19  Алар Жахабанын ибадатканасына ушундай тартип менен келип кызмат кылышкан.+ Мындай тартипти алардын түпкү атасы Арун Ысрайылдын Кудайы Жахабанын буйругу боюнча бекиткен болчу. 20  Калган лебилер булар: Амрамдын+ урпактарынан* Шубаел,+ Шубаелдин урпактарынан Жехдея, 21  Рехабиянын+ урпактарынан Ишия башчы, 22  Итсардын урпактарынан Шеломот,+ Шеломоттун уулдарынан Жахат. 23  Ошондой эле Хеброндун урпактарынан: башчысы Жерия,+ экинчиси Амария, үчүнчүсү Жахазиел, төртүнчүсү Жекамам. 24  Узиелдин урпактарынан Микей, Микейдин уулдарынан Шамир, 25  Микейдин бир тууганы Ишиянын уулдарынан Закарыя. 26  Мераринин+ уулдары Махли менен Муши болгон. Жазиянын уулдарынан Бено. 27  Мераринин урпактарынан Жазиянын уулдары: Бено, Шоям, Закур, Ибри. 28  Махлинин уулдарынан Элазар. Анын бир да уулу болгон эмес.+ 29  Киштин урпактарынан Жерахмел. 30  Мушинин уулдары Махли, Эдер, Жеримот болгон. Булар — уругу боюнча аталган Лебинин урпактары. 31  Алар да, туугандары болгон Арундун урпактарына окшоп, Дөөтү падышанын, Садоктун, Акимелектин жана дин кызматчылар менен лебилердин урук башчыларынын алдында өкчөмө таш ыргытышты.+ Улуусунун уругундагылар менен кичүүсүнүн уругундагылар бирдей каралды.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «уулдарынан». Еврей тилинде бул сөз уулун, небересин же урпагын билдириши мүмкүн.