Жылнаама 1-китеп 25:1—31

  • Ибадатканадагы музыканттар менен ырчылар (1—31)

25  Андан кийин Дөөтү менен ибадатканада кызмат кылган топтордун башчылары Асаптын, Хемандын жана Жедутундун+ айрым уулдарын арфа менен башка кыл аспаптарды чертип,+ жез табак кагып,+ Кудайды даңктаганга* бөлүп коюшту. Ал кызматка дайындалгандар булар: 2  Асаптын уулдарынан Закур, Жусуп, Нетания, Ашарел. Аларды падышанын көзөмөлү алдында Кудайды даңктаган атасы Асап жетектеген. 3  Жедутундун+ уулдарынан Гедалия, Зери, Жешая, Шимей, Хашабия, Матития.+ Бул алтоону арфа чертип, Жахабага ыраазычылык билдирген, алкап-мактап,+ аны даңктаган атасы Жедутун жетектеген. 4  Хемандын+ уулдарынан Букия, Матания, Узиел, Шебуел, Жеримот, Ханания, Ханани, Элиата, Гидалти, Ромамти-Эзер, Жошбекаша, Малоти, Отир, Махазиот. 5  Булардын баары Хемандын — Кудайдан аян алып турган, падышага кызмат кылган, чыныгы Кудайдын сөзүн жарыялап, аны даңктаган кишинин — уулдары болгон. Чыныгы Кудай ага 14 уул, 3 кыз берген. 6  Булардын баары атасынын жетеги астында чыныгы Кудай Жахабанын үйүндө ырдап, жез табак кагып, арфа+ жана башка кыл аспаптарды чертип кызмат кылышкан. Ал эми Асапты, Жедутунду жана Хеманды падыша көзөмөлдөп, жетектеп турган. 7  Алар менен башка лебилер, баары биригип 288 киши, Жахабаны даңктап ырдаганга үйрөтүлгөн, аябай жакшы ырдаган ырчылар болушкан. 8  Милдеттерин бөлүштүрүп жатканда алар улуу-кичүү, устат-шакирт дебей, өкчөмө таш ыргытышты.+ 9  Өкчөмө таш ыргытканда, биринчиси Асаптын уулу Жусупка+ түштү. Экинчиси Гедалияга,+ анын туугандары менен уулдарына (баары биригип 12 киши), 10  үчүнчүсү Закурга,+ анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 11  төртүнчүсү Исриге, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 12  бешинчиси Нетанияга,+ анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 13  алтынчысы Букияга, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 14  жетинчиси Жешарелге, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 15  сегизинчиси Жешаяга, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 16  тогузунчусу Матанияга, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 17  онунчусу Шимейге, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 18  он биринчиси Азарелге, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 19  он экинчиси Хашабияга, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 20  он үчүнчүсү Шубаелге,+ анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 21  он төртүнчүсү Матитияга, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 22  он бешинчиси Жеремотко, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 23  он алтынчысы Хананияга, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 24  он жетинчиси Жошбекашага, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 25  он сегизинчиси Хананиге, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 26  он тогузунчусу Малотиге, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 27  жыйырманчысы Элиатага, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 28  жыйырма биринчиси Отирге, анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 29  жыйырма экинчиси Гидалтиге,+ анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 30  жыйырма үчүнчүсү Махазиотко,+ анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши), 31  жыйырма төртүнчүсү Ромамти-Эзерге,+ анын уулдары менен туугандарына (баары биригип 12 киши) түштү.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «пайгамбарлык кылганга».