Жылнаама 1-китеп 26:1—32
26 Дарбазачылардын топтору+ булар: Корактын урпактарынын арасынан Асаптын урпактарынан болгон Коренин уулу Мешелемия.+
2 Мешелемиянын уулдары: тун уулу — Закарыя, экинчиси Жедаел, үчүнчүсү Зебадия, төртүнчүсү Жатниел,
3 бешинчиси Эйлам, алтынчысы Жахонан, жетинчиси Элионай.
4 Обет-Эдомдун уулдары: тун уулу — Шемая, экинчиси Жеозабат, үчүнчүсү Жоах, төртүнчүсү Сакар, бешинчиси Нетанел,
5 алтынчысы Амиел, жетинчиси Исахар, сегизинчиси Пеултай. Кудай Обет-Эдомго мына ушинтип бата берген.
6 Анын Шемая деген уулунун жөндөмдүү, күчтүү уулдары болгон. Алар урук башчылары болушкан.
7 Шемаянын уулдары: Отни, Репаел, Обейт, Элзабат. Элзабаттын Элиху, Семакия деген туугандары болгон. Алар да жөндөмдүү кишилер эле.
8 Алардын баары Обет-Эдомдун урпактары болушкан. Өздөрү да, уулдары да, туугандары да жөндөмдүү, тапшырылган кызматка жарактуу кишилерден болушкан. Баары биригип 62 киши болгон.
9 Мешелемиянын+ уулдары менен туугандары да жөндөмдүү кишилер болушкан. Баары биригип 18 киши болгон.
10 Мераринин урпактарынан болгон Хосанын уулдары: башчысы — Шимри (ал тун уулу болбосо да, атасы аны башчы кылып дайындаган),
11 экинчиси Хилкия, үчүнчүсү Тебалия, төртүнчүсү Закарыя. Хосанын уулдары менен туугандарынын саны 13 киши болгон.
12 Дарбазачылардын ушул топторундагы башчылардын да, берки туугандарыныкындай эле, Жахабанын үйүндө аткарган милдеттери болгон.
13 Кимге кайсы дарбаза тиери чечилип жатканда, уругу чоң болсо да, кичине болсо да, өкчөмө таш ыргытылды.+
14 Өкчөмө таш ыргытылганда Шелемияга чыгыш тарап, анын уулуна, акылман кеңешчи Закарыяга, түндүк тарап тийди.
15 Обет-Эдомго түштүк тарап, ал эми уулдарына+ кампалар тийди.
16 Шупим менен Хосага+ батыш тарап, өйдө кеткен чоң жолдун боюндагы Шалекет дарбазасынын жаны тийди. Бир күзөт тобу экинчи күзөт тобуна жанаша турчу.
17 Чыгыш тарапта 6 леби турчу. Түндүк тарапта күн сайын төрттөн, түштүк тарапта да күн сайын төрттөн леби турчу. Кампалардын+ жанында болсо 2 күзөтчү, ал эми алардын жанында дагы башка 2 күзөтчү турчу.
18 Батыш тарапта чоң жолдун боюнда+ 4 күзөтчү, түркүктөрү бар үстү жабык жайдын жанында 2 күзөтчү турчу.
19 Булар Корак менен Мераринин урпактарынын арасынан тандалган дарбазачылардын топтору болгон.
20 Калган лебилердин ичинен Ахия чыныгы Кудайдын үйүндөгү казыналар менен Кудайга арналган буюмдар сакталган казыналарга жооптуу болгон.+
21 Ладандын урпактарынан, тактап айтканда, Гершондун Ладандан тараган урпактарынан урук башчылардын бири болгон Жехиели+
22 жана анын уулдары Зетам менен Жоел Жахабанын үйүндөгү казыналарга жооптуу болушкан.+
23 Амрамдын, Итсардын, Хеброндун, Узиелдин урпактарынын+ ичинен
24 Мусанын уулу Гершомдун урпагы Шебуел кампаларга жооптуу болгондордун башчысы болгон.
25 Анын туугандары, Элиезердин+ урпактары: Элиезердин уулу Рехабия,+ Рехабиянын уулу Жешая, Жешаянын уулу Жорам, Жорамдын уулу Зихри, Зихринин уулу Шеломот.
26 Шеломот менен анын туугандары Кудайга арналган буюмдар сакталган казыналардын баарына жооптуу болушкан.+ Ал нерселерди Дөөтү падыша+ менен урук башчылары,+ миң башылар, жүз башылар жана аскер башчылары Кудайга арнаган болчу.
27 Алар согушта+ душмандардан түшкөн олжонун+ бир бөлүгүн Жахабанын үйүнө байланышкан иштерге керектеш үчүн арнашкан.
28 Көрөгөч Шемуел,+ Киштин уулу Шабул, Неирдин уулу Абинер,+ Зеруянын уулу+ Жоап+ жана башкалар Кудайга арнаган нерселерге да Шеломит* менен анын туугандары жооптуу болушкан.
29 Итсардын+ урпактарынан болгон Кенания менен анын уулдары Кудайдын үйүнөн тышкаркы иштерге жооптуу болуп, ысрайыл элинде башчы жана бий болушкан.+
30 Хеброндун+ урпактарынан Хашабия менен анын туугандары, баары биригип 1 700 киши. Алар жөндөмдүү кишилер болушкан. Алар Ысрайылда, Иордандын батыш тарабындагы жерлерде, Жахабага жана падышага кызмат кылганга байланышкан иштердин баарын көзөмөлдөшчү.
31 Хеброндун урпактарынан Жерия+ урук башчы болгон. Дөөтүнүн башкаруусунун кыркынчы жылында+ Дөөтүнүн кызматчылары Хеброндун урпактарынын арасынан күчтүү, жөндөмдүү кишилерди издештирип отуруп, Гилаттагы Жазерден+ табышты.
32 Жериянын туугандары, жөндөмдүү 2 700 киши, урук башчылары болгон. Дөөтү падыша аларды Рубейин менен Гат уруусундагылардын, ошондой эле Менаше уруусунун жарымындагылардын чыныгы Кудайга жана падышага кызмат кылганга байланышкан бардык иштерин жетектеш үчүн башчы кылып койду.
Шилтемелер
^ 25, 26-аяттарда «Шеломот».