Жылнаама 1-китеп 27:1—34
-
Падышанын аскер башчылары (1—34)
27 Ысрайылдыктардын 24 000 кишиден турган ар бир тобуна урук башчылары, миң башылар, жүз башылар,+ ошол топторго байланышкан иштердин баарын жетектеп, падышага кызмат кылган башчылар+ кирген. Ал топтордун ар бири жыл сайын өзүнө белгиленген айда кызматын аткарганга келип-кетип турган.
2 Биринчи айда кызмат кылган биринчи топко Забдиелдин уулу Жашобам+ башчылык кылган. Анын тобу 24 000 кишиден турган.
3 Перестин урпактарынын+ арасынан ал биринчи айда кызмат кылганга дайындалган топтордун башчыларынын баарынын жетекчиси болгон.
4 Экинчи айда кызмат кылган экинчи топко Акокинин+ тукумдарынан болгон Додай+ башчылык кылган, Миклот болсо анын жардамчысы болгон. Додайдын тобу да 24 000 кишиден турган.
5 Үчүнчү айда кызмат кыла турган үчүнчү топко жогорку дин кызматчы Жояттын+ уулу Беная+ башчылык кылган. Анын тобу да 24 000 кишиден турган.
6 Беная күчтүү жоокер болгон. Ал 30 жоокердин бири болгон жана аларга башчылык кылган. Анын тобунун башында уулу Амизабат турган.
7 Төртүнчү айда кызмат кылган төртүнчү башчы Жоаптын бир тууганы+ Асаел+ болгон, кийин анын ордуна уулу Зебадия башчы болгон. Анын тобу да 24 000 кишиден турган.
8 Бешинчи айда кызмат кылган бешинчи башчы Израхиянын тукумдарынан чыккан Шамут болгон. Анын тобу да 24 000 кишиден турган.
9 Алтынчы айда кызмат кылган алтынчы башчы текоялык+ Икештин уулу Ира+ болгон. Анын тобу да 24 000 кишиден турган.
10 Жетинчи айда кызмат кылган жетинчи башчы Эпрайым урпактарынан чыккан пелолук Хелез+ болгон. Анын тобу да 24 000 кишиден турган.
11 Сегизинчи айда кызмат кылган сегизинчи башчы Зерактын тукумдарынан+ чыккан хуштук Сипхай+ болгон. Анын тобу да 24 000 кишиден турган.
12 Тогузунчу айда кызмат кылган тогузунчу башчы Бенжеминдин урпактарынан чыккан анатоттук+ Абиезер+ болгон. Анын тобу да 24 000 кишиден турган.
13 Онунчу айда кызмат кылган онунчу башчы Зерактын тукумдарынан+ чыккан нетопалык Махарай+ болгон. Анын тобу да 24 000 кишиден турган.
14 Он биринчи айда кызмат кылган он биринчи башчы Эпрайымдын урпактарынан чыккан пиратондук Беная+ болгон. Анын тобу да 24 000 кишиден турган.
15 Он экинчи айда кызмат кылган он экинчи башчы Отниелдин тукумдарынан чыккан нетопалык Хелдай болгон. Анын тобу да 24 000 кишиден турган.
16 Ысрайыл урууларынын башчылары булар: Рубейин уруусунуку Зихринин уулу Элиезер, Шымон уруусунуку Мааханын уулу Шепатия,
17 Леби уруусунуку Кемуелдин уулу Хашабия, Арундун урпактарыныкы Садок,
18 Жүйүт уруусунуку Дөөтүнүн бир тууганы болгон Элиху,+ Исахар уруусунуку Микеилдин уулу Омри,
19 Забулун уруусунуку Обадиянын уулу Ишмая, Напталы уруусунуку Азриелдин уулу Жеримот,
20 Эпрайым уруусунуку Азазиянын уулу Ошуя, Менаше уруусунун жарымыныкы Педаянын уулу Жоел,
21 Менаше уруусунун экинчи жарымыныкы, Гилатта жашагандарыныкы, Закарыянын уулу Идо, Бенжемин уруусунуку Абинердин+ уулу Жасиел,
22 Дан уруусунуку Жерохамдын уулу Азарел. Булар Ысрайыл урууларынын төрөлөрү болгон.
23 Дөөтү 20 жана андан төмөнкү жаштагыларды санаган эмес, анткени Жахаба ысрайыл элин асмандагы жылдыздардай көбөйтөрүн убадалаган болчу.+
24 Зеруянын уулу Жоап элди санай баштаган, бирок аягына чыкпай калган. Ал элди санаганы үчүн, Кудай ысрайыл элине каарын төккөн.+ Ошон үчүн алардын саны Дөөтү падышанын убагындагы окуялар баяндалган билдирүүгө жазылган эмес.
25 Падышанын казыналарына+ Адиелдин уулу Азмабет, ал эми талаадагы, шаарлардагы, айыл-кыштактардагы жана мунаралардагы кампаларга* Узиянын уулу Жонатан жооптуу болгон.
26 Талаада жер иштеткендерге Келуптун уулу Эзри,
27 жүзүмзарларга рамалык Шимей, шарап сакталган жайларга шипмоттук Забди,
28 Шепеладагы+ зайтун бактары менен анжирлерге+ гедердик Баалканан, май сакталган жайларга Жоаш жооптуу болгон.
29 Шарондогу+ бодо малга шарондук Шитрай, өрөөндөрдөгү бодо малга Адлайдын уулу Шапат,
30 төөлөргө Ысмайылдын тукумдарынан болгон Обил, эшектерге мероноттук Жехдея,
31 майда малга агрылык Жазиз жооптуу болгон. Булардын баары Дөөтүнүн мал-мүлкүнө жооптуу болушкан.
32 Дөөтүнүн бир тууганынын баласы Жонатан+ акылдуу* киши болгон. Ал анын кеңешчиси, катчысы болуп кызмат кылган. Ахмондун уулу Жехиел болсо падышанын уулдарына кам көргөн.+
33 Акитопел+ падышанын кеңешчиси, ал эми архиттик Хушай+ досу* болгон.
34 Акитопелден кийин Бенаянын+ уулу Жоят менен Абыятар+ падышанын кеңешчилери болушкан. Жоап+ падышанын аскер башчысы болгон.