Жылнаама 1-китеп 28:1—21
28 Дөөтү Иерусалимге Ысрайылдын бүт төрөлөрүн: уруулардын төрөлөрүн, падышага кызмат кылган топтордун башчыларын,+ миң башыларды, жүз башыларды,+ падышанын бүт мал-мүлкү менен уулдарына+ жооптуу башчыларды,+ ошондой эле ак сарай кызматчыларын, күчтүү, жөндөмдүү кишилердин баарын чогултту.+
2 Анан ордунан туруп, мындай деди:
«Оо, элим, агайын-туугандарым, сөзүмө кулак салгыла. Менин Жахабанын келишим сандыгы коюла турган, Кудайыбыздын бут коё турган жери боло турган үй+ курайын деген каалоом бар эле. Ошондуктан курулушка керектүүнүн баарын даярдап койгон болчумун.+
3 Бирок чыныгы Кудай мага: „Сен менин ысмыма арнап үй курбайсың,+ анткени сен көп согушуп, кан төккөнсүң“,— деди.+
4 Ысрайылдын Кудайы Жахаба мени Ысрайылга түбөлүккө падыша болсун+ деп атамдын үйүндөгүлөрүнүн арасынан тандап алган. Ал Жүйүттү жол башчы кылып тандаган.+ Анан Жүйүт уруусунан атамдын үйүндөгүлөрүн+ тандап, атамдын уулдарынын арасынан мени бүт Ысрайылга падыша кылып дайындаган.+
5 Жахаба мага көп уул берди.+ Алардын арасынан уулум Сулайманды+ Жахабанын падышалык тактысында отуруп, Ысрайылды башкарышы үчүн тандап алды.+
6 Ал мага: „Менин үйүм менен короолорумду уулуң Сулайман курат, анткени мен аны өзүмө уул кылып тандап алдым, мен анын атасы болом.+
7 Эгерде ал азыркыдай эле менин осуяттарым менен мыйзамдарыма бекем карманса,+ мен анын падышалыгын түбөлүккө бекем кылам“,+— деди.
8 Эми бүт Ысрайылдын, Жахабанын элинин жана Кудайыбыздын алдында силерге айтарым: ушул жакшы жерди ээлеп,+ урпактарыңарга түбөлүккө мураска калтырышыңар үчүн Жахаба Кудайыңардын бардык осуяттарын изилдеп-түшүнгүлө, кылдат аткаргыла.
9 Уулум Сулайман, атаңдын Кудайын таанып-бил, ага бүт жүрөгүң,+ бүт жаның менен кызмат кыл, анткени Жахаба бүт адамдардын жүрөгүн изилдеп,+ ойлору менен каалоолорунун баарын билип турат.+ Эгерде аны издесең, табасың*,+ ал эми аны таштай турган болсоң, ал сени түбөлүккө таштап коёт.+
10 Эсиңде болсун, Жахаба сени ыйык жай боло турган үйдү курушуң үчүн тандап алды. Кайраттуу болуп, ишке кириш».
11 Андан кийин Дөөтү уулу Сулайманга ибадаткананын кире бериш бөлмөсүнүн+ жана башка бөлмөлөрүнүн, кампаларынын, үстүнкү бөлмөлөрүнүн, ички бөлмөлөрүнүн, күнөөдөн арылтуу бөлмөсүнүн*+ чиймесин+ берди.
12 Ал чыныгы Кудай ыйык руху аркылуу анын акылына салган ар бир нерсенин чиймесин: Жахабанын ибадатканасынын короолору+ менен тегерегиндеги ашканалардын, ибадаткананын казыналарынын жана Кудайга арналган буюмдар сакталган казыналардын+ чиймесин берди.
13 Андан сырткары, дин кызматчылар+ менен лебилердин топторуна, Жахабанын ибадатканасындагы кызматка байланышкан милдеттердин баарына жана Жахабанын ибадатканасындагы кызматта колдонулган буюм-тайымдарга тиешелүү көрсөтмөлөрдү берди.
14 Ал ар кандай кызматта колдонулган буюмдар жасала турган алтындын салмагын, ар кандай кызматта колдонулган күмүш буюмдардын салмагын,
15 алтын чыракпаялардын,+ алардын алтын чырактарынын, башка чыракпаялар менен алардын чырактарынын, ар кандай кызматта колдонулган күмүш чыракпаялар менен алардын чырактарынын салмагын,
16 үстү-үстүнө коюлган нандар турган үстөлдөргө,+ ар бир үстөлгө, кете турган алтындын, күмүш үстөлдөргө кете турган күмүштүн салмагын,
17 таза алтындан жасала турган айрылардын, табактардын, кумуралардын салмагын, алтындан жасала турган майда чөйчөктөрдүн+ ар биринин жана күмүштөн жасала турган майда чөйчөктөрдүн ар биринин салмагын,
18 жыпарзат түтөткүчкө+ кете турган таза алтындын салмагын, ошондой эле арабаны+ билдирген керуптарга, тактап айтканда, Жахабанын келишим сандыгын канаттары менен жаап турган алтын керуптарга+ кете турган таза алтындын салмагын айтты.
19 Анан Дөөтү: «Бул чиймени,+ курулушка байланышкан көрсөтмөлөрдүн баарын майда-чүйдөсүнө чейин жазып алышым үчүн,+ Жахаба мага акыл берип, жетектеп турду»,— деди.
20 Андан соң Дөөтү уулу Сулайманга: «Уулум, кайраттуу, бекем бол да, ишке кириш. Коркпо, анткени Жахаба Кудайым сени колдоп турат.+ Жахабанын үйүндөгү курулуш иши бүтмөйүн, ал сени калтырбайт да, таштабайт.+
21 Анын үстүнө, дин кызматчылар+ менен лебилердин+ топтору чыныгы Кудайдын үйүндөгү өздөрүнүн кызматын аткарганга даяр турат. Чебер усталарың да, кандай иш болбосун, аткарганга даяр.+ Төрөлөр+ менен эл болсо, эмне айтпа, баарын кылганга дилгир»,— деди.
Шилтемелер
^ Же: «ал өзүн тапканга жол берет».