Жылнаама 1-китеп 4:1—43
4 Жүйүттүн уулдары: Перес,+ Кесрон,+ Карми, Хур,+ Шобал.+
2 Шобалдын уулу Реайдан Жахат, Жахаттан Акумай менен Лахад төрөлгөн. Булардан соралыктар+ тараган.
3 Эйтамдын+ атасынын* Изреил, Ишма, Итпаш деген уулдары, Хатселелпони деген кызы болгон.
4 Ошондой эле андан Гедордун атасы Пенуел менен Хуштун атасы Эзер төрөлгөн. Булар — Эфратанын тун уулу, Бетлехемдин+ атасы Хурдун+ уулдары.
5 Текоянын+ атасы Ашкурдун+ Хела, Наара деген 2 аялы болгон.
6 Наара ага Акузамды, Хеперди, Темени, Акаштарды төрөп берген. Булар — Ашкурдун Наара төрөп берген уулдары.
7 Хела төрөгөн уулдары: Зерет, Итсар, Этан.
8 Коздон Ануп менен Зобеба төрөлгөн. Ошондой эле андан Харумдун уулу Ахархелдин тукумдары тараган.
9 Жабес* бир туугандарына караганда кадыр-барктуу болгон. Энеси: «Муну мен кыйналып жатып төрөдүм» — деп, анын атын Жабес койгон.
10 Жабес Ысрайылдын Кудайына кайрылып: «Оо, Кудай, мага батаңды берип, жеримди кеңейте көр! Зыян тартпашым үчүн, мага жардам берип, кырсыктан коргой көр!» — деп суранган. Кудай анын суранычын аткарган.
11 Шуханын бир тууганы Келуптан Эштондун атасы Мехир төрөлгөн.
12 Эштондон Бетрапа, Пасеах жана Ир-Нахаштын атасы Техина төрөлгөн. Булар — Реханын тургундары.
13 Кеназдын уулдары: Отниел+ менен Серая. Хатат Отниелдин уулу болгон.
14 Меонотайдан Опра төрөлгөн. Сераядан Ге-Харашимде* жашагандардын атасы Жоап төрөлгөн. Ал өрөөндүн ошентип аталганын себеби ал жакта жашагандар уста болушкан.
15 Жепундун уулу Калептин+ уулдары: Иру, Эла, Наам. Кеназ Эланын уулу болгон.
16 Жехелелелдин уулдары: Зип, Зипа, Тирия, Асарел.
17 Эсранын уулдары: Жетер, Мерет, Эпер, Жалон. Мереттин аялдарынын бири* Мириямды, Шамаяны жана Эштемонун атасы Ишпахты төрөгөн.
18 Булар — Мереттин аялы, фараондун кызы Битиянын уулдары. (Анын жүйүт аялы Гедордун атасы Жеретти, Соконун атасы Хеберди жана Заноахтын атасы Жекутиелди төрөп берген.)
19 Одиянын аялы Нахамдын бир тууганы болгон. Анын Одияга төрөп берген уулдары: гармиттиктер жашаган Кеиланын негиздөөчүсү менен маахаттык Эштемо.
20 Шымондун уулдары: Амнон, Рина, Бенканан, Тилон. Ишинин уулдары: Зохет менен Бензохет.
21 Жүйүттүн уулу Шелахтын+ уулдары: Леханын атасы Эр, Марешанын атасы Лада жана Ашбеянын тукумдарынан болгон, өзгөчө чебердик менен кездеме токуган кишилер,
22 Жоким, Хозебанын тургундары, мааптыктардан аял алган Жоаш менен Сарап жана Жашуби-Лекем. Бул — байыркы билдирүүлөрдөн алынган маалымат.
23 Алар Нетаим менен Гедерада жашап, падыша үчүн иштеген карапачылар болушкан.
24 Шымондун+ уулдары: Немуел, Жамин, Жарип, Зерак, Шабул.+
25 Шабулдан Шалум, Шалумдан Мипсам, Мипсамдан Мишма төрөлгөн.
26 Мишмадан Хамуел, Хамуелден Закур, Закурдан Шимей төрөлгөн.
27 Шимейдин 16 уулу, 6 кызы болгон, бирок анын туугандары мынчалык көп балалуу болгон эмес. Алардын уруусундагы бир да үй-бүлөнүн Жүйүт уруусундагы үй-бүлөлөрдүкүндөй көп уулу болгон эмес.+
28 Алар жашаган жерлер булар: Беир-Шеба,+ Молада,+ Хазар-Шуал,+
29 Била, Эсем,+ Толат,
30 Бетуел,+ Хорма,+ Сыклак,+
31 Бет-Маркабот, Хазар-Сусим,+ Бет-Бири, Шаарайым. Дөөтү падыша болгонго чейин, бул шаарлар аларга таандык болгон.
32 Алар дагы 5 шаарда: Эйтамда, Айында, Римондо, Тохенде, Ашанда+ жашаган.
33 Ал шаарлардын тегерегиндеги айыл-кыштактар Баалга чейин созулган. Булар — алардын санжырасы жана жашаган жерлери.
34 Шымондун башка тукумдары булар: Мешобап, Жамлек, Амазиянын уулу Жоша,
35 Жоел, Асиелдин чөбүрөсү, Сераянын небереси, Жошибиянын уулу Жеху,
36 Элионай, Жакып, Жешохая, Асая, Адиел, Жесимиел, Беная жана
37 Шипинин уулу Зиза. Шипи Алондун, Алон Жедаянын, Жедая Шимринин, Шимри Шемаянын уулу болгон.
38 Аттары аталып кеткен бул кишилер урук башчылары болгон. Алардын тукумуна кирген үй-бүлөлөр бир топ көбөйгөн.
39 Алар малына жайыт издеп, Гедордун кире беришине, өрөөндүн чыгышына чейин барышкан.
40 Акыры, алар кенен, тынч, коопсуз жерден оттуу, жакшы жайыт табышкан. Мурун ал жерде Хамдын тукумдары+ жашачу.
41 Аттары аталган бул кишилер ал жакка Жүйүт падышасы Хискиянын+ убагында барып, чатырларда жашаган Хамдын тукумдары менен меунимдерге кол салышкан. Алардын бирин да калтырбай кырып, жерине отурукташып алышкан, анткени ал жактын жайыты жайлуу болчу.
42 Шымондун урпактарынын арасынан 500 киши Сеир тоосуна+ барган. Аларды Ишинин уулдары Пелатия, Неария, Репая жана Узиел жетектеп барган.
43 Анан алар Амалыктын тукумдарынын аман калгандарын өлтүрүп,+ ошол жерге отурукташып алышкан. Алар ушул убакка чейин ошол жерде жашашат.
Шилтемелер
^ Бул бөлүмдөгү айрым аттар адамдарга эмес, жерлерге тиешелүү болушу мүмкүн. Андай учурларда «ата» деген сөз «негиздөөчү» дегенди билдириши ыктымал.
^ Бул ысым еврей тилиндеги «ооруп кыйналуу» дегенди билдирген сөз менен байланыштуу болушу мүмкүн.
^ Мааниси: «усталар өрөөнү».
^ Сөзмө-сөз: «Ал». Сыягы, 18-аяттагы Бития.