Жылнаама 1-китеп 6:1—81

  • Лебинин урпактары (1—30)

  • Ибадатканадагы ырчылар (31—47)

  • Арундун урпактары (48—53)

  • Лебилерге тийген жерлер (54—81)

6  Лебинин+ уулдары: Гершон, Каат,+ Мерари.+ 2  Кааттын уулдары: Амрам, Итсар,+ Хеброн, Узиел.+ 3  Амрамдын+ балдары: Арун,+ Муса,+ Мириям.+ Арундун уулдары: Надап, Абый,+ Элазар,+ Итамар.+ 4  Элазардан Пинехас,+ Пинехастан Абышуа төрөлгөн. 5  Абышуадан Буки, Букиден Узи төрөлгөн. 6  Узиден Зерахия, Зерахиядан Мераот төрөлгөн. 7  Мераоттон Амария, Амариядан Акитуп+ төрөлгөн. 8  Акитуптан Садок,+ Садоктон Акимаас+ төрөлгөн. 9  Акимаастан Азария, Азариядан Жоханан төрөлгөн. 10  Жоханандан Азария төрөлгөн. Ал Иерусалимдеги Сулайман курган ибадатканада дин кызматчы болгон. 11  Азариядан Амария, Амариядан Акитуп төрөлгөн. 12  Акитуптан Садок,+ Садоктон Шалум төрөлгөн. 13  Шалумдан Хилкия,+ Хилкиядан Азария төрөлгөн. 14  Азариядан Серая,+ Сераядан Жеосадак+ төрөлгөн. 15  Жахаба Жүйүт менен Иерусалимдин тургундарын Небухаданасардын колуна салып бергендиктен, ал аларды туткундап кеткен. Алардын арасында Жеосадак да болгон. 16  Лебинин уулдары: Гершом*, Каат, Мерари. 17  Гершомдун уулдары: Либни менен Шимей.+ 18  Кааттын уулдары: Амрам, Итсар, Хеброн, Узиел.+ 19  Мераринин уулдары: Махли менен Муши. Лебилердин урук башчылары булар:+ 20  Гершомдон+ Либни төрөлгөн. Либниден Жахат, Жахаттан Зима төрөлгөн. 21  Зимадан Жоах, Жоахтан Идо, Идодон Зерак, Зерактан Жеатрай төрөлгөн. 22  Кааттын урпактары*: уулу Аминадап, Аминадаптын уулу Корак,+ Корактын уулу Асир. 23  Асирден Элкана, Элканадан Эбиасап,+ Эбиасаптан Асир төрөлгөн. 24  Асирден Тахат, Тахаттан Уриел, Уриелден Узия, Узиядан Шабул төрөлгөн. 25  Элкананын уулдары: Амасай менен Акимот. 26  Зопай башка Элкананын уулу болгон. Зопайдан Нахат төрөлгөн. 27  Нахаттан Элиап, Элиаптан Жерохам, Жерохамдан Элкана+ төрөлгөн. 28  Шемуелдин+ уулдары: тун уулу — Жоел, экинчиси Абия.+ 29  Мераринин урпактары*: уулу Махли,+ Махлинин уулу Либни, Либнинин уулу Шимей. Шимейден Уза төрөлгөн. 30  Узадан Шима, Шимадан Хагая, Хагаядан Асая төрөлгөн. 31  Келишим сандыгы Жахабанын ыйык чатырына* коюлгандан кийин, Дөөтү ал жерде ырдай тургандарга башчыларды дайындаган.+ 32  Сулайман Иерусалимге Жахабанын ибадатканасын курганга чейин,+ алар ыйык чатырдын, тактап айтканда, жолугушуу чатырынын алдында ыр ырдалышына жооптуу болушкан. Ар бири өздөрүнө тапшырылган кызматын жол-жобосу боюнча так аткарган.+ 33  Алардын жана алар менен чогуу кызмат кылган уулдарынын аттары булар: Кааттын уулдарынан ырчы Хеман.+ Ал Жоелдин,+ Жоел Шемуелдин уулу болгон. 34  Шемуел Элкананын,+ Элкана Жерохамдын, Жерохам Элиелдин, Элиел Тоахтын уулу болгон. 35  Тоах Зуптун, Зуп Элкананын, Элкана Махаттын, Махат Амасайдын уулу болгон. 36  Амасай Элкананын, Элкана Жоелдин, Жоел Азариянын, Азария Сепаниянын уулу болгон. 37  Сепания Тахаттын, Тахат Асирдин, Асир Эбиасаптын, Эбиасап Корактын уулу болгон. 38  Корак Итсардын, Итсар Кааттын, Каат Лебинин, Леби Ысрайылдын уулу болгон. 39  Хемандын оң жагында Асап+ деген леби турчу. Асап Шиманын небереси, Берекиянын уулу болгон. 40  Шима Микеилдин, Микеил Баасеянын, Баасея Малкиянын уулу болгон. 41  Малкия Этнинин, Этни Зерактын, Зерак Адаянын уулу болгон. 42  Адая Этандын, Этан Зиманын, Зима Шимейдин уулу болгон. 43  Шимей Жахаттын, Жахат Гершомдун, Гершом Лебинин уулу болгон. 44  Хемандын сол жагында Мераринин+ урпактарынан болгон лебилер турчу. Алардын бири — Кишинин уулу Этан.+ Киши Абдынын, Абды Малухтун уулу болгон. 45  Малух Хашабиянын, Хашабия Амазиянын, Амазия Хилкиянын уулу болгон. 46  Хилкия Амзинин, Амзи Банинин, Бани Шемердин уулу болгон. 47  Шемер Махлинин, Махли Мушинин, Муши Мераринин, Мерари Лебинин уулу болгон. 48  Башка лебилер болсо ыйык чатырда, чыныгы Кудайдын үйүндө, ар кандай кызматтарды аткарганга дайындалган.+ 49  Арун менен анын уулдары,+ чыныгы Кудайдын кызматчысы Мусанын буйругу боюнча, Ысрайылды күнөөдөн арылтыш үчүн+ жана абдан ыйык нерселерге байланышкан бардык милдеттерин аткарыш үчүн бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар+ чалынчу курмандык жайы менен жыпарзат түтөткүчтүн үстүндө курмандык түтүнүн түтөтүшчү.+ 50  Арундун урпактары булар:+ уулу Элазар,+ Элазардын уулу Пинехас, Пинехастын уулу Абышуа. 51  Абышуанын уулу Буки, Букинин уулу Узи, Узинин уулу Зерахия болгон. 52  Зерахиянын уулу Мераот, Мераоттун уулу Амария, Амариянын уулу Акитуп+ болгон. 53  Акитуптун уулу Садок,+ Садоктун уулу Акимаас болгон. 54  Кааттын тукумдарынан болгон Арундун урпактары өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактагы конуштарда* жашашкан. Өкчөмө таш ыргытылганда адегенде аларга түшкөн. 55  Ошентип, Жүйүт жериндеги Хеброн+ жана анын тегерегиндеги жерлер аларга тийген. 56  Ал эми ал шаарга караштуу талаа менен айыл-кыштактар Жепундун уулу Калепке берилген.+ 57  Арундун урпактарына баш калкалай турган шаар*,+ тактап айтканда, Хеброн,+ андан сырткары Либна+ менен анын тегерегиндеги жерлер, Жатир+ жана Эштемо тегерегиндеги жерлери менен берилген.+ 58  Ошондой эле аларга Хилен, Дебир+ жана алардын тегерегиндеги жерлер, 59  Ашан,+ Бет-Шемеш+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген. 60  Бенжемин уруусуна таандык жерден аларга Геба,+ Алемет, Анатот+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген. Алардын үй-бүлөлөрүнө бардыгы болуп 13 шаар берилген.+ 61  Өкчөмө таш ыргытылганда Кааттын калган урпактарына 10 шаар тийген. Ал шаарлар башка уруулардагы үй-бүлөлөргө жана Менаше уруусунун жарымына таандык жерден берилген.+ 62  Гершомдун урпактары менен алардын үй-бүлөлөрүнө Исахар, Ашыр, Напталы урууларына жана Башандагы Менаше уруусуна таандык жерлерден 13 шаар берилген.+ 63  Мераринин урпактары менен алардын үй-бүлөлөрүнө Рубейин, Гат жана Забулун урууларына таандык жерлерден 12 шаар берилген.+ 64  Ошентип, ысрайылдыктар лебилерге ушул шаарлар менен алардын тегерегиндеги жерлерди беришкен.+ 65  Ошондой эле өкчөмө таш ыргытылганда аларга Жүйүт, Шымон жана Бенжемин урууларына таандык жерлерден да шаарлар берилген. 66  Кааттын айрым урпактары менен үй-бүлөлөрүнө Эпрайым уруусуна таандык жерден шаарлар тийген.+ 67  Аларга Эпрайым уруусуна караштуу тоолуу аймактагы баш калкалай турган шаар*, тактап айтканда, Шекем+ менен анын тегерегиндеги жерлер, Гезер+ менен анын тегерегиндеги жерлер, 68  Жокмеим, Бет-Орон+ жана алардын тегерегиндеги жерлер, 69  Айлон,+ Гат-Римон+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген. 70  Кааттын калган урпактары менен үй-бүлөлөрүнө Менаше уруусунун жарымына таандык жерден Анер, Билам жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген. 71  Гершомдун урпактарына Менаше уруусунун жарымына таандык жерден Башандагы Голан+ менен анын тегерегиндеги жерлер, Аштарот менен анын тегерегиндеги жерлер берилген.+ 72  Исахар уруусуна караштуу жерден Кедеш, Даберат+ жана алардын тегерегиндеги жерлер,+ 73  Рамот, Анем жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген. 74  Ашыр уруусунун жеринен Машал, Абдон жана алардын тегерегиндеги жерлер,+ 75  Хукок, Рекоп+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген. 76  Напталы уруусуна таандык жерден Галилеядагы+ Кедеш+ менен анын тегерегиндеги жерлер, Хамон, Кириатайым жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген. 77  Мераринин калган урпактарына Забулун уруусуна караштуу жерден+ Римоно, Табор жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген. 78  Жерихонун жанындагы Иордан аймагынан, Иордандан чыгышты карай Рубейин уруусунун жеринен, чөлдөгү Безер менен анын тегерегиндеги жерлер, Жаас+ менен анын тегерегиндеги жерлер, 79  Кедемот,+ Мепат жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген. 80  Гат уруусуна таандык жерден Гилаттагы Рамот менен анын тегерегиндеги жерлер, Маханаим+ менен анын тегерегиндеги жерлер, 81  Хешпон,+ Жазер+ жана алардын тегерегиндеги жерлер берилген.

Шилтемелер

1-аятта «Гершон».
Сөзмө-сөз: «уулдары».
Сөзмө-сөз: «уулдары».
Сөзмө-сөз: «үйүнө».
Же: «дубал менен курчалган конуштарында».
Сөзмө-сөз: «шаарлар».
Сөзмө-сөз: «шаарлар».