Жылнаама 1-китеп 7:1—40
7 Исахардын Тола, Пуя, Жашуп, Шимрон+ деген 4 уулу болгон.
2 Толанын уулдары: Узи, Репая, Жериел, Жахмай, Ипсам, Шемуел. Булар урук башчылары болушкан. Толанын тукумдары күчтүү жоокерлер болушкан. Дөөтүнүн убагында алардын саны 22 600 болгон.
3 Узинин урпактары: Израхия менен анын уулдары Микеил, Обадия, Жоел, Ишия. Бешөө тең урук башчылары болушкан.
4 Алардын ата-теги, тукуму боюнча бөлүнгөн аскеринде согушканга жарактуу 36 000 жоокери болгон, анткени алардын аялдары менен уулдары көп болчу.
5 Алардын Исахар уруусундагы туугандары күчтүү жоокерлер болушкан. Санжырага киргендеринин жалпы саны 87 000 болгон.+
6 Бенжеминдин+ Бела,+ Бехер,+ Жедаел+ деген 3 уулу болгон.
7 Беланын Эзбон, Узи, Узиел, Жеримот, Ири деген 5 уулу болгон. Алар урук башчылары, күчтүү жоокерлер эле. Санжырага киргендеринин саны 22 034 болгон.+
8 Бехердин уулдары: Земира, Жоаш, Элиезер, Элионай, Омри, Жеремот, Абия, Анатот, Алемет. Булардын баары Бехердин уулдары болгон.
9 Урук башчылары менен алардын урпактарынын санжырасына ылайык, күчтүү жоокерлеринин саны 20 200 болгон.
10 Билган Жедаелдин+ уулу болгон. Билгандын уулдары: Жеуш, Бенжемин, Эут, Кенаана, Зетан, Таршыш, Акишакар.
11 Урук башчыларынын санжырасы боюнча, Жедаелдин урпактарынын* арасында аскер кызматына жарактуу, согушка даяр турган 17 200 күчтүү жоокер болгон.
12 Ирдин+ уулдары: Шупим менен Хупим. Хушим Ахердин тукуму болгон.
13 Напталынын+ уулдары: Жахсиел, Гуни, Жесер, Шалум. Булар Биланын+ урпактары болгон.
14 Менашенин+ сириялык токолу төрөп берген Асриел деген уулу болгон. (Ал токолу Гилаттын атасы Махирди+ да төрөгөн.
15 Махир Хупим менен Шупимге аял алып берген. Анын Мааха деген бир тууганы болгон.) Экинчи уулунун аты Салапат+ болгон. Салапаттын кыздары гана болгон.+
16 Махирдин аялы Мааха уул төрөп, атын Переш койгон. Анын бир тууганынын аты Шереш болгон. Анын уулдары: Улам менен Рекем.
17 Бедан Уламдын уулу болгон. Булар — Менашенин небереси, Махирдин уулу Гилаттын урпактары.
18 Гилаттын Хамолехет деген бир тууганы Ишотту, Абиезерди, Махланы төрөгөн.
19 Шемитанын уулдары: Ахиан, Шекем, Лики, Аниям.
20 Шутелах Эпрайымдын+ уулу болгон. Шутелахтын+ уулу Берет, Береттин уулу Тахат, Тахаттын уулу Элеат, Элеаттын уулу Тахат болгон.
21 Тахаттын уулу Забат, Забаттын уулу Шутелах болгон. Эзер менен Элат да анын уулдары болгон. Экөө Гаттын+ тургундарынын малын тартып алганы барышканда, алар экөөнү тең өлтүрүп коюшкан.
22 Эпрайым ал уулдарын жоктоп көп күн ыйлаган. Ошондо туугандары аны соороткону келишкен.
23 Андан кийин ал аялы менен болуп, аялынын боюна бүтүп, уул төрөгөн. Ал уулу үйүндө жамандык болгондо төрөлгөндүктөн, атын Берия* деп койгон.
24 Анын Шейра деген кызы болгон. Ал Төмөнкү+ Бет-Орон менен Жогорку Бет-Оронду,+ Узен-Шейраны курган.
25 Репа менен Решеп Эпрайымдын тукумдары болгон. Решептен Телах, Телахтан Тахан төрөлгөн.
26 Тахандан Ладан, Ладандан Амиют, Амиюттан Элишама төрөлгөн.
27 Элишамадан Нун, Нундан Жашыя*+ төрөлгөн.
28 Алар жашаган жерлер: Бейтел+ менен ага караштуу шаарлар, чыгыш жактагы Нааран, батыштагы Гезер жана ага караштуу шаарлар, Шекем, Айя* жана аларга караштуу шаарлар,
29 Менашенин урпактарынын жерине жакын жайгашкан Бет-Шеан+ жана ага караштуу шаарлар, Таанах,+ Мегидо,+ Дор+ жана аларга караштуу шаарлар. Ысрайылдын уулу Жусуптун урпактары ушул шаарларда жашашкан.
30 Ашырдын уулдары: Имнак, Ишба, Ишби, Берия.+ Анын Серак деген кызы да болгон.+
31 Бериянын уулдары: Хебер менен Малкиел. Малкиелден Бирзаит төрөлгөн.
32 Хеберден Жаплет, Шомер, Хотам төрөлгөн. Анын Шуа деген кызы да болгон.
33 Жаплеттин уулдары: Пасах, Бимгал, Ашбат. Булар Жаплеттин уулдары болгон.
34 Шемердин* уулдары: Аки, Рага, Жехуба, Арам.
35 Шемердин бир тууганы Хелемдин* уулдары: Зопах, Имна, Шелеш, Амал.
36 Зопахтын уулдары: Суах, Харнепер, Шуал, Бери, Имра,
37 Безер, От, Шама, Шилша, Итран, Бера.
38 Жетердин уулдары: Жепун, Писпа, Ара.
39 Уланын уулдары: Арах, Ханиел, Рисия.
40 Булардын баары Ашырдын уулдары, күчтүү, тандамал урук башчылары, аскер башчыларынын башчылары болушкан. Алардын санжырага кирген,+ согушканга жарактуу кишилеринин саны 26 000 болгон.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «уулдарынын».
^ Мааниси: «жамандык болгондо».
^ Же: «Жехошуя». Мааниси: «Жахаба — куткаруучу».
^ Же балким: «Газа». Бирок Пелиштидеги Газа эмес.
^ 32-аятта «Шомер» делет.
^ Сыягы, 32-аяттагы Хотам.