Жылнаама 1-китеп 8:1—40
8 Бенжеминдин+ уулдары: тун уулу — Бела,+ экинчиси Ашбел,+ үчүнчүсү Ахара,
2 төртүнчүсү Ноха, бешинчиси Рапа.
3 Беланын уулдары: Адар, Гера,+ Абыют,
4 Абышуа, Нааман, Акояк,
5 Гера, Шепупам, Хурам.
6 Эуттун уулдары, тактап айтканда, Гебада+ жашап, кийин Манахатка көчүрүлгөндөрдүн урук башчылары булар:
7 Нааман, Ахия жана аларды көчүрүп кеткен Гера. Анын Уза, Акиут деген уулдары болгон.
8 Шахарайым мааптыктарды кууп чыккандан кийин Маап жеринде балалуу болгон. Анын Хушим, Баара деген аялдары болгон*.
9 Ходеш деген аялы ага Жобапты, Зибияны, Мешаны, Малкамды,
10 Жеусту, Сахейди, Мирманы төрөп берген. Анын уулдары урук башчылары болгон.
11 Хушим ага Абытуп менен Элпаалды төрөп берген.
12 Элпаалдын уулдары: Эбер, Мишам, ошондой эле Оно+ менен Лотту+ жана ага караштуу шаарларды курган Шемет,
13 Берия, Шема. Алар Айлондо+ жашагандардын урук башчылары болгон. Алар Гаттын тургундарын кууп чыгышкан.
14 Ахио, Шашак, Жеремот,
15 Зебадия, Арат, Эдер,
16 Микеил, Ишпа, Жоха Бериянын уулдары болгон.
17 Зебадия, Мешулам, Хиски, Хебер,
18 Ишмерай, Излия, Жобап Элпаалдын уулдары болгон.
19 Жаким, Зихри, Забди,
20 Элиенай, Зилтай, Элиел,
21 Адая, Берая, Шимрат Шимейдин уулдары болгон.
22 Ишпан, Эбер, Элиел,
23 Абдон, Зихри, Ханан,
24 Ханания, Эйлам, Антотия,
25 Иптея, Пенуел Шашактын уулдары болгон.
26 Шамшерай, Шехария, Аталея,
27 Жарешия, Илияс, Зихри Жерохамдын уулдары болгон.
28 Булар — Иерусалимде жашаган жана ата-теги боюнча санжырага кирген урук башчылары.
29 Гибондун атасы Жиел Гибондо+ жашаган. Анын аялынын аты Мааха+ болгон.
30 Анын уулдары: тун уулу — Абдон, андан кийинкилери — Зур, Киш, Баал, Надап,
31 Гедор, Ахио, Зехер.
32 Миклоттон Шимеа төрөлгөн. Алардын баары Иерусалимде уруулаштарынын жанында жашашкан.
33 Неирден+ Киш төрөлгөн. Киштен Шабул,+ Шабулдан Жонатан,+ Малкишуа,+ Абынадап,+ Эшбаал*+ төрөлгөн.
34 Жонатандан Мерибаал*,+ Мерибаалдан Микей+ төрөлгөн.
35 Микейдин уулдары: Питон, Мелек, Тарея, Ахаз.
36 Ахаздан Жеада төрөлгөн. Жеададан Алемет, Азмабет, Зимри төрөлгөн. Зимриден Моза төрөлгөн.
37 Мозадан Бинеа, Бинеадан Рапах, Рапахтан Элеас, Элеастан Азел төрөлгөн.
38 Азелдин Азрикам, Бохру, Ысмайыл, Шеария, Обадия, Ханан деген алты уулу болгон. Булардын баары Азелдин уулдары болгон.
39 Анын бир тууганы Ийшектин уулдары: тун уулу — Улам, экинчиси Жеуш, үчүнчүсү Элипелет.
40 Уламдын уулдары жааны мыкты тарткан күчтүү жоокерлер болушкан. Алардын уулдары менен неберелери көп болгон. Баарын эсептегенде, саны 150гө жеткен. Алардын баары Бенжеминдин урпактары болгон.
Шилтемелер
^ Же балким: «Шахарайым Хушим, Баара деген аялдарын кетирип жибергенден кийин Маап жеринде балалуу болгон».
^ Ишпошет деген да аты бар.
^ Мепибешет деген да аты бар.